МАР БАЙДЖИЕВ
БИР КЕМПИР
– Анын дароо эле айтпайсыңарбы, мени какылдатпай. Ушу сен начар эле адам болосуң го! Кызды бекер урушканына ыңгайсызданса да, анысын мойнуна алгысы келген жок. – И, эми эмне тикирейип туруп калдың? Ордуна алпарып кой! Мен өлгөндө, сөөгүмдү ороп жатканда жакшылап көрүп аласың, – деп дагы какылдады кемпир.
Ал көп жашап, картайганы үчүн, эми ичер суусу түгөнүп, өлүмү жакындап калганына нааразы болуп, жинин, ачуусун бардыгын кичинекей кыздан чыгаргысы келди окшойт. Кыз түйүнчөктү сандыкка салды. Эми ал таенесинин сөзүн укпай, өз ишин иштеп, баятадан бери ууртунда кармап турган конфетин сорсо да өз эрки. Ал кабынан клеткалуу дептерин, арифметика китебин алып, көбөйтүүгө берген мисалдарын чыгара баштады.
– Тигиниң эмне дейт? – деди кемпир капысынан.
Кат жөнүндө билип алган экен деп, кыз селт эте түштү. Керебетинен бутун салаңдатып отурган кемпир кыздын көзүнө кишинин оюндагысын билип, тагдырын айтчу жез тумшук мастендей көрүндү, купкуу эриндерин кымтып, жооп күтүп, кыз жакты карап, көрбөгөн көздөрү менен тиктеп турат.
– Бороон басылат дейби, эмне дейт? – деп суроосун толуктады кемпир. Кыздын жүрөгү ордуна келди, көрсө таенеси телевидениенин диктору жөнүндө сураптыр.
– Кар жаап, суук болот экен, – деди кыз.
– Кудай жок, кудай жок деп коюшат дагы уялбай. Анан өздөрү аба ырайын алдын ала билишет, – деп күңгүрөдү кемпир.
– Аба ырайын кудайдан сурабайт, – деди кыз.
– Кудайдан сурабайт. Кудайдан сурабаса кайдан билип алышат? Раматылык таятаң жылдызды карап билчү.
Эми таенеси кадимки эле жөнөкөй кемпирлерге окшоп калды. Ал ыраматылык күйөөсүн эстей баштаганда, жоош эле кемпир болуп калчу.
– Эч кандай бороон болбойт! Ал катын калп айтат! Баары калп, – деп какылдады кемпир.
Кыз унчукпай сабагына киришти.
– Суйкаят тим эле. Өлүгүңдү көрөйүн. Башындагы чачын айтасыңбы сойкунун. Чөмөлөдөй бийик (дикторду тилдегени). Сулуу аялдын баары калпычы болот. Баарын алдайт. Тигине сенин энең… Ал дагы сулуу болчу. Эми куураган жыгачтай катып калгандыр, чамынды болуп шаарда жүрөт. Анда жаккан отуңа да, ичкен сууңа да теңге төлөйт… Турмушу курусун …
Кыз көбөйтүү мисалдарын чыгара берди. Мордон шамал күүлдөйт. Аба ырайы чоң бир окуяга даярданып, күчүн жыйнап жаткансыйт. Кемпир шамалдын улуганын угуп, кыздын караанын байкады.
Эпейип отурганын кара, түгөттүн. Энесинин эле өзү. Ал сойку да буттарын астына кыпчып, ушул столдун жанына отурганды жакшы көрчү. Эртең менен мен өлүп, жалгыз каларын билбейт, отурганын кара шордуунун. Азыр ага бирдеме деп көрчү. Ичинен: «И и, көксөө кемпир, кепшей бер. Аның андай эмес экенин мен билем», – деп өз ишин уланта берет. Буларың китеп окуп атып көк мээ болуп калбадыбы».
…Бороон күчөй баштады. «Мунун атасы алигиче жок. Ал жолдо бороонго калбаса экен?» Ага кемпир оюндагысынын баарын айтып берет эле. Ал түшүнөт. Өткөн күнү кемпир түш көргөн. Түшүндө мелтиреген талаада үйүлгөн үймөктүн үстүндө күйөөсү менен жатыптыр. Экөө тең жапжаш, чырайлуу кези экен. Жаңы чабылган жыттуу чөптүн үстүндө күйөөсү колун мойнуна арта салып, буралган белинен кучактайт. Анын капкара узун чачтары ийнинде жайнап төгүлүп жатат. Ал жыпжылаңач жатканына уялбайт, ал тургай эринен тартынып да койбойт. Үстүндө мелтиреген, көз жетпеген көк асман. Асан – Үсөн деген эки уулу бар (Экөө тең Сталинграддын алдында каза болгон). Алар кичинекей. Алар ак шейшептин четинен кармашып, чуркап келип ата-энесинин үстүнө жаап коюп, качып жөнөштү. Балдарынын куйруктары томураңдап, жашыл чөптөн көгөргөн тамандары жалтырайт. Эри экөө кучакташып, мелтиреген көк асманга көтөрүлүп, жааңдан тоңгон муз буурчактарды жиреп учуп бара жатышат. Төмөн жакта, жерде аялдар уккулуктуу үн менен кандайдыр бир сонун ыр ырдашат.
Кемпир ойгонуп, көзү көрбөсө да, тамдын төбөсүн тиктеп, мелтиреп көпкө жатты. Өмүр сааты акыркы мүнөттөрүн кагып, күнү бүткөнүн түшүндү. Асан, Үсөндүн чоңойгондугу өңү-түстөрүн эстөөгө канча аракет кылса да эстей албады. Эсинен чыгып кетиптир. Өзүнүн узак өмүрүндө далай өлүм-житимди көргөн тирүү жан кутулбас шум ажал эч кимден суранбай, күтүлбөс жерден кайыр сураган думанадай болуп самсаалап туш келген короого кирип келип, эч нерсени көзүнө илбей, тандаган эшигин каккылап, анан алдынан чыккандын жанын сууруп алып жолго түшөрүн жакшы билчү, өзү ошого дайым даяр болуп жүрчү. Ага өлүм деген нерсе адамды турмуштун түйшүгөнөн түбөлүккө куткарган, учу-кыйыры жок мемиреген бейкуттуктай сезилчү. Ошондо күндүн жаркыраган нурлары кирпикке сайып, көзүңдү уялтпайт, адамзаттын муң-жашы жүрөгүңдү сыздатып, өз боюңду таштап жиберчү арсайган асканы көздөй жетелебейт, – деп ойлочу. Ызылдаган шамал кыйраган капканы кыйчылдатып, тамдын үстүндө уйгу-туйгу болуп, кардын чаңын буруксутканын кемпир сезип жатты. Бороон күчөй берди.