Кеңешбек Асаналиев

Адабий айкаш: “Майдан” романынын майданында

Кеңешбек Асаналиев

Өркүндөгөн социализм дооруна бет алган “алтымышынчы жылдардын” көз карашы боюнча кыргыз жазуучусун В.Дудинцевдин катарына теңеш, бул А.Токомбаев койгон саясий айыптоонун дагы бир жаңыланган варианты гaнa бoлчy. Советтик адамдын машакаттуу турмушун өз учурунда тайманбай, драмалуу сүрөттөгөн В.Дудинцевдин “Адам кара курсак үчүн эле жашабайт” (“Не хлебом единым”) деген романы аёосуз катуу сынга түшүп, бир беткей куугунтукка алынып жаткан учурда Ш.Бейшеналиевдин бирден-бир максаты В.Дудинцевдин ошол кездеги “кебетесин” Узакбай Абдукаимовго апкелип “кийгизүү” болчу. А чынында У.Абдукаимов кайсы “күнөөсү”, кандай “айыбы” үчүн катуу караланган куугунтукка түшкөн В.Дудинцевдин катарына туруп калды? Деги Дудинцевдин романын Ш.Бейшеналиев окуду бекен, окуса билет эле го У.Абдукаимовдун “Майданы” өзүнүн проблематикасы жана тематикасы боюнча орус совет жазуучусунун чыгармасына эч кандай жакындыгы да, окшоштугу да жок экенин. Ошондой болсо да Бейшеналиев бул эки чыгарманын ортосунан ошондой коркунучтуу байланышты “издеп” таап жатпайбы. “Майдан” романынын негизги персонаждарынын бири Кыдырбектин Берметке жазган катынан төмөнкү фразалар келтирилет: “Жеңиш мөөрөйү колго тийген күнү болсо, бирибиз келсек онубуз келбеспиз, онубуз келсек жүзүбүз келбеспиз”. Буга карата, айтылган чындыкка карата Ш.Бейшеналиевдин берген комментарийи: “Кыдырбектин каты элдин сезимин көтөрүп, кайратын курчутмак түгүл, аларды кайта мөгдүрөтөт, ыйлатат”. Көрүнүп эле турат го, бул баягы жедеп көнүмүшкө айланган, турмуш чындыгын бурмалаган жалган сүрөттөөлөрдү, кыйкырык патриотизмди талап кылган, чакырык-ураандарга негизделген жасалмалуу калп сөздөр. Ал эми Узакбай Абдукаимов элдин башына келген оор трагедияны таамай берген ушул фразаларды кайталап окуп, мындайча жыйынтык чыгарат: “Менин өкүнүчүм: ушу жерде Кыдырбектин сөзүн дагы чыңыраак, дагы күчтүрөөк кылып бербегенимде болуп турат. Адамдардын машакатын, кайгы зарын дагы тереңирээк көрсөтө албаганымда болуп турат”. Бул – көркөм адабияттын аткарар кызматын (предназначение) кадиксиз түшүнгөн жазуучунун, турмуштук кыйын, татаал жагдайларга нукура реализм эстетикасынан мамиле жасаган жазуучунун чыгармачылык позициясы. Ал эми, студенттердин турмушу жөнүндө “Таалай жолу”, койчунун тагдыры жөнүндө ” Даңкка жараша жүк”, ал турмак реалдуу акындын өмүр жолу жөнүндө “Болот калем” романдарын жараткан нормативдүү эстетиканын принциптерине таянып, Ш.Бейшеналиев бул жерде да, “Майдан” романы боюнча жүрүп жаткан диалогдо өзүнүн үстөмдүгүн жүргүзүүгө жанаракет жасайт. Кыдырбектин катынын мазмуну жөнүндө Ш.Бейшеналиев менен У.Абдукаимов экөөнүн ортосунда төмөнкүдөй диалог жүрөт: “Ш.Бейшеналиев – ушул кат элге кандай ой калтырып жатат, дагы окуп көрүңүзчү? У.