МАР БАЙДЖИЕВ
БИР КЕМПИР
Кемпир акырын керебетинен жылып түштү. Күчү кеткен муундары калтырады, төшөктөн турбай жатканына эки жыл болгон. Кийимдерин сыйпалап таап кийинип, башына жоолугун салынды, сыйпалап барып уктап жаткан кыздын таманынан өптү да эшикти ачып, бороонду караңгы түндү көздөй кадам шилтеди…
Айылдын четиндеги контордун фонары чайпалат. Алай-дүлөй. Борошо. Жол билинбейт. Үйлөр бүт ак шейшепке оронгон. Кайдадыр үшүгөн ит каңкылдайт.
Кемпир дүркүрөп гүлдөп турган бедени аралап кете берди. Бал соргон аарылар ызылдайт. Кызы жол жээгине өскөн мала кызыл шимүүрдөн бал шимиргенди жакшы көрчү эле. Атасы ошол жол менен келчү. Алар үч жалбырактуу беденин төрт жалбырактуусун издешип, атасы эрте кайтабы, кеч кайтабы деп төлгө кылышчу. Алыстан атасынын карааны көрүнгөндө кыз, утурлай чуркап: «Төрт жалбырактууну мен таптым. Мен!» – деп мактанчу. Атасы кызын өңөрүп, одурайган чаар бетинен мээрим төгүлүп, камчысы менен аялын акырын, эркелете чаап коюп: «И, кандай?» – дечү эле.
Аялы: «Жакшы эле», – деп көп байкатпай жылмайып, аттын чылбырын алып, үйүнө жетелечү. Анан күйөөсү кыйшайып канжыгадагы куржундан гүлдүү көйнөк же кызыл жоолук – иши кылып, өтө кооз бирдеме сууруп чыгып: «Ме!» – деп аялынын ийнине таштап койчу. Ал өзүнүн сүйүүсүн, сагынычын ушунтип билдирчү. Анан кызын өбөт, анысы жер сууга батпай кубанат. «Ошол кызы эми чоң шаарда кантип жүрөт болду экен? Шаарда жашоо кымбат. Акыркы тыйынын раскоттоп коюп, ачка отуруп калдыбы. Турмушу кандай болду экен? Түн ичинде жалгыз бой немеге мас эркектер келип, тийишип омуроолоп жатабы? Татынакай немени аларың тим коет дейсиңби. Кутуруп өлгөн акмактар».
Аарылар ызылдайт. Гүлдөгөн беденин жыты аңкыйт. Тигине айылдын четине күн шооласы жаркырап тийип турат. Беде өтө коюу жана бийик өскөн экен, ар бир кадамы күч менен жирелет… «Карыган энесин, кызын, күйөөсөн таштап шаарга качып кетти», -дешет. Качса эмне экен? Балким жанагы китептеринде ошондой болгула деп жазгандыр. Күйөөсүбү? Ал али жаш. Ал өз бактысын таап кетет… Күн шооласы жаркырап көз уялтат. Кемпир адамдын колунун тамырларына окшоп, кең өрөөнгө таралып, чаңкаган жерди сугарган тоо өзөнүнө барды. Ал жерде мындан жарым кылым мурда сүйүшкөн эки жаш бооруна тамга салган, эки ача жоон карагай турат. Кемпир күндүн маңдайынан өттү. Чайпалган күндүн шооласы артта калды. Керээли кечке жылаң баш чөп чабыкта кемпирдин колу-башы күнгө күйүп, бели талыды. Ал эс алайын деп жерге көчүк басты. Аарылар ызылдайт. Мемиреп уйкусу келди. Кучагын жайып, чалкасынан жатты. Асманда булуттар сүзүп жүрөт. Асман көпкөк, булуттар аппак. Булуттар улам төмөндөп, майда-майда болуп бөлүнүп, жерге, кемпирдин бетине уюлгуп түшүп жатты. Илгери тогузунчу майда, Жеңиш Күнү айыл үстүнөн самолет сызып өтүп, жерге баракчаларды жаадырганда так ушундай болгон. Балдар чуркурап, асмандан каалгый түшкөн баракчаларды жерден теришкен. Баракчалар жаай берди. Жер бети аппак болду. Бир кезде өтүктүн түрсүлдөгөн табышы угулду. Эки уулу, Асан менен Үсөн солдат кийимчен арыштарын тең таштап келе жатышыптыр. Алар кичинекей кездеринде кучагын жайып күтүп турган энесине жүгүрүп келе жаткандай мээримдүү жылмайышат. Алар эки бурчунан кармап келе жаткан баракча чоң шейшепке айланды. Асан менен Үсөн энесине жаап коюп, өтө беришти. «Силерге, турмушка ыраазымын, балдарым!» Алардын артынан дагы солдаттар келе жатыптыр. Алар дагы чоң ак шейшепти энеге жаап коюп өтө беришти. Алардын артынан дагы эки солдат, артынан дагы экөө… Бардыгы Асн менен Үсөнгө окшош . Солдаттар кемпирге ак шейшеп жаап өтө беришти. «Ыраазымын силерге, кулундарым!». Үстүндөгү жабуу кемпирдин денесин жылытып, кандайдыр эбегейсиз балбан колдор аны алаканына салып, термелткенсип магдыратты. «О-о, өмүр –турмуш! Сен ушундай сонун, ушундай ширин белең! Сага нааразы болсом, кечир мени!». Картаң аялдын көздөрүнөн кулаган жаш кулагынан учуна токтоп, бермет сөйкөгө айлана берди…