МАР БАЙДЖИЕВ
БИР КЕМПИР
Кемпир куу казыктай колун көтөрдү. Ал ошентип суусун сурачы. Кыз туруп, чай куйду. Кемпир колун шилтеди. Кыз чайды куюп, кроваттын астындагы чылапчынды тартты. Кемпир башын чайкады.
– Эми эмне? – деди кыз.
– Пиво…
Кыздын көзү алая түштү. Кемпир жөөлүп жаткандай сезилди.
– Акча тигинде… Сомкеде, – деди кемпир.
Жок. Таенесинин жөөлүгөн түрү жок. Ал кадимки эле оорулуу картаң аялга окшоп турат.
– Пивону эмне кыласың, таене?
– Ичем.
– Сенби?
– Алып кел!
Кыз тонун жамынып, дүкөнчүнүн үйүнө барды. Ал эки бөтөлкө пивону алып келгенде таенеси көзүн жумуп жатыптыр.
– Бар бекен? -деди кемпир көзүн ачпай.
– Ооба.
– Дүкөнчүгө эмне дедиң?
– Атам ичет дедим.
– О, кагылып кетейин акылыңан.
Кыз муздак бөтөлкөлөрдү мештин түбүнө койду да, тегерек столдун жанына отуруп, сабагын окуй баштады. Бөтөлкөлөр дароо тердеп, көз жашындай тамчылар тактайга куюлду. Кыз болсо бардыгын унутуп, көбөйтүү мисалдарды чыгарды.
– Жылытыңбы? – деп каңк этти керебетинде отурган кемпир.
– И и?
– Бөтөлкөлөрдүн сырты кургаса, жылыганы.
Кыз бөтөлкөлөрдү карады – «көз жаштары» кургаптыр.
– Ой, өлүк, болбойсуңбу? Эмне эле маалкатып калдың?
– Оозун ача албай жатам.
– Таятаң тиши менен аччу.
Кыз тиштеп көрдү эле – тиши ыргып кете жаздады. Кыз темир кепкек менен бир топ алышты. Акыры бычак менен ачып, чыныга куйду.
Кемпир ысык чай ууртап жаткансып, эриндерин чормойтуп, этиеттик менен бир ууртады. Пиво даамсыздай көрүндү, кургап калган колуна бир аз кармап турду да, көзүн жуумп туруп, шарт жутуп жиберди. Бош чыныны кызга кайтарып берип, жаздыгына чалкалады. Ал башынан өткөн бардык азаптары үчүн кимдир-бирөөнөн өчүн алууга өмүр бою даярданып жүрүп, мына эми гана ошол максатына жеткен сыяктуу.
– Куй дагы!
Кыз дагы жарым чыны куюп, алдына койду.
– Эмне тикирейесиң, тиригиңди көрөйүн? Барып укта! –деди кызга.
Кыз дептерлерин жыйнаштырып, төшөгүнө кирип жатты да, уктап кетти…
Кемпир өзүн эч бир оорубагандай, оор иштен кийин, жөн гана эс алып жаткан, картаң эмес, мындан жарты кылым мурдагы сулуу, жаш кезиндей сезип, жеңилдене түштү…
Оозунан кычкыл даам али кетпесе да, бир аз уйкусу келип, бүт денеси балкыды. Сырттагы каалга борошого нары-бери теңселип, кыйчылдайт. Шамал улуйт. Тышта алай-дүлөй түн.
Кемпир дагы эки жолу жутту. Анын бүткөн бою мурдагыдай жылуулукту сезген жок, бирок буту-колуна кадимкидей күч киргенсиди! Азыр ал кыз-келиндер менен талаага барып, таң Чолпону чыкканга чейин жүрсө да, күркүрөп аккан өзөндү бойлоп, аңкыган сары гүлдөрдү аралап, сүйгөнү менен кучакташып басканда, аттары артынан калбай ээрчип жүргөн жерге барса да кудурети жетчүдөй сезилди. Ошондо экөө жылмайышып өбүшкөндө, аттары алардын ийиндерине, колдоруна жылуу тумшуктарын тийгизип, кармаган гүлдөрүн кыртылдатып чайначу эле. Анан алар нары, өзөндү бойлоп кетишкенде, аттары жээктин жашаң чөптөрүн чалып отточу. Үйгө таңга жуук гана кайтышат, ал түн жөнүндө эч ким эч нерсе билбейт. Баса, ал түндөр жомоктогудай укмуш эмес беле… Ошол түндөрдү мурда эмне үчүн эстеген жок? Балким, анын күнүмдүк турмушу ошол сонун жомокко окшобогондуктан салыштыргысы келген эместир, же аны толук сезгенде, баягы аскадан боюн таштайт беле? Ошол сүйгөнү кандай киши эле? Ал жаман эр, жаман ата болгон жок. Ичкениби? Башкалар эмне, ичпептирби? Ичсе, күйүтүнөн ичкендир. Ичпесе бугу койнуна батпай кетпейби! Көңүлүмдү канча жолу калтырды! Антсе, эмне экен? Жалаң бал жей берсең – жүрөгүңдү айлантат! Азыр тетиги суу бою укмуш. Карагайлар шуулдап, жыттуу сары гүлдөр ачылып, адамдын аягына таазим кылып жүгүнөт. Күн нурун чачыратат. Эки айрылып өскөн карагайдын ачасына чыгып, эч нерсени ойлобой, көпкө-көпкө дейре төмөндөгү суунун шарын тиктеп отурсаң кандай сонун!.. Ошондо ал маки менен чийген экөөнүн аты калды бекен? Экинчи күнү ал тамгалардан жакуттай болуп дабыркай чыгып мөлтүрөп калыптыр. «Карагай эти ооругандан ыйлап жатат», – деда ал. Анан экөө карагайдын жараатына бака жалбырак жабыштырып, таңышты. «Ушинтсе жараты айыгып калат» … – деп ойлошкон.