АДАММЫН
Жалил САДЫКОВ:
Тулпарлар айдатылды абдан ыраак,
Тулпарлар айлык жерге кетти чубап...
Каныкей Тайторусун төлгө кылып,
Чыкса деп, жашын төгүп ыйлап турат.
Угалбай Каныкейдин муңдуу датын,
Далайлар көтөралбайт жерден башын...
Мен көрдүм ошол чакта Саякбайдын
Көзүнөн салаа-салаа тамган жашын.
Укканда боздоп-боздоп чыккан үнүн
Аргасыз бошоп кетти мууну-жүнүм.
Ошондо асман бетин булут каптап,
Кара жер боло түштү кара күүгүм.
Чын эле, кара булут каптап күндү,
Заматта жамгыр жаады, кыян жүрдү...
Былк этпей олтургандар жашын төгүп,
Тыңшоодо Саякбайдан чыккан үндү.
Чыдабай Каныкейдин азабына,
Карылар жаш куюлтат сакалына,
Кемпирлер аккан жашын аарчый албай,
Балдарын корголотот чапанына...
Бул ыйга келин-кезек кошо жашып
Жигиттер төмөн карайт тунжурашып,
Ый менен аккан жамгыр кошулганга
Ысыккөл бараткансыйт ашып-ташып.
А Сакең эчтеме албай капарына,
Аттарды айдап таштап сапарына,
Кайрылат бер жактагы Каныкейге,
Кайрылат Семетейдин чатагына.
Аңгыча кеткен аттар кайра тартат,
Укканың жүрөк мыжып, жүрөк жанчат.
Эсепсиз нечен тулпар бери чубап,
Тайтору артта жүрөт “Кудай алкап...”
Дал ошол тулпардардын өзү сымак
Булуттар асман бетин бербей чубап,
А жамгыр Каныкейдин жашы өңдөнүп,
Тынымсыз агып жатты жерге кулап...
Утурлап улам бирин-бири сүрүп,
Келатат жаадай учкан нечен күлүк...
Ысыккөл Тайторунун жогун угуп,
Ызалуу бууракандайт үшкүрүнүп.
Көп өтпөй жааган жамгыр улам бастап,
Булуттан күн көрүндү аздап-аздап...
А көрсө, алтымыш ат соңун ээлеп,
Тайтору келатыптыр аяк таштап.
Карт күлүк кызыйт белем жүрө-жүрө,
Тулпардын артка калат улам бирөө.
Негедир ошол чакта Семетейдин
Оюна түшө калат атты сүрөө.
Семетей өзү туюп, өзү билип,
Оозуна Манас кирип, Талас кирип,
Сүрөсө... чыдай албай кубанычка,
Жадырайт жер да жибип, эл да жибип...
Ошентет, эр Семетей сүрөөнгө алат,
Аргасыз алтымыш ат артта калат.
А Сакем өзү сүрөп бараткансып,
Айкайлап айтып жатат жанын сабап.
Ысыккөл албууттанып ошол чакта,
Окшошуп толкундары чапкан атка
Арт жактан бирин-бири кубалашып,
Келатты улам бири бери жакка;
Толкундар мурдагыдан күчөп, демеп,
Алдыда Тайторудай бирөө келет...
Карасаң көбүк чыгып, буусу чыгып,
Күшүлдөп чапкан аттай добуш берет.
Сүрөтүп алп Манастын баласына,
Тайтору келип жетти марасына...
А толкун кылымдардын жомогу окшоп,
Кумдардын житип кетти арасына...
Келгендер: карысы да, баласы да
Ыраазы Сакем айткан Манасына!
Мен болсом Ысыккөлдү, Саякбайды
Ойлодум бир ыр кылып жаратууга...
II
Кыдырып жазуучулар жүргөн тобу,
Бир күнү Акөлөңгө келдик чогуу.
Саякбай: “Айдай түш” – дейт автобусту,
Токтотпой токтоор жерге ошол жолу.
“Айда деп айткан сөздү албай эрөөн,
Айдай түш шопур балам бир аз төмөн.
Бет алгын тээ-тетиги чатыр тамды,
Бактырган бүркүтүм бар... Барып көрөм”.
Шоферде сөз укпаска арга барбы,
Айдады, айткан жерге токтоп калды.
А Сакем автобустан түшөөр менен
Айылга чуу түшүрө айгай салды:
— Көзүңдөн секет кетип калайыным!
Көзүңө кара жанды чабайыным!
Сезди окшойт, ормоң карап албадыбы,
Айтсаңар, кантип чыдайм, агайыным!
Кырааным!
Как жүрөгүм!
Кара жаным!
Көрсөңор мойнун буруп караганын.
Кечиргин, кечирип кой, күнөө менде,
Үч айда бир келгенге жарабадым...
Көргөндө анын мындай жалбараарын,
“Тобо!” – дейм, мен өзүмчө таңданамын.
Башкага эрөөн болмок. А Сакемдин
Жадаса кыйкырыгы жанга жагым.
Сакеңдин кыйкырык-чуу, калдалаңын
Биз коштоп, беттеп калдык алма багын.
Астыда айгай салып өзү барат,
А менин мобул болду аңдаганым:
Бүркүт да Саякбайдын өзү сымак,
Үн салып шаңшып алды: “кылляк, кылляк”.
Сыягы, жазбай таанып турса керек,
Аралык болгон менен бир топ ыраак.
Көз көрбөй томогочон турган менен
Ал үндү алда кайдан тааныйт белем?
Кайрадан шаңшып коюп, кош канатын
Талпынтып, күтүп турду кайран берен.
А Сакең мүдүрүлө шаша басып,
Жалына, көрүшчүдөй кучак жазып,
Барды да томогосун сууруп алды
Бүркүттүн балбылдаган көзүн ачып.
Биз көрдүк бүркүт дароо тааныганын.
Сүрөттөп айтыш кыйын ошол чагын!
Сакеме башын жөлөп...
Сакем болсо,
Кучактап,
Сүйөп турду бир жак жаагын.