Стефан Цвейг

Бейтааныш аялдын каты

Стефан Цвейг

Эсиңде бар бекен, экөөбүз чакан бир ресторанга кирдик. Жок, кайдан эсиңде болсун, сен үчүн ал кеч миң сандын бири да. Аны эстеп калгандай мен сага ким элем? Өзүң шакаба чегип жүргөн көптүн бири элем да. Болбосо, азыр көптүн арасынан бөлүп эстегендей анда мен кандай бөтөнчөлүгүмдү көрсөттүм эле? Аз сүйлөдүм. Жаныңда отуруу, сөзүңдү угуу мен үчүн кол жеткис бакыт, сөз жеткис ыракат болду. Ошол үчүн бактыма бир келген бул кымбат учурду куру сөз менен өткөргүм келбеди. Жашымдан бери кыялымда тартылган сүйкүм элесиңди сен да актадың. Жүрөгүмдүн назик кылын орой чалып оорутпадың, оюмда сени кандай деп көкөлөтүп жүрсөм, так ошондой болуп чыктың, ошонуңа мен түбөлүк ыраазымын. Жадатып жабыша бербей, ашкере үйрүлүп эркелетпей, өзүңдү абдан сылык, адептүү кармап, ичти элжиреткендей жайдарылыгыңа, жаштайыман сендик болгон мен эмес, жаңы жолуккан кыз да ашык болуп багынып бермек. О, беш жылдан берки балалык кыялыма толуп көзүмө укмуш көрүнгөнүңдү билбейсиң!

Эл орунга отурганда ресторандан чыктык. Шашылыш жумушуңуз жокпу деп, эшик алдынан сурадың. Сенден ажырагым келбей турганымы кантип жашырмак элем? Кетүүгө шашылбайм дедим. Саал ойлоно калып, бир аз маектешип олтурууга үйүңө чакырдың. «Жакшы болот» — деп дароо жооп бердим. Жүрөгүмдүн тереңинен шар чыккан макулдугумдун өзүнчө купуя мааниси бар эле, бирок бул жообума сен таңыркагандай болдуң. Токтоосуз макул болушум көңүлүңдү сууттубу, же сүйүнттүбү, айтор, аябай таң калдың. Анын себебин мен кийин билдим: эркектин кучагын эңсеп, жан жыргалына чаңкап турган аял да, адегенде эле макул болбой чочугансып же уялгансып анткорлонот тура. Андайды колго түшүрүү үчүн эркек жалган жерден жүрөгүн сууруп жалынып, убада берип, карганат экен. Ал эми менчилеп жүр деген жакка кыңк этпей ээрчигендер же сүйүүнү кесип кылган бузулган аялдар, же сүйүү деген сезимге жаңыдан ээлигип жүргөн тажрыйбасыз жаш кыздар. А менчи?.. Нечен жыл бою ушул күндү көксөп кел деген жерден кучагыңа боюмду таштоого даяр турган жан элем. Ошондуктан денемдеги чың толгонгон пружина жасылып кеткендей болду. Сен бул жүрөгүмдөгү сырларды кайдан билипсиң. Эмнеси болсо да мага кызыга баштадың. Жолдо баратканыбызда улам көз кыйыгыңды салып жүзүмдөн өзүңдү таңыркаткан сырды издедиң, аны бурулуп карабай сездим. Көрүнгөндүн ички сырын айттырбай билчү сезимиң жаныңда бараткан тил алчаак, жылдыздуу кызда бир сыр бар экенин сезди. Сыр түйүнүнө жетсем деп кызыгып, улам айландырып, сыйпалап, түрлүү суроолорду бердиң. Бирок сырымды айткандан көрө келесоо болуп көрүнөйүн деп, тайсалдата жооп берип бараттым.

Имараттын подъездинен кирип, жогору квартираңа чыгып бараттык. Жаным, ачык айтканыма капа болбо, мен үчүн ушул подъезд менен ушул тепкич канчалык кымбат экенин түк билбейсиң. Ашыктыктын айынан башым айланып, көңүлүм толкуп, бакыт даамы балдан ширин, уудан ачуу сезилди. Ал учурду ойлосом азыр да ыйлайм, бирок ыйлап отуруп, көз жашым түгөндү. Билсең, бул имарат сарсанаалуу бала чагымдын элеси болуп, сүйүүм сиңген, кире бериштеги каалгада нечен жолу сени күткөм, ушул тепкичтен сени биринчи жолу көргөм, келаткан шыбыртың ар дайым угулуп турчу. Мобу көзөнөктөн сени карай берип, көзүм тешилген, эшик алдына төшөлгөн килемчеңде бир жолу тизелеп турган элем; мына өңүтүмдө өңүп отурганда селт эттирчү кулпуңдун шырк эткен дабышы — баары... баары балалык кезимдин махабаттуу күндөрүн эске салып турса, кантип жыргалга батпайын, ал жыргал түбү жок терең болсо, кантип тумчукпайын!.. Кыялымда гана элестетип, зарлап тилегеним эми минтип чындык болуп, сенин үйүңдө эшиктеш биздин үйдө өмүрүмдүн күнү өзүң менен жетилген жүрөгүм кантип зырпылдабасын!.. Мен тантырап баратам, мейли, башкача буруп айта албайм: эгер түшүнсөң, босогоңду аттаганга чейинки өмүрүм, чындыгы эле болбосо, жүрөктө жарык элес калтырбас күүгүмдөгөн бирдеме турбайбы; башта балалык учкул кыялымда элестечү укмуштуу дүйнөгө, Аладиндин[1] сыйкырдуу дүйнөсүнө эми кирбедимби. Жаш кезимде ушул эшигиңди көзүм тешилгенче тиктечү элем, мына эми кирип баратып, бакыттын уусуна эсеңгиреп кеткенсидим: жаным, бакыт отун жандырып, чагылгандай тез өткөн ушул мүнөт өмүрүмдүн жарымын алып калгансыды, ал учурда эмне болгонумду сен кичине баамдай аларсың, күңүрт гана элестете аларсың, бирок эч качан менчелик сезе албайсың!

15.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.