Күздөгү жаандар

Мар Байжиев

Күздөгү жаандар

Негедир үстүңкү этажда жашаган картаң чачтарач эсине түштү. Ал күнүгө эртең менен балконуна керебеттин дат баскан пружиналарынын тагы бар кызыл-ала матрасын жайып, далысын күнгө кактап отурат, күркүлдөп жөтөлүп тамаки чайнайт, анан эт-майы жок тамак бышырып, кружкасын көтөрүп Айшадан кайнак чай сурап кетет. Ал абышка жалгыз өзүнө чай кайнаткандан эринүүчү, бирок, кошуналар аны сараңдыгынан чай сатып албайт деп ушакташчу. Бир жолу картаң чачтарач чайга келгенде Айша:

– Чай муздап калды, ысытып берейинчи, – деди.

– Оой! – деп колун шилтеди чал. – Ысык ичемби, суук ичемби барар жерим жакындап калды…

Терең ойдо жаткан Айша терезенин тырс эткенинен чочуп кетти – баягы бармак башындай чымчык кайра учуп келиптир. Ал татынакай аялдай койкойгон мойнун буруп, Айшага кылчайгандай болду.. Айша аргасыздан мээримдүү жылмайды, күлүмсүрөдү. Чымчык эмнегедир Вераны элестетти. Ал кызматтан келгенде плитанын жанына отуруп, үшүп кеткен колу-бутун жылытканда дал эле ушу чымчыктай тиктечү, мурду да чымчыктыкындай быйпыйган. Өзүнө жарашыктуу эле. Уулу аны менен жашаган соң, сүйгөндүр, эркелеткендир. Балким, кыз чынында эле Эркинден төрөлгөндүр. Башкадан туулса эмне экен? Бала деген – бала да. Ошондой болсо да кыз эч нерседен шеги жок, Айшаны өз чоң энесиндей көрөт эле да. Веранын бир туугандары, жакындары жок – баары согуштан кырылган турбайбы. Анан ал аял жердин алыстыгына карабай, толгон азап-тозок менен бир ай жол жүрүп мында жакынын издеп келген го. Вера өзүнө ылайык адамга жолугуп, аны менен баш кошуп кетип калган күндө да кызды Айшага таштап кетсе, аны эптеп багып, чоңойтуп, күйөөгө берип, анан анын балдарын бакса, минтип төрт тамдын ортосунда соксоюп жалгыз отурбайт эле го. Бул жөнүндө эмне үчүн ошондо, мындан жыйырма жыл мурда ойлонбодум экен? Эмне үчүн ошондо ичимдеги ишенбестигим, арсар ойлорумду жеңип чыга албадым? Жаш белем? Мүмкүн, уулум же эрим кайтып келеби деп үмүт кылгандырмын? Же болбосо сезимимдин тереңинде алдыдагы тагдырыман дагы бир жакшылык күттүмбү? Кантип эле алты саны аман адамды турмуш бардыгынан өксүтүп койсун! Жок, андай деле эмес! Ал кезде мага бир аз гана адамгерчилик, мээримдүүлүк жеткен эмес. Ооба, мээримдүүлүк, – деп Айша-апа өзүнө угуза айтты да, кроваттан башын көтөрдү. Жүрөгүнүн тереңинде көп жылдан бери өйкөп жүргөн шишик жарылып кеткендей болду окшойт – эсине эми келгенсип көпкө чейин мелтиреп отурду.

Вераны жана анын кызын издеп табыш керек! Мына анын эң акыркы адреси! Ал Ташкенттен жазган болчу. Токуу фабрикасына кызматка орношкон. Кызым менен жумушчулардын жатаканасындамын деген. Азыр, албетте, ал жерде жок. Бирок, анын кайда экендиги жөнүндө маалымат калгандыр. Мүмкүн эрге тийгендир? Өз атасынын фамилиясын өзгөрткөндүр. Өзү туулуп өскөн жерине кеткендир! Бирок, аны табууга болот! Ар бир айдын он үчүндө жазуучу Агния Барто радио менен согуш жылдары бири-бирин жоготкондорду издеп кээсин таап жатпайбы. Ага, жаңылыштыкты моюнга алып, кат жазыш керек, аны мындай сөз менен башташ керек: «Ардактуу Агния Львовна, сизге кат жазган алыскы Кырызстанда жашаган бир аял. Мен өз турмушумда эки чоң ката кетирдим. Ошол эки катанын эч болбогондо бирөөнү оңдоого мага жардам бериңиз…» Вера тирүү болсо сөзсүз жоп кайтарат, эгер ал бирдеме болуп калса, анда анын кызы жооп берет. Ошентип бири-бирибизди табышабыз!

Күн найза бою көтөрүлүп калыптыр. Эми анын шооласы арктикадагы муздарды жарып бара жаткан кеменин сүрөтү илинип турган дубалга тийди.

Жок. Иче турган суусу али түгөнө элек. Өйдө туруп, алга басыш керек. Адамдарга барыш керек. Аларга барып, кир жууп, мончо тазалагыч болсо да, кишилер менен аралашып иштеш керек. Сүйүп, жек көрүп, ыйлап, күлүп, иштеп, чаалыгып, жапа чегип, бала сүйүп, алга умтулуп, эс алуунун жыргалдуу рахатын көрүш керек!

Айша кроваттан тез туруп, мойну-башын муздак сууга чайып, күзгүгө келип, сүртүнө баштады. Күзгүдөн аны көк ала чачтуу арык чырай кемпир карады. Оор уйкусуз сары санаадан абдан чарчагандай түрү бар. Көздөрү үңүрөйүп кетиптир, бирок, карегинде билинер-билинбес учкун, ал тургай шоктук байкалгансыйт. Айша тез кийинди да, улагадан тамда илинип турган бир кезде уулу сатып келген сүрөткө көз чаптырды. Сүрөттө муз жаргыч кеме түндүктүн мээримсиз ызгаарына моюн бербей, океандын муздак толкундарын жарып алга карай кетип бара жатыптыр…

26.04.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.