повесть

Касымалы Баялинов: Ажар

повесть

 

— Муну кожоюндун катынынан жалынып-жалбарып жатып, араң сурап алдым. Акысына кир жууп бермекчи болдум, — деди Батма.

 

Куурайдын жартысын, унду эртеңкиге калтырышып, жүгөрүнү кууруп жешти. Мурат андан көп жеп коюп, ичи көөп, эртеси ичи өтүп ооруп калды. Батма да кожоюнунун кирин жууп, бир күн кечке тышта болуп ооруга чалдыкты. Турмуш кыйындады. Бир үйдө эки оорулуу болду. Батманын оорусу күчөдү. Төшөктөн тура албай калды. Бүткөн бою ысып тердеп, кыңкыстап, онтолоп таң атканча жөөлүп чыгат. Эки сөзүнүн биринде айтканы — Ажар.

 

— Жалгызым… кызым… сен кантесиң?.. Келчи мага!.. Окко учту… Айткул ай!.. Кайдасың?.. Ажарды алчы… алчы!.. Үшүдүңбү?.. Кууруп берейинби?..

Ажарда жан жок. Жүрөгү элеп-желеп болуп, алып учуп, бир нерсе сезгендей, билгендей болот. Энесин кучактагысы, ыйлагысы, сүйгүсү келет.

 

— Теңир ай, мен сыяктуу жетимдин тилегин кабыл кылып, жарыктык апамдын алтын жанын аман кыла көр! — деп, көз кылгыртып, Ажар күн-түн энесинин кашында. Бирок шордуу Ажардын тилеги кабыл болбоду. Батма тилден калды. Ажар ыйлап, энесинин башын кучактап:

 

— Апа, жаным апа! Ойгонсоң, көзүңдү ачсаң… мени карачы, мен кантем? Менин күнүм эмне болот? Бир ооз бирдеме десең? — деди. Батма көзүн акырын ачып, Ажарды карап, бир нерсе айтмакчы болуп: «А-а-жар» — деди. Бирок тили күрмөлүүгө келбеди. Сөзү токтолду. Көкүрөгүн көтөрүп, эң соңку демин алды. Жан берди… Ажар апакелеп, боздоп ыйлады. Анын көз жашын көрүп, муңдуу үнүн угуп, келген качкын кыргыздардын баары да ыйлашты. Козубек Айша менен Ажарды ээрчитип, дагы эки-үч киши менен өлүктү жогоруда айтылган көп бейиттин жанына коюп кайтты.

 

Эми Ажар толук жетим. Ажарда ата да, эне да жок. Ажар турмуш туткуну, турмуш кулу. Ажарга көрүнгөн ээ, көрүнгөн бий. Март айы жаңырды. Жаз чыкты, сөөк жукарды. Качкын элдер бирин-эки малын, буюмдарын сатып, кыштан эптеп чыгышты. Эми кара баштарынан башка эчтемелери калбай калды. Тамак издеп, туш-туш жакка тентип кете башташты. Басууга да, арийне курсактын тогу, кийимдин бүтүнү керек го, кийим дегенден буларда эч нерсе жок. Үстүлөрүндө тынччылыкта жасатып кийген эле кийимдери. Алары да жазгы койдун жүнүндөй самсаалап, тамтыктары кетип, жыртылган. Жол боюнда ак шишик болуп өлүп жаткан кыргыздар: ыңгыранып, кынжыйып, арыгынан баса албай келе жаткан катын-балдар. Колдон-колго өтүп, сатылып жаткан кыргыздын кыздары, балдары. Баасы—бир кап жүгөрү. Оо, дүйнө ай! Ал күнкү окуялар кайсы кыргыздын баласынын оюнан кете коёр экен? Талыптын оорусу да күчөдү. Бүткөн боюн ак шишик алды. Марттын орто ченинде ал да өлдү. Мүрзөлүк жерди сатып ал деп, турпандыктар өлүктү Батманын жанына койдурушпады. Сатып алууга Козубекке пул кайда? Ичээр-жээрге жок, өздөрү өлүм алдында олтурушат. Жанга көрүнбөй, таң алды менен барып, бир тамдын бооруна өлүктү көөмп, Козубек кайтты. Элдин бир сыпырасы жөөлөп-жалаңдап, Какшаалдагы кыргыздарга кетмекчи болушту. Козубек да кетмекчи болду. Бирок Козубекти Сабитакун көчүрбөдү. Кыштан берки болбогон жалган чыгымын айтып, берген бир чымчым чайы, бир ичим көжөсү болсо да доолады. Козубек анын бутуна жыгылды, жалынды, жалбарды. Акысы болсо да, кечип коюшун сурады. Ага Сабитакун болгон жок. Райымсыз ажары менен каарын төктү. Коркутту. Бербесе, шаңыяга (болушуна) билгизип, набакка солоторун уктурду. Козубек кыйналды-кысталды, эмне кыларын билбеди. Жашыган санаалуу ою алып учуп, тоо-ташка урунду.

 

— Ээ, катын!

 

— Эмне?

 

— Курсактын ачынан да Сабитакундуку өтүп кетти, кандай кылабыз?

 

— Мен кайдан билейин?

 

— Ажарды ага сатсак кантет? Сат деп жатат.

 

— Койчу? Айша секирип кетти. Батманын өлөрүндө Ажарды тапшырып, айтып кеткен керээзи эсине түшүп, эрине бир нерсе айтмакчы болду эле, эшиктен келе жаткан буттун табышы угулду. — Акырын, укпасын, келе жатат! — деди Козубек. Бул табыш — Ажардыкы.

 

08.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.