Адабият жана адабий сын
Салижан ЖИГИТОВ
Бирөө мөгдөп турса, аны ого бетер нары түртүп, кыбасын кандырууга аракет кылгандар жок эмес, бар. Бирок мындай нерселер бурулуш учурунда боло берет. Турмуш акылдуу, турмуш адилет: бир кишини, мейли миң кишини алдоого болот, бирок турмушту, элди эч качан алдоого мүмкүн эмес. Турмуш акыры ар адамды өз ордуна коёт, аны эл да, жетекчилер да көрөт, анан таз кейпин кайра киет, адал эмгеги менен ак жашаган азамат адам бойдон калат. Ак жеринен мүдүрүлгөндөр турат. Мындай көрүнүштөрдү өтөле драмалаштырып жиберүүгө да болбойт, ошол эле учурда айтпай коюуга да мүмкүн эмес. Эмне үчүн биз, жөнөкөй адамдар – адал эмгек, ак ниет менен жашап, калыс, адилет болууга толук мүмкүнчүлүгү бар адамдар ошондой иштерге жол берүүгө тийишпиз. Айталы, адабияттагы жанагыдай көрүнүшкө: «Сыныңдын кайнап чыккан казаны таза эмес, сен кимдир бирөөдөн өч алганы, же кимдир бирөөгө жагынганы жатасың» – деп айтууга эмне үчүн тийиш эмеспиз. Айтууга акыбыз бар, милдеттүүбүз.
Менин оюмча, биз, адабиятчылар, чыгармачылык жактан ыкшоолук кылып, аз иштеп, аз жазып жатабыз. Убактыбыздын көпчүлүгү көр оокатка, адабияттын тегерегиндеги арзыбаган кеп-сөздөргө, принципсиз, группалык күрөштөргө, айтор, чыгармачылыкка тиешеси жок нерселерге кетип жаткандай. Экинчиден, баарыбыздын эле билимибизде көп өксүк бар. Баарыбыз тең эле айылда өстүк. Эне тилибизде миң жылдык, жок дегенде жүз жылдык илимий тажрыйба, интеллектуалдык багаж жок. Ошолорго жетиш үчүн орус тилин үйрөнүүгө туура келди. Бирок адабиятчыларыбыздын көпчүлүгү орус тилин ойдогудай билбейт. Ошон үчүн жалпы маданиятыбызда, айрыкча айтар элем, философиялык камылгабызда өтө көп өксүктөр бар. Баарыбыз иштешибиз керек, окушубуз керек, акыл-ойду байытып турушубуз керек. Иштегенде да сан жагынан эмес, сапат жагынан иштешибиз керек. Бул жазуучуларга да түздөн-түз тиешелүү.
Чыңгыз Айтматов чымырканып олтуруп беш жылда араң бир роман жазса, көп жазуучуларыбыз романды беш айдын ичинде эле шылып салып жатпайбы. Бардык жанрда ызылдатып тынбай жазгандар бар. Кээде мен өзүмчө ойлонуп кетем: ушу кээ бир жазуучулар жазгандан көрө жазбай эле койсо жашы болот эле. Көпчүлүк сын макалаларда, китептерде ой азабы сезилбейт. Адам болгондон кийин, интеллигент, илимпоз болгондон кийин, ойлонуп жашаш керек го.
Дүйнө жөнүндө, адабият, эл жөнүндө... өз тагдыры жөнүндө, акыры өзүнүн бир күнү өлө турганы жөнүндө ойлонуш керек го?! Ошол өлө турганын ойлогон адам ыймандуу болот, боорукер, айкөл болот, анча-мынча нерселерди салыштырмалуу кабыл алат.
Адабиятчыларыбыздын көпчүлүгүндө сөз азабы сезилбейт: калемине биринчи урунган сөз менен урдуруп жаза беришет. Мен, маселең, кыргыз сынчыларынын макалаларын, китептерин окуп, стиль жагынан такыр алымсынбайм, тойбойм. Карап олтуруп оңдогум эле келе берет. Логикалык, стилдик, грамматикалык каталар кадам сайын учурайт.
Эми маселелердин көтөрүлүшүнө келгенде, биз орус сынчылары көтөрүп жаткан маселелердин жарымын да көтөрө элекпиз. Адабиятка байланышкан коомдук маселелер бар, адабияттын өзүнүн маселелери бар. Адабиятта азыркы турмуш кандай чагылдырылып жатат? Муну ойлонгонубуз барбы? Мисалы, биздин адабиятта айыл турмушу кандай жазылып жатат? Баарыбызга белгилүү, прозачыларыбыз бүт айылдан чыккан. Шаарда 30–40 жылдан бери турушат.
Бирок жалаң гана айылды жазышат. Айылга болсо анда-санда конокко же отпускага барышат. Жолугушууга барышат, анда да конок болуп кайтышат. А айыл турмушу түп-тамырынан бери өзгөрүлүп, коомдук өндүрүштө, салт-санаада, адеп-ахлакта башкача процесстер жүрүп жатат. Аларды биз прозадан же публицистикадан көрөбүзбү?
Албетте, көрбөйбүз. Көпчүлүгү бала чагынан алган турмуштук таасирлердин, тажрыйбалардын тегерегинде айланып жүрүшөт. Береги эле казак жазуучулары айылга айлап-жылдап жатып алышып, жаңы чыгармаларды жазып жатышпайбы!
Же болбосо, публицистика эмне үчүн өнүкпөй жаткандыгы жөнүндө ойлонгон эч ким жок. Балким, жандуу турмуш менен жазуучулардын катышы аз болуп жаткандыгынан болуп жүрбөсүн?
Жаза келсең, ойлоно келсең көтөрүлө элек маселе көп. Айрым учурда заказ боюнча, моюнга тагылган милдет боюнча жазып калууга туура келет. Мисалы, мен Шаршен Термечиковдун юбилейине карата доклад жазып көрсөм, биздин адабиятта юмор маселеси, анын табияты, проблемалары жөнүндө ойлонгон бир дагы адабиятчы жок экен. Же болбосо, азыркы драматургиябыздын өнүгүшү, анын турмуш менен байланышын жалпы союздук, дүйнөлүк адабияттын масштабына салып карап көргөн эч ким жок. Албетте, айрым макалалар бар. Мисалы, С.Байгазиевдин бир топ чыйрак жазылган макаласы жарык көрдү. Бир топ драматургдар чычалады. Айла жок, өзүнө карата айтылган сөзгө чычалабаган жазуучуларды азырынча көрө элекпиз. Бирок айтыш керек. Ким өзүн өзү сыйлабаса, эч ким сыйлабайт. Сынчылык ыйман деген да ошол өзүн өзү сыйлоо. Ыймандуу сынчы адабияттын, коомдун, чындыктын мүдөөсүнөн чыгып жазат. Жазуучуга жардам берейин деген ниет менен жазат. Бир эле чындыкты бүгүн башка, эртең башка кылып айтып жүргөн сынчыларыбыз да бар. Жарма таарынычтан өч алгысы келип сын жазса, же бирөө конокко чакырып, же башка бир иштер менен милдеткер кылып койгондуктан мактап жазса, аны сынчы деп айтууга болобу?!