Абдукаимов – согушта миңдеген аскерлер кырылып калган. Өз көзүм менен көрүп келбедимби. Кантип согушту көрбөгөн молокосос бул жерге отуруп алып, мени менен талашып жатасың?” Эч качан катуу сөз айтпаган (мага ошондой сезилчү) Узак ага, бул жолу жаны кашайып чыдабай кетти окшойт, Ш.Бейшеналиевди жеткире эле кагып салды (“молокосос”). Көрсө, чындыкка келгенде ал киши да эч нерседен тартынбайт экен да. Кантсе да Бейшеналиев жазуучулар союзунун секретары, баарынан мурда жеңилин жерден, оорун колдон алып, Аалы Токомбаев колдогон эң жакын соратниктеринин бири эле да. Бирок, маселенин маңызы сөз менен “кагып-соккондо” эмес, кеп  принципиалдуу эстетикалык принципте. Ш.Бейшеналиев Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтсө да, ал учурда билим берүү системасы бир кыйла эле жогорулап калган, өзүнүн адабий эстетикалык кругозорун, көркөм ойлонуу жөндөмүн белгилүү бир жолдомолордун, көрсөтмөлөрдүн чегинен чыгара албады. “Таалай жолунан” баштап эң соңку романдарына чейин бир калыптын, бир ыргактын айлампасында жүрдү. Ырас, тема өзгөрдү, сүрөттөө объектиси улам жаңырып турду, бирок аларды реализациялоо, ишке ашыруу күчтүү өркүндөгөн көнүмүштүн жетегинде калды. Менин оюмча буга эки түрдүү себеп болду, биринчиден, ал аксакал жазуучулардын (айрыкча Аалы Токомбаевдин), өзү айткандай, “Көмүркөйдөгү сырларына” ориентация жасап, ошолордун адабий шартына ыңгайлашып алды, экинчиден, өзү улам көтөрүлүп отурган кызмат абалы, карнеристтин умтулуусу чыгармачылык жаңылануу кыймылына тикеден-тике тоскоол болду окшойт. Ушундан улам Ш.Бейшеналиев “согуш чындыгына”, буга чейин кыргыз совет адабиятында эч ким айта элек согуштун трагедиялуу чындыгына, өзүнүн жасалмалуу романдарынын ыңгайынан карап, У.Абдукаимовдун жазуучулук ар-намысын козгоп жатпайбы. Жогоруда келтирилген диалогдо У.Абдукаимов менен Бейшеналиев эки башка позицияда, болгондо да бири-бирине диаметралдуу карама-каршы позицияда тургандыктан алар эч качан “жалпы бир тилге” келе алышмак эмес. “Майдан” романынын тагдырын дал ушундай болорун мурдатан эле сезген автор кандай болсо да жазууга милдеттүү экенин түшүнүп, өз максатынан кымындай да чегинген эмес. Канчалык деңгээлде толук иш жүзүнө ашырды, бул башка маселе. Мына эми ошол өзү күткөн тагдыр өзү туш болуп, Узак агай минтип сүйлөп жатат: “Менин романымдын биринчи китебиндеги өкүнүчүм: турмуш горизонтун кеңирээк албай, дале болсо музоосун сүздүрүп койгон уйдай болуп “бул китепти эмне дешээр экен, партиянын жолунан чыгып кетти деп дагы бирөө союлун көтөрө чыгып, көөнү келсе жыга чабар бекен” деп сүрдөгөндүк, чочулагандык болду. Мына эми менин чочулашым туура чыгып, заманыбыздын чоң акындарынын бири Аалы Токомбаев менин романымдын биринчи китебине партиянын органы болгон “Советтик Кыргызстан” газетасына сын жарыялады. Бул сын боюнча мен тылды, а түгүл айрым каармандарды, айрым кейипкерлерди партиянын позициясы менен бере албай, партиянын жолунан чыгып, социалисттик реализмди четке кагып, турмушту чалмакей кылып салыптырмын”.

10.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.