Стефан Цвейг
Бейтааныш аялдын каты
Жок, жаным, сага күнөө тагып жаткан жерим жок. Калемимин учунан кээде кайгы-капанын кермек даамы сезилсе, кечир жаным. Балам, экөөбүздүн балабыз кепинге оролуп жатат, ушул күйүткө чыдабай мен тагдырыма наалып отурам. Кудайга муштум кезеп: «Жан алгыч» — деп кыйкырдым. Жаным жай таппай, башым тегеренет, акылым өз ордунда эмес. Анан кантип күйбөйүн да, наалыбайын, кечирип кой, жаным. Ак көңүлсүң, билем, таанышпы, чоочунбу, ким болбосун жардам сураса эчтемени аябайсың. Бирок ал ак көңүлдүгүң адамды таң калтырат. Ар кимге колуң ачык, көрүнгөндү каалаганынча карк кыласың; бул берешендигиңдин чеги жок, бирок бул пейилиң эринчээк. Бирөө жалдырап сураганда гана уятыңа чыдабай жардам бересиң, кыйынчылыкