Адабият жана адабий сын

Салижан ЖИГИТОВ

Адабият жана адабий сын

   Бизде аракеттеги сынчылар аз. Кийинчерээк адабият илимине илешип жүргөндөрдүн баарын эле сынчы деп атап алдык. Адабияттан илимдин докторлору да бир топ, ал эмес кандидаттар өтөле көбөйүп кетти десе да болот. Бирок адабияттын аркасы менен өз ырыскысын таап жүргөндөрдүн көбү, б.а., илимпоздордун көбү сын жазганга шайы келбейт, бир тобунун таланты, бир тобунун темпераменти жок.

Ошонун азабынан бизде сынчы катары аз эле киши аракет кылып жүрөт. Анын үстүнө динчилер динден кайткандай, мурдагы катуу чыккан сынчылар сындан кайтып жатат. Бул дагы адабий сындын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизүүдө.

Андыктан сынчыларды даярдоо маселеси келип чыгат. А жалаң сын менен жан багыш, албетте, аябагандай кыйын иш. Ан үчүн кандидат болуш керек, кандидат болуш үчүн аспирантурага өтүш керек. Ал эми аспирантурага ошол илимде иштей ала турган, илимий наамды актай ала турган жаштар кабыл алынып жатабы? Албетте, жок!

Болсо да өтө сейрек. Көпчүлүгү аспирантурага кирбесе, адабият менен иши  ок эле жүрө бере турган жандар. Бул, албетте, бири-бири менен бекем айланышкан татаал проблема: ан үчүн кыргыз филологиясы факультетине таланттуу улан-кыздарды тартыш керек, мектептерден адабий мыкты билим бериш керек ж.б.

Ошондой эле адабият маселелерин жалаң сынчылардын энчисине өткөрүп берип, «силер сындагыла, биз угалы» деп жазуучулардын кол куушуруп олтурушу да жакшы көрүнүш эмес. Пушкинден баштап, бардык чоң жазуучулар сынчы болушкан. Горький сынчы болгон, Твардовскийдин сындары чыгып жатат. Жакында каттары жарык көрдү. 7000–8000дей кат жазган экен, ар бири чакан сын.

Биздин жазуучулар юбилейге карата бир таанышын мактап жатып калбаса, өзүн толкундаткан же кыжырын келтирген чыгармаларга басма сөз аркылуу ак сөз айтып чыгышпайт. Илгери А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков сын маселесине көңүл буруп, кадимкидей кол кабыш кылып турушкан, азыр Ч.Айтматов салмактуу сын макалаларды жазып жатат. Башка жазуучуларыбыз же колунан келбейби, же мойну жар бербейби, айтор, мындай коомдук ишке кол кабышы жок. Бу дагы бир кедерги.

Жалаң эле жазуучулар менен сынчылар бирин-бири мактап же жамандап тура берсе, а дагы бир туюк нерсеге айланат. Буга окурмандар да катышып, окуган китептери жөнүндө жазып турушса, жакшы болор эле. Тилекке каршы, биздин окурмандар өтөле ыкшоо.

Натыйжада көп эле китептер коомдук пикирдин көңүл сыртында калып жатат. Алардын арасында чын эле сөз болууга татыктуулары да бар. (Минтип жалпы сөздү айта бергенге азыр аябагандай маш болуп кеттик, жалпы сөз менен дегеле баарын койбой сындап келебиз, конкреттүү бирөөнү атай келгенде эле мукактанып отуруп калабыз.)

Мисалы, Токтосун Самудинов деген акын бар. Чыгармачылыгын абдан эле жупуну баштаган, биринчи ырлары дароо шак этип көзгө уруна койгон эмес. Кийинчерээк китептен китепке өсүп олтуруп, азыр кадимкидей тың жаза баштады, адал иштеп, ак жүрдү. Ушул акын жөнүндө сөз айтып, жетишкен жактарын белгилеп, кемчиликтерин көргөзүп койгон сынчы болгон жок. А достук сезим, адал ниет менен айтылган сын акынга керек эле, чыгармачылыгына жардам, шык бермек. Өмүр бою тытынып чыгарма жазса, анан ак деген да, көк деген да сөз укпаса, андай жазуучуга чындыгында эле кыйын.

Орус жазуучулары сын көңүл бурбаса, окурмандар кат жазып жардам берип жатат деп каниет кылышат экен. А биздин окурмандардын абалын жогоруда айтып өттүк.

Ошентип, бизде бир топ жазуучулар ара жолдо калып жатат. Ошон үчүн иштеп жатсак баалабай жатышат деп өпкөлөгөн өктөөсү ичте жазуучулар көп, алардын ичинен сынчыларга таарынгандары бар. Мындай дооматтар адабиятчылар чогулган жерде, асыресе, чоң жыйындарда ачыкка чыгып жүрөт. Бул, албетте, мен ача койгон жаңылык эмес, Ф.Энгельс илгери эле: «Акындар мактоону, өзгөчө газета-журналдар аркылуу мактоону жакшы көрөт» – деп айтып койгон экен. Ар ким эле мактоону күтөт, сындан терең талдоону, омоктуу ойго салчу пикирди күткөн жазуучуну жолуктура элекмин. Ошого карабастан, таптакыр эле сөз укпай калуу кандайдыр бир вакуумга алып келери шексиз, кишини такыр эле ың-жыңсыз тынчтыкка бөлөп койсо, жинди болуп кете тургандыгын илим айтып жатпайбы!

30.12.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.