повесть

Касымалы Баялинов: Ажар

повесть

 

— Баатыр, мени иретке чыксын деген экенсиз, бирок мен чыга ала турган эмесмин. Үйүмдө мына бул турган чычкандай жалгыз кызымдан башка бүлөм жок. Минтип, ар ким өзү өлбөс камын кылып, журт бүлүнүп, жоо жакадан алып турган кезде, катынбаламды чыркыратып кайда, кимге таштайм? Мен бара албайм, мени коюңуз, башка бүлөлүү элден жибериңиз. Тиги Алымкулдун ортон колдой эки уулу да барбай калып олтурбайбы? Адилеттик кылып, ошого окшогондордон чыгарыңыз, — деди Айткулу.

 

— Чык, эшикке, ит! Сен Алымкулга тең келгиң келген экен, ээ! Муну көрбөйсүңбү?! Сен ким, Алымкул ким? Муну билесиңби? Эртеңден калбай аттанасың! — деп, Сагын Айткулуну үйүнөн кууп чыккан.

 

Алымкул Сагындын жакыны жана байы. Сагын жалаң гана Алымкул эмес, Алымкулга окшогон өзүнө жакын далай бай, манаптын балдарын иретке чыгарткан жок. Иретке чыккан өңчөй кедейлер, кедейдин балдары.

 

— Айткулу, аттан!

 

Эртең мененки алачыктын сыртынан чыккан Сагындын жигитинин ачуулуу үнү Айткулуну уйкусунан ойготту. Айткулу төшөгүнөн шашып турду. Кийинди, белин мыктап курчанды. Куруна күздө бир кап арпа берейин деп, Эдилбай устага жасатып алган айбалтаны кыстарды. Алдына алып, Ажарды бетинен өптү. Ажар жумшак, ичке үнү менен ыйламсырап:

 

— Атаке, кайда барасың? — деди.

 

— Садагасы, ыраак барбайм, келем. Бирок анын үнү каргылданып, жүрөгүндө бир коркунуч бар экендигин билгизет. Ал азыркы кеткен бойдон, кайтып үйүнө келбестей, Ажарды алып эркелетип, бүгүнкүдөй сүйбөстөй, мындан ары Батма менен ойноп-күлүп, өмүр сүрбөстөй жүрөгү элепжелеп болуп, алып учуп токтолбоду. Эшикке чыгып бара жатып:

 

— Эл көчүп калса, жүгүңдү көк өгүзгө жүктөп, Ажарды үстүнө мингизип ал. Көчтөн калба. Алда кандай заман болот. Көтмалдыга падышанын салдаттары келди деген кабар бар, биз ошолорду бет алып кетип бара жатабыз, кайыр, кош! —деди.

 

— «Алда кандай заман болот» деп, жаман жороону баштабай, койсоңчу. —Батма эрине кайрат айткан болду. Бирок аны да бир коркуу сезими баскан сыяктанды.

 

— Батма эшикке чыгып, күйөөсүн атказды. Айткулу кызыл-тазыл желек кармап, көлдү бет алып, кылкылдап кетип бара жаткан калың элге барып кошулду. Айткулунун кеткенине үчүнчү күн болгондо, эл эртең менен бака-шака түшүп, жапырт көчүп калды. Аскерликке кеткен жигиттер да качып келип, айыл-айылына тарады. Айткулу менен бирге кеткен жигиттер да келишти. Бирок Айткулу жок. Айткулуну көрүү ордуна, «Айткулу окко учту» деген суук сөз Батманын кулагына угулду. Батма бакырып ыйлап жиберди. Ажар да ыйлады. Айыл-ападагылар келип:

 

— Нээти дурус киши эле, шейит болду, жаны жаннатта болсун. Мындай өлүмгө ыйлаган болбойт, ыйлабагыла! — дешип, Батма менен Ажарга кайрат айткан болушту; райымдуу, жылуу жүздөрү менен каршы алып, жер каратпай, аларды көптөн багып ала турган сыяктанышты.

 

Батма менен Ажардын ыйына кошулуп, экинчи айылда дагы бир ый пайда болду. Айткулуга кошулуп, Көбөгөн абышканын баласы Жапаркул да окко учкан. Бирок ал душман колдуу болбой, өз колдуу болуп өлгөн. Бул тууралуу сөз укмакчы болушуп, Жапаркул менен бирге барган Кулубайды айылдагы абышка кемпир, катын-балдар тегеректеп алышты.

 

— «Беш жүзгө жакын киши элек, — деп сөз баштады Кулубай. — Биз көлгө түшүп, Жел Тийбестеги Кулумбайдын багына келип токтодук. Ичибизде беш кана бардеңке, он-чакты бараң мылтыгыбыз бар; калгандарынын колунда найза, кылыч, айбалта, союл, чокмор, шалк этме. Кошту ошол жерге түшүрүп, ар кайсы шектүү жерлерге кароолчулар чыгардык. Өзүбүз жаттык. Экинчи күнү эртең менен «казак орус келип калды» деген кабар алып, жапырт атка минип, алардын келе жаткан жолун тостук. Биз бир аз жөнөй түшкөнүбүздө Боз Бармактын талаасын каптап, жер-сууну бербей, бизди көздөй келе жаткан солдаттар көрүндү. Алардын карааны эки жүздөй киши эле. Биз шашып калдык. Алар бизди тарсылдатып ата башташты. Эки кишибиз окко учту. Биздин мергенчилер да атышкан болушту. Бирок аны солдаттар тоотпой, бизге жакындагандан жакындап, койчо жайылып келе беришти, бизди курчап, айлантып ала турган болушту. Биз кийин чегинип, мурунку багыбызга келдик. Көтөргөн ханыбыз Жакыпбек:

08.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.