МАР БАЙДЖИЕВ

БИР КЕМПИР

МАР БАЙДЖИЕВ

Кыздын атасы алигиче жок. Ушунтип эле ичиндеги ой-керээзин эстүү-баштуу эч кимге айтпай кете береби? Бир кылымга жетер-жетпес жашаганча чогултуп жүрүп акыры айтары бул эле: «Жансыз тоо менен ташты маңгиликке жараткан, адам болсо, туулдум– өлдүм, тутандым-күйдүм болуп, туулары менен өлө баштайт. Анын ар бир кыймылы, санаасы, ойлогон ою өлбөстүн камында, бирок ошого карабастан ажалдан кутула албайт. Адамдын өмүрү өтө узун жана машакаттуу. Же андай эмес бекен? О, турмушуң менен куруп кал! Кыз кезимде жакшы адамга туш болуп,ошого тийсем деп эңсечүмүн. Туш болдум, – анан анын ак шейшеп дегенди билбеген балтаңдаган балит семиз аялга барып жүргөнү билинди… Уул төрөсөм деп көксөгөм, эгизди төрөп өстүрдүм– аларымды Гитлер өлтүрүп кетти… О, турмушуң менен куруп кал! Кыздуу болсом деп көксөп жүрүп, кыз төрөп, чоңойттум эле аным күйөөгө тийип, өзү эне болду, бир жума Фрунзедеги жеңесиникине кетип, кайра келди да, эмчектеги уулун алып, эрин, кызын, оорулуу энесин таштап, үй-бүлөсүн сызга отургузуп, шаарга качып кетти. Ал сойку акылынан адаштыбы, же көк мээ койдун мээсин жедиби, иши кылып акмак болду… О, турмушуң менен куруп кал! О, армандуу дүйнө! Мындан көрө туулбай туна чөгүп өлсөмчү! Дагы болсо… Дагы эрим бар эле. Ал өлдү. Чалдар көбүнчө кемпиринен мурда кетет эмеспи. Ал арак иччү. Уулдарынын «кара кагаздары» келген күндүн эртеси иче баштаган. Ошол күндөн баштап, өлөр өлгөнчө арактан башы чыккан жок. Ичет, ооруйт. Эртеси оозума албайм деп ант берет. Бир жумадан кийин кайра баштайт. Акыры арак түбүнө жетти. Эртең менен чөп чабам деп кеткен, кечинде өлүгүн алып келишти. Мээсине кан куюлуп кетиптир дешти. Адамдар ушул акмактай ичимдиктен эмне жакшылык табышат?! Же ушул ачуу ичкилик баланын балдай мээриминен, аялдын назик денесинен, таттуу эркелелегинен жакшыбы? Андай болбосо бул түйшүктүү ачууга эмне үчүн кулкулдашат?» Кемпир ал балакетти оозуна алган жан эмес. Динге ишенгендиктен дейсиңби? Корккондуктан дейсиңби? Жок. Аялдар ичкилик ичпейт дегенди жүрөгүнө катуу түйүп алган. Кеп мына ошондо. Согуш жылдарында, эрлери майданга, эмгек армиясына кеткен аялдар, жесирлер бозо салышып, чогулуп алып ичип, жеп армандуу секетпайларды ырдап, буркурап ыйлашчу. Жашырганда эмне: кээ бирөөлөрү башка эркектер менен чер жазышып, ал гана эмес, аргасыздан боз баштык өспүрүмдөр менен жүрүп алгандары да болду. Бирок бул кемпир жаш кезинде ошондой жыйындарга катышканы менен, өзүн катуу кармачу. Өмүрүндө эринен башканы да көргөн эмес. Уулдарынын кара кагазы келгенде эри ботодой боздоду. Анан киши менен сүйлөшпөй, өзүнчө жүрүп калды. Бир жолу арак куюп: «Мэ, ичип жибер, ачууну ачуу басат», -деди. «Күйүтүңдү бас», – дешип аялдар да аракты анын оозуна такашты. Мурдуна жагымсыз жыт бур эткенде, ал башын буруп, ооз тие албай койду. Ал ошондо биринчи жолу эринин тилин албай койгон. Эри арактын баарын өзү жутуп, ичиркенип, башын чайкады.

– Ачуубу?

– Иттей! Фү!

– Сени ич деп ким зордоп жатат? – деп сурады.

Эринин көзүнө жаш тегеренди. Ошондон кийин эрине андай суроо берген эмес. Эми минтип, өлүм алдында жатканда, кемпир эмнегедир ошол сүйлөшкөндөрдү эстеди. Күйөөсү ошондо эмне үчүн антип айтты экен? Кантип эле жанагы ачуу балакет кайгыны бассын? Согуштан кийин, башканы кой, динге ишенгендер да иче башташты. Пиво мас кылчу ичимдикке жатпайт, ошондуктан аны ичкендер күнөөгө батпайт деген каңшаалды молдолор өзүлөрү таратып жиберишти. Анан пивону мас болгончо ичишти. Аны бардыгы ичти, бирок бул кемпир даамын таткан эмес.

Мына ушуларды эстегенде кесел кемпирдин тамагы ого бетер кургап чыкты. Таңдайы чаңкап, жанын кыйнаганына көп жыл болгон. Бир жолу аны эри пиво сатып кел деп жиберген болчу. Ал карапага толтура пиво куйдуруп алып, чөптү аралап келе жатканда, пиво чайпалып, көбүрүп -жабырып жерге төгүлдү. Эри кетменди таштап жиберип, талтайып туруп, карападан жутту. Пиво муруттарынан ылдый куюлуп, жерге төгүлдү. Ал күндөн көзүн жүлжүйтүп, күйөөсүнүн кекиртеги өйдө-ылдый жылганын көрүп, күлкүсү келип турду… Аны элестеткенде кемпир шилекейин жутту. Азыр ошондой бир жутум болсо, таңдайынын катканы токтолуп, суусуну биротоло канчудай сезилди. Эри каза болгондон кийин ал бир нече жолу пивонун даамын таткысы келсе да, батына алган эмес– кызынан, күйөөсүнөн, коңшуларынан уялган… Азыр болсо анын бардыгы бир тыйынга татыбастай көрүндү. Баары бир дүйнөдө эч бир ыйык нерсе жок. Ал тургай кудайдын өзүн жок дешип, күнүгө сөгүп жатышат, ал үчүн жазаланган эч ким жок. Баары бир сенин денең, оюң, эсиң, уятың, коркунучуң, сүйүүң -бардык турмушуң топуракка айланат эмеспи… Кемпирдин деми кыстыга баштады. Оозунун ичи дуулдап, көмөкөйү, көкүрөгү ысып чыкты. Каны катты. «Чай сурасамбы? Жок. Ал эмес. Жанагы пиво дегенден бир гана кылт этсем, суусунум канат эле!»

12.10.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.