АДАММЫН

Жалил САДЫКОВ:

АДАММЫН

Анан барып, от дүүлүгүп канымда,
Жүрөк жылып ошол оттун табында,
Көңүл эрип...
               Жылт-жулт эткен учкундар 
Калып калат ырларымдын сабында.

Төбөм көккө жете түшүп ал ырга,
Ченем жоктой таалайымда — багымда,
Баягымдан башка боло каламын
Байкап көрсөң дал ошондой чагымда.

Күлүктөймүн чыгып келген жарыштан,
Жоргого окшойм танбай келген алыстан.
Комузга окшойм калың топко чертерде
Кайра баштан кыл чыйратып тагышкан.

Ал комуздан залкар күүлөр сабалып,
Чөккөн көңүл аткан таңдай агарып,
Наристеге окшой түшөм заматта
Бул дүйнөгө жаңы келген жаралып.

Мейли майрам,
                  мейли болсун дем алыш,
Көп учурда үйдө калып калабыз.
Кечир, жаным,
                  Түйшүгүмө чыдай бил,
Оңой эмес сонун ырлар жаралыш.

 

ВРАЧ ЖАНА МЕН

Жүрөк ооруйт...
Врач тыңшап дабышын,
Апкелдирип аппараттын жаңысын,
Ток аркылуу чубалжыган кагазга
Жазып алды кан тамырдын кагышын.

Мен унчукпай кайра кием кийимим.
Врач болсо карап жүрөк чийинин,
Өлчөп чыгат төмөн түшкөн сызыгын,
Өлчөп чыгат өркөчтөрдүн бийигин.

Эртесинде, кайра тьңшап дабышын,
Жазып жатып аты татаал дарысын:
— Кайгырбагын, толкунданба, күлбө, — деп,
Айтып чыкты эреженин баарысын.

Билбейм анык, оюм туура, катабы,
Мен унутсам шаттык менен капаны,
Кантип жашайм кайнап жаткан турмушта
Таштан чеккен бир эстелик катары?

Акты кара деп айтканын бирөөнүн
Арабыздан нечен угуп журөмүн.
Ачуум келет. Салгылашам андайга,
Анан кантип оорубасын жүрөгүм?

Мен кез-кезде кошоматчы бирөөнүн
Жоругуна боор эзиле күлөмүн.
Күлбөскө не?
                Арманым жок андайда 
Тарс жарылып кетсе дагы жүрөгүм!

Андай чакта кантип күлбөйм атайын!
Андай чакта кантип бербейм сазайын?
Мен кармашам!..
                     Чындык үчүн тик турам!
Мейли бир күн, мейли бир жыл жашайын!

 

САЯКБАЙ

I

Эскерүү – ачылбаган алтын сандык,
Ал байыйт мезгилдерден улам арбып.
Аларды катып жатпай көрсөткөн оң,
Анткени эл буюму элге таандык.

Бир жылы сегиз акын буйрук алдык,
Алдык да биргелешип көлгө бардык.
Ыр окуп, элдер менен жолугушуп,
Көп күнгө көлдү айлана жүрүп калдык.

Билинбейт карыбызбы, балабызбы,
Саякбай ширеп салды арабызды.
Бир туруп, теңтуш кылса Байдылданы,
Бир туруп, теңтуш кылат Чалагызды.

Ошентип, теңтуш болуп жаш, карыга,
Кубанчу боор эзилип жатканыңа.
Сөз менен Капал жакта солдат болуп,
Сөз менен барып кайтчу Кашкарына.

Солдатта кимден эмне үйрөнгөнүн,
Кашкарда кандай болуп үйлөнгөнүн
Жашырбай... калемпирин, мурчун кошуп,
Каткырып айтаар эле сүйлөмдөрүн.

“Манастын” кире электе дастанына,
“Манастан” кем айтчу эмес башканы да.
Баа чиркин! Жанын таштап сабаар эле
Каныкей Тайторуну чапканына.

Күчөтүп алп талантын Манас анын,
Билчүбүз бүт кыймылы жарашаарын.
Өзүнө көрк бергенсип тураар эле
Өзгөчө шак койгону алаканын.

Эсимде менин ошол барышымда,
Жүргөнбүз көлдүн күнгөй багытында,
Бир колхоз бизди келет дегенди угуп,
Жыйнаптыр баласын да, карысын да.

Келген эл касканактап аба жарып,
Баарысы чоң клубка батпай калып,
Акыры бир пикирге келдик дагы,
Отурдук көл жээгине чогу барып.

Ортодо шырдак салды дөңсөө жерге,
Акындар ыр окудук келген элге.
Ошондо адат болчу эмнегедир,
Сакеме аяктатып кезек берме.

Баштаса Сакем деле баштаар эле,
О, бирок, Сакем бийик аскар эле.
Балкытып бүткөн бойду коргошундай,
Баарысын жыйынтыктап таштаар эле.

Андыктан кезек берчү акырында,
Ал баштап Тайбуурулдун басыгында,
Аягы тизгин тартпай күчөп алчу
Карабай чакырымдан чакырымга.

Кубантып тегеректеп турган элди,
Акындар көп ырларын окуп берди.
Адаттай баары бүтүп калган чакта,
Акыры Саякбайга кезек келди.

Айтылды алп Манастын өлгөн чагы,
Айтылды атпай журту көмгөн чагы.
Айтылды алты арамдан качып-бозуп,
Каныкей кандай күндү көргөн чагы...

Айтылды кайран Бакай каргандыгы,
Хандыкты Көбөш тартып алгандыгы.
Калкалап кайненесин, Семетейин
Каныкей төркүнүнө баргандыгы...

Саякбай ашкан чебер, ашкан уста,
Маш эле боздоп туруп аткарышка.
Ыйлатып Каныкейди, төлгөсү деп,
Акыры кезек берди ат чабышка.

08.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.