Күздөгү жаандар

Мар Байжиев

Күздөгү жаандар

 

***

 

Октябрь аяктап, суук түшө баштады. Айша өңүнөн азып, бир аз картая түшкөнсүдү, кайра мурдагысындай уйкусу качты. Доктурга барып, дары жаздырып, андан көбүрөөк өлчөмдө ичип, бир аз уктагандай болду. Ойгонсо терезеден алтын табактай болуп ай жаркырап карап туруптур. Ваннада суу шылдырайт. Бир кезде ал да токтоп, үй ичи тым-тырс болду. Кулак мурун кескендей тунжуроо. Айша ваннага барып кранды атайын ачып койду. Суу акты, анан шарылдаганы Айшанын балалык кезин, жылаң аяк жүгүрүп, курбулары менен кызгалдак терген тоонун шаркыратма төрүн эске түшүрдү. Кызгалдак! Ал өтө назик гүл! Үзөрүң менен гүлдөрү күбүлүп калат: Балким: «Кызгалдакты такмаңдар. Жерге түшүп кетедү, кыз баланы бакмаңдар – эрге тийип кетедү», – деп уйгурлардын лакабы ошондуктан айтылгандыр…

Ушундай узун күндөрдүн биринде коңгуроо шыңгырады. Айша шашып-бушуп, халатынын топчуларын чала топчуланып, эшикке жетип барды. Кыздарын ээрчитип Бурул келип калдыбы деп ойлоду. Эшикти ачса күлүмсүрөгөн баягы чогуу иштеген Гүлсүн турат. Ал бир аз өзгөрүп кетиптир, анткени келген келинди Айша дароо тааныган жок. Ал кенен тигилген, эки чоң топчулуу костюмчан экен, бир аз толгонсуп, бакырайган көздөрүнөн кандайдыр бир табышмактуу нур чачырайт, ууздай бети аппак бети албырат.

– А, Гүлсүн, кайдан, садагасы? Эмне туруп калдың, кир. Келгениң ырас болбодубу. Башыңа чөп сындырсамбы?

Гүлсүн бир аз уялгансып калды.

Айша ашканага кетип, талинкеге боорсок салып келди.

– Карыган кезде ырымчыл болуп кеттим, кече курман айт эмес беле. Жесең, көлөкөм, боорсокту өзүм бышырдым. И, сүйлөчү, балдарың кандай, турмуш кандай?

– Баары жакшы, – деди келин.

– Азаматсың, чырагым! Мени баары унутушту деп, үмүт үзүп койдум эле…

Гүлсүн эки чоң апельсин алып, столдун үстүнө койду

– Күйөөм Москвадан алып келиптир, ооз тийиңиз, апа.

– Ий-ий, сонун турбайбы! Рахмат, Гүкүн, келгениңе. И, редакцияда кандай жаңылыктар бар? Башка имаратка көчүрөт деди эле, көчтүңөрбү?

– Көчө элек го, – деп ийнин куушурду Гүлсүн.

– Сен эмне, ишке чыкпай жүрөсүңбү?

– Ооба, – Гүлсүн мукактана түштү. – Мен редакциядан сизден кийин эле  чыгып алгамын. Уулубуз биринчи класска барды. Жолдошум диссертациясын жактаган. Кызматы жакшы. Мен үйдө бала багып калдым. Кудай аманчылык берсе, жакында дагы бир балалуу болобуз. Үч баланы кантип багарымды билбейм.

Гүлсүн келген себебин айта алган жок, ыңгайсызданып, кемпирге мындан мурда бир да жолу келип койбогонуна өкүнүп, ичинен өзүн-өзү тилдеди. Жок дегенде бир келип жалгыз апанын ахвалын бир сурап койсо, азыр сүйлөшүү да жеңил болбойт беле. Айша келиндин абалын түшүндү, бирок шек алдырбады. Ал эми жаш келин болсо, жакында ысык суусу жана газы бар үч бөлмөлүү квартира алмак болушканын, түстүү чоң телевизор сатып алгандарын, кыскасы, алардыкында жашаган адам эч качан зерикпесин түшүндүрдү. Гүлсүн өтө этиеттик жана чебер сүйлөп жатам деп ойлоду көрүнөт.

– Ооба, бала тарбиялоо оңой иш эмес, – деп баштады Айша-апа. – Менин бир тааныштарым бар эле. Экөө тең жапжаш, татынакай жубайлар эле, бир жалгыз бой кемпир аларга жардам кылып, балдарын багып жүрдү. Балдары ал кемпирди өз чоң энесиндей көрүп, күндүр-түндүр жанынан чыкпай калышкан. – Айша унчукпай калды да, биринчи апельсинин коюп, экинчисин аарчый баштады. – Бир күнү ал жубайлар шарт этип алыска көчүп кетиптир. Байкуш кемпир өз балдарын жоготконсуп, катуу капа болду. Алигиче ыйлап жүрөт…

Айша-апанын көзүнө жаш кылгырганын Гүлсүн байкап калды.

– Абдан убал болгон экен, – деди келин. – Кечирип коюңуз. Айша-апа, мен сизди капа кылып койдум көрүнөт.

Айша-апага балдарын бактырайын деп ойлогон Гүлсүн ошентип келген максатын айтпастан үйүнө кете берди.

 

***

 

Эртеңки күндүн курч нуру бетке сайып, көзүн жүлжүйтүүгө аргасыз кылды. Сыртта кар жаап калыптыр. Биринчи кардын салмагын көтөрө албай жыгачтын бутактары майышып, кээ бири сынып кетиптир. Айшанын төшөктөн тургусу келбей терезени карап жата берди. Күн шооласы акырындап жылып өтүп, илинип турган чоң быжыгыр сүлгүгө тийди. Саатты караса – ал токтоп калыптыр. Бир оокумда терезени бирөө акырын черткендей болду. Айша башын көтөрдү. Ал бармак башындай боз чымчык экен. Кичинекей жаныбар бир бутактан бир бутакка секирип, андагы карды түшүрүп, жайланышып канаттарын таранып, куду кылыктанып жаткан сулуудай мойнун койкоңдотуп, күндү карады да бырп этип учуп кетти. Адамың деле ушу тырмактай чымчык сыяктуу экен да: жок жерден жер үстүнө пайда болуп, жарык дүйнөнүн ачуу-таттуусун татып, сүйүп-күйүп, жамандык көрсө кейип ыйлап, жакшылык жыргалында күлүп, түнкү айдын нуруна бөлөнүп, күндүн эртең мененки шооласына жылмайып, анан заматта бырп этип о дүйнөгө учуп кетет. Зор кереметтүү табияттын күрдөөлдүү айлампасынын алдында, жер үстүндөгү түбөлүктүү жашоо менен тирүү жан кутулгус ажалдын алдында адамдын көр оокатындагы майда-барат кагылыштар, өз ара таарынычтар, түшүнбөстүктөр кеп эмес экен да! Андай болсо эмне үчүн Мукаштын жоругун туура түшүнүп, анын күнөөсүн кечире албадым экен? Балким, ал кезде сүйүүм канчалык күчтүү болсо, көңүлүм калганда жек көрүүм да ошончолук курч болгондур? Балким, Мукашым чоң шаарда жүрүп алыстагы эл-журтуна, үй-бүлөсүнө куса болгондур, ошондуктан мээрими жанагы аялга түшкөндүр. Ал эми тигиниси азыркы мага окшоп, жалгыз бой шордуу неме болсо бакытка үмүттөнүп, Мукаштын сунган колун бооруна кыскандыр? Атаганат, адам отуздагы курагында алтымыштагысындай акылман болсо кана!

26.04.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.