Адабият жана адабий сын
Салижан ЖИГИТОВ
Алыкул Осмонов: «Мен өлгөндөн кийин жакшы дегениңдин эмне кереги бар, тирүү кезимде жылуу сөз укпасам» – деп бекеринен жазбаса керек...
Жалпысынан алганда, куш учкан бийиктиктен серп салып караганда биздин сындагы кырдаал ушундай көрүнөбү деп ойлойм. Албетте, анын жалпы картинасын түзүү кыйын, ан үчүн беш-алты жыл жылбай иштеш керек.
Идеал боюнча сын акты ак, караны кара деп айтыш керек. Идеал боюнча! Дегеле адам баласы чындыкты айтыш керек, муну мойнундагы парз дейбиз го. Бирок реалдуу турмушта бул бир топ татаал маселе, сын дайым эле кара кылды как жарып, адилет сөзүн айтып турбайт. Аны биз адабиятыбыздын алакандай тарыхынан көп эле жолуктурабыз. Сен айткан, кызмат даражасына, мансап наамына, ашына-кошуначылыгына карап мактоо мурда чындыгында эле көп болгон, азыр деле андан арылып кете элекпиз.
«Качкан жоону катын саят» болуп, адабиятка тиешесиз касиеттери үчүн наам, сыйлык ж.б. алгандарды санап олтуруунун, менимче, бул жерде эч кандай кажети жок. Бирок бир моментке токтолуп кетүүгө туура келет. Бизде ошого жараша бүгүн эле көрүп, бүгүн эле биле калгансып, сынчы болуп эрдемсип чыга келгендер да көбөйүп кетти. А убагында кайда жүрдү эле? Ошол эле жерде, айрымдары дал ошолордун колтугунда!
Мен учурунда, республиканын мурдагы жетекчилери турганда эле, жаш сынчылардын республикалык кеңешмесинде орой көз чарай, конкреттүү мисалдар менен айтып чыккам. Ким сындалат: жалаң адабият менен алпурушуп, бир кызматта иштебегендер, же эптеп китеп чыгарып алган айылдык авторлор. Кыскасы, кызматта иштебегендерге сын кыргыйдай тиет. Анан ошолор сыяктуу эле жазып жаткан бирөө кызматтын башына келип калса, мактаганга сөз табылбайт. Анткени анын колунда бирдеме бар, жакшылыкка жакшылык менен жооп бере алат ж.б. деп.
Албетте, бул илдеттен арылышыбыз керек. Бирок арылуунун да албан кыйынчылыктары бар: ар кандай шылуун ар кандай шартка жараша өзгөрүп турат, алар азыр да башка бир формасын, башка бир ыгын табууга жан далбас кылып жатышат. Азыр да ошол мансабына жараша мактоо, же болбосо бир чыгарманы мактаса, анын эч бир кемчилигин айтпай кетүү, жок дегенде сыпайыкерчилик үчүн жөлөмөлөп: «Кокуй, эл эмне дейт» – деп сылап-сыйпап айтууну унуткан макалалардын чыгып жатыш фактылары бар. Ал эми бир чыгарманы, асыресе, кызматтан түшүп калгандардын китептерин «соккусу» келсе, дегеле жылтыр эткен жагын көрбөй, «төө бастыга» алуу аракети бар. Андан да кутулушубуз керек. Кутулганда кантип кутулабыз: ошондой илдетти көрүп туруп көрмөксөн, билип туруп билмексен болбой. Ошону менен жазуучуга да, сынчыга да жардам беребиз. Алар бизди ошол учурда жаман көрөт, бирок өздөрүнүн тагдыры кейиштүү болбойт.
Азыр коомдук зор, болгондо да кескин өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Мындай өзгөрүүлөр тарыхта, анын ичинен кыргыз элинин тарыхында көп болгон. Болгон сайын жакшы, позитивдүү көрүнүштөр оргуп чыккан, ошол эле учурда айрым терс көрүнүштөр да илээшип жүргөн. Кыргыздар: «Эл дүрбөсө, эшек кошо дүрбөйт» – деп коюшат. Мунун мааниси бар. Мен айтар элем, эл дүрбөйт, эшек кошо дүрбөйт, ал гана эмес, алдыга чыгып алып, элдин үнүн басып коюуга аракет жасайт. Жалпы тарыхты алганда ушундай учурлар көп.
Анын сыңарындай айрым демагогдор, ичинде кекенич-кээри барлар, майда мүдөөлүү ичи тарлар мына ушундай бурулуш мезгилдин оошкыйышын пайдаланып калууга аракет жасап жатышат. Анткени ар бир бурулуш мезгил жеңил бүтүп, шар өтүп кетчү процесс эмес, көп факторлорго байланыштуу, өтө татаал процесс.
Бурулуш учурунда коомдун чыныгы мүчөлөрү, бизди туюндуруп, кийиндирип жаткан кишилер, өз өнөрүн жакшы өздөштүргөндөр унчукпай эле иштеп жатат, а айрым демагогдор, айрыкча профессионал арызчылар эл топтошкон жерде, ар кандай жыйындарда чыга калып, ага тон берип, үстөмдүк кылып кеткен учурлар да көп.
Адабиятыбызды алалы. Кээ бир жазуучулардын, айрыкча, мурдагы жетекчилерден ыдык көргөндөрдүн (андайлар бар), же болбосо ыдык жебей эле ошол учурда «жыргап» жүргөндөрдүн арасында кырдаалдан пайдаланып, өзү көралбаган, же жөн эле пикири келишпеген кишилерин «согуп» калууга, же болбосо ошонусу менен бирөөлөргө жагынып, мансапка жетүүгө аракет кылгандар бар.