Адабият жана адабий сын
Салижан ЖИГИТОВ
Албетте, принциптүүлүктүн да, принципсиздиктин да, баатырлыктын да, коркоктуктун да чеги бар. Турмушта ар кандай болот, баарын эле какайып бир жол менен кете бер деп айтыш кыйын.
Принциптердин, көз караштардын өзгөрүп кетиши мүмкүн, бүгүн дос болуп, эртең кас болуп калышың мүмкүн. Адамдык мамилелер ар кандай болот. Бул эми жеке мамиледе болсо мейли, а бирок элге жарыя айтылып, макала болуп жазылып, китеп болуп чыгып кетсе, бул бир топ оор маселе да. «Кечээ мен эмне деп айттым эле, эл сокур эмес, дүлөй эмес, көрүп койсо эмне болот, угуп койсо эмне болот» – деп ойлонуш керек го?! Ар бир сынчы өзүн өзү сыйласа, өзүнүн эмоциялык жарылууларынан, же болбосо, кандайдыр бир антипатия, симпатиясынан улам жазбай, чындыкты издөө, бекемдөө үчүн жазат. Албетте, абсолюттук чындыкты айткандар бирин-экиндеп кездешет, бирок салыштырмалуу эле чындыкты айтып, ыйманды таза сактоого неге болбосун?!
Биз улут катары да жашпыз, жаш адабияттын өкүлүбүз. Жаңыдан чыгып келатабыз. Мына бизден дүйнөгө суурулуп чыккан Чыңгыз Айтматов болбодубу. Эми анын жолун жолдоп, артынан атылып чыккан прозаиктер жок болуп жатпайбы?! Чыгармасы орусча которулуп калса эле, аларды дүйнөлүк, жалпы союздук аренага чыкты деп айтууга болбойт да. Кээ бир жерлерде биздин адабият таанууну, сынды бийик даражада деп айтышат экен. Бирок биз бирөөлөр айтып койду эле деп дардаңдап кептей, ар убак жупуну болуп, бирдемени жасап, кыйратып ийсек дагы кыйраттык деп төш какпай, өзүбүзгө сын көз менен карап, талапты көп коюп, жасаганыбыздан жасай элегибиз көп деп турганыбыз жакшы го.
Жаштар арасынан, албетте, жакшы сынчылар чыкпай жатат. Дегеле жаштар дегенде кимди айтабыз? С.Кармышаковду жаш, жаш деп жүрүп карытып жибердик, андан кийинки А.Эркебаев ж.б. отуздан ашып кетти. Жаш сынчылардын ичинен суурулуп чыккан эч ким жок болгондуктан жаш сынчы деп кимди айтарыбызды билбей жатпайбызбы?! Ошондуктан бизден кийин келе тургандарга, өзүбүздүн мурасчыларыбызга кам көрүшүбүз керек. Биздин ордубузду баса турган, бизден ашып кете турган шакирттерди чыгарышыбыз керек. Эгер менин окуучум, менин шакиртим мени баспаса, менден ашып кетпесе, менин ишимди улантпаса, мен бул дүйнөдө эмне үчүн жашап жүрдүм? Тилекке каршы, ошондой шакирттер атайын окуу жайларына, аспирантураларга кабыл алынбай жаткандыгын какшап айтып келатам.