повесть
Касымалы Баялинов: Ажар
— Ушул жерден аламан койгула. Качканыңар болсо, атып таштайм — деп, жигиттери менен элди камчынын алдына алып кекетти. Бир мезгилде солдаттардан кырктай киши бөлүнүп, биздин келген жолубузду бет алды. Сыягы, биздин жолду буумакчы болсо керек эле. Журт удургуй түштү. «Аламан койгула» — деп кыйкырган хандын үнү чыкты. Кимди ким көрдү, аламандап кыйкырып, солдаттарды качырып сала бердик. Алар да шашып калды, кайта качышты. Ай, биз оңбойбуз го! Эгерде биз иреттүү, тартиптүү ошол солдаттардай боло турган болсок, биз аларды алып коймокчу элек. Солдаттарга жакындап кирип барганыбызда, бир-эки киши кайта качып жөнөдү. Ал аны көрүп, биз да качтык. Качып бара жаткан солдаттар кайта бурулуп, тарсылдактын алдына алышты. Көзүң жамандыкты көрбөсүн, туш-тушубуздан ок зуулдап өтүп жатты. Чиркин, жан деген таттуу го, атына ок тийип, кишиси жөө калып, аттуулар менен тең чуркагандар болду; кишисине ок тийип, атынын боорунда сүйрөтүлүп жүргөндөр да болду. Кыскасы, биз боо түшүп калдык. Кийин эсеп кылсак 72 кишибиз өлгөн экен. Журт кача турган болду. Хан болбой:
— Жакын келсин, эми бир аламан коюп көргүлө! — деп, каарын төгүп туруп алды.
— Жакын келтирип, союлуң менен уруп ала тургандай, сен аларды бөдөнө көрүп турасыңбы? Алар — биз эмес. Алар баштуу, тартиптүү солдат деген болот. Колдорунда биздикиндей союлу жок, мылтыгы бар, жабдыктуу. Биз аларга тең боло албайбыз. Ушунча кишинии убалына калганың да жетишер, — деп Жапаркул хан менен уруша кетти. Хандын бул кезде каны суюлуп, иштөөгө иш, урушууга киши таппай турган кези эле. Жапаркулду камчы менен жон талаштыра эки-үч курдай чаап жиберди. Мындай кордукка Жапаркул кантип чыдап тура алат?.. Тосуп туруп кайра аны бир чапты. Жапаркулдун камчысы хандын бетине тийип, бетин айрып кетти. «Жеп салды, ат!» деген хандын үнү угулду. Мылтык тарс этти. Карай салсам, Жапаркул жерде сулап жаткан экен. Эл чогулуп калды. Мен түшө калып, Жапаркулдун башын жөлөдүм, ыйлап жибердим… Журт өлүккө үймөлөктөшүп турган кезде, солдаттардын топту байлап аткан мылтыктарынын үнү чыкты. Арабыздан эки киши аттан кулап, Жапаркулдун жанына жыгылды. Токтоп тура албадык, качтык…»
Ушинтип Кулубай сөзүн бүтүргөндө, Көбөгөн кемпири экөө боздоп, өксөп ыйлаган. Экинчи айылдагы ый дегенибиздин мааниси ушул болучу.
Эл кымгуут болуп көчүп жөнөдү. Батма бирии-экин жүгүн Айткулу айткан көк өгүзгө жүктөп, Ажарды анын үстүнө мингизип, өзү жетелеп алып, эл менен бирге кетти.
Ар бир айыл манаптарынын өздөрүнчө ылайыкталып жасалган желектери бар. Сагындын желеги ак болучу. Сагын көчтүн алдына келип, ылайыктуу конуш таап, желекти мыктап жерге сайдыруучу. Арттагы көчтөр желекке келип жыйналып, тарап конушчу. Адашкан бала-бакыралар да желек менен үйлөрүн табыша турган. Бир күнү көчтө Батманын өгүзү мүдүрүлүп жыгылып кетип, жүгү ооп, үстүнөн Ажар учуп түштү. Батма бакырып барып баласын кучактай калды, анын бактысына Ажардын эти гана ооруп, эч бир жери майып болгону жок. Батма боз ала чаң болуп, аман-эсен ордунан күлүп тура калган баласын көрүп, аябай кубанды.
Ажарга өгүздүн мурунтугун карматып коюп, канча аракет кылса да, жалгыз арта албай койду. Кимге ким карасын, тиги көчтөгүлөр да, бул көчтөгүлөр да Батмага кылчайып карашканы жок. Көчтүн артында кырчаңгы, арык тору атка эмерегин артып, кемпири жетелеп, өзү атты айдап, таяк таянып, бүкчүңдөп кетип бара жаткан Көбөгөн абышка кездешти. Батманы башта эле таанычу: Айткулунун өлгөнүн да уккан. Ал токтоп, кемпири экөөлөп жатып, Батманын жүгүн артышып берди. Батма Көбөгөн менен бирге жөнөдү. Бир кезде асынган мылтыктары бар бир топ атчан кишилер булардын жанынан кыя салып өтө беришти. Алардын бирөөнө барып, Көбөгөн:
— Өлтүр мени, мени да өлтүр! Маңдайыбызга бүткөн жалгыз балабыздан ажыратып, минтип бизди боздоттуң, кудай сени да боздотсун. Катын-балаңдын күнүн көрбөй ач бел, куу жолдо өл! — деп, чылбырына оролуп, сүйрөлүп калды. Бул — бизге тааныш, Жапаркулду өлтүрткөн Жакыпбек хан. Хан илгери бастырайын десе да Көбөгөн бастыртпады, буркан-шаркан түшүп, кыйкырып, өкүрүп, ыйлап жатып алды. Жакыпбектин ачуусу келди. Атынан түшүп, абышканын эки колун эки жигитине карматып алып аябай сабады. Шордуу кемпири да абышкасына болуша кетти, атын таштай чуркап, таянып келе жаткан колундагы сынык ыргай сабоосу менен ханды чаап жиберди. Ал «ханга колу тийди» деп, жигиттери кемпирди да тепкинин алдына алышты. Жакыпбек жигиттери менен абышка, кемпирди моокуму канганча аябай урду да кылчайбастан, өз жолу менен, жүрүп кете берди. Артынан каргап-шилеп, боздоп-ыйлап абышка, кемпир калышты. Аларга кошулуп, Батма да ыйлады. Батманы көрүп Ажар да ыйлады.