Күздөгү жаандар

Мар Байжиев

Күздөгү жаандар

 

***

 

Эки күндөн кийин Фрунзе-Ташкент поезди Айша-апанын мындан көп жылы мурда биринчи эмгек кадамын аттаган шаарды көздөй дүкүлдөп алып бара жатты.

Вагондун ичи үп, терезеден ысык жел согот. Айшанын орду экинчи текчеде болгондуктан, ал төмөн жакка түшүп отурду. Үчүнчү полкага спорт костюмчан жаштар чыгып алышты, төмөндө баштык-үштөктөрүн ар түрдүү жиптер менен чытырата таңылган чемодандарын араңдан зорго батыштырып улгайган эки толмоч аял жайгашты. Поезд ордунан козголору менен алар чакан столчонун үстүнө бышкан тоок, туздалган бадыраң, алмаларды, повидло жана картошкаларды коюп, жол бою жей да беришти, сүйлөй да беришти. Берки текчеден боюнда бар аялы менен кырк жаштар чамасындагы адам орун алды. Станцияга поезд токтогон сайын күйөөсү түшө калып, жүзүм, айва, дарбыз сатып келет, бирок, аялы эч нерсе жебейт, энтигип ысыкка чыдабай, кайналып жатса керек. Ал аялды Айша өзүнүн полкасына жаткызып, аны ыңгайлуу орноштурду да, тамбурга чыгып тамеки чекти.

Поезд менен акыркы жолу качан жол жүргөнү Айшанын эсинде жок. Канча мезгил өттү, жыйырма жыл өттүбү же отузбу ким билсин. Ошондо ал кайда барды эле? Эмнеге барды эле? Эстей албады. Оор дөңгөлөктөр жүрөктүн сокконундай дүкүлдөп вагондун кыйчылдап термелгени, качандыр эбак болуп өткөндү, алыскы туманда калган турмушту эске түшүрөт. Кийинки жарым кылымдын ичинде башынан эмнени өткөрбөдү, нени көрбөдү…

Көгөргөн ак чокулуу тоолор поезддин артынан калбай закымдап келе жаткансыйт. Кең талаадагы кычынын сапсары гүлдөрү зуулдап вагонду жанып өтүп, күн шооласынын жаралган сары алтын көлдөй көрүнөт. Аны тике кароодон көз уялат. Сары гүлдөр… Баса, бул ажырашуунун жышааны эмеспи! Анысы аз келгенсип, поезддин дөңгөлөктөрү да ажырашуу, ажырашуу деп дүкүлдөгөнсүйт. Ал эми Айшанын тагдырына да ажырашуулар кесепет болбодубу. Ошол ажырашуулардын айынан минтип бир сырдуу, муңайыңкы болуп калбадыбы…

Биринчи ажырашуусу мындан көп жыл мурда болгон… Түн ортосунда ал күйөөсү Мукашты вокзалдан алыскы чоң шаарга узаткан. Анда экөө жап-жаш кези… Чогуу келген достору өз ара акырын сүйлөшө калышып, четке чыга беришти. Айша болсо бетин Мукаштын койнуна катып, негедир ыйлап жиберди.

– Ой, сен эмне, мени өлүмгө узатып жатасыңбы? – деп Мукаш ийнинен кыса кучактады.

– Билбейм, жүрөгүм сыздап кетти, – деди Айша.

– Жаракөрүм. Көп муңайба! Бат эле келип калам.

– Билим алып, чоң начальник болом, – деп тамашалады Мукаш. Бирок жап-жаш Айша уктап жаткан уулун бооруна кысып, жашын токтото албай койду…

Поезд аппак талааны бойлоп зуулдап кете берди. Суусуз какшыган терең арыктар жердин бетиндеги тилкедей бозорот. Колхозчулар топтошуп да, жалгыз-жалгыздап пахта терип жүрүшөт. Эркектер төшү ачык ак көйнөкчөн, ала топучан, аялдар кызыл ала көйнөкчөн. Алар күнгө күйгөн күрөң жүздүү баштарын көтөрүп, кетип бара жаткан поездди узата карап, күлүмсүрөшүп, пахтадай аппак тиштерин ырсайтып, колдорун булгалашат. Жалаң эркектер иштеген топтон кимдир бирөө вагондун тамбурунда кетип бара жаткан спортсмен кыздарга тийишип, бери түшкүлө дегендей колдорун жаңсап, «мен сенин артыңан жердин түбүнө чейин поездди кууп барам», – деп бири тамашаласа, беркилери кыраан каткы күлүшүп, кетип бара жаткан кыздар бири-бирин карап аргасыздан жылмайышат.

Поезддин дөңгөлөктөрү болсо «ажырашуу, ажырашуу» – деп какылдайт.

Мукаш чоң шаардан эмнелерди көрүп, кандай окуп жатканын сүрөттөп, күн алыс дээрлик кат жазып турду. Кийинчирээк каттары сейрек келе баштады. Экинчи жылы ал кат жазууну таптакыр токтотту. Айша үйүнө шашып-бушуп келсе, ящикте кат тургай таш балакет да жок. Күйөөсү тирүү эмес го деп ойлой баштады, бирөөгө айтайын десе тили барбайт. Бирок, аман-эсен келер деген үмүтүн үзбөдү. Чынында эле күндөрдүн биринде Мукаш келди, бирок, күйөөсүнүн келиши Айшаны сүйүнткөн жок, анткени, ал башка бир аял менен келиптир.

Бул окуя Айшаны абдан ызалантып, ишеничин кетирип, жүрөгүн муздатып салды окшойт. Ал бара-бара адамдарды кыртышы сүйбөгөн ачуулуу аял болуп калды. Эркек аттуунун бардыгын жек көрөт.

26.04.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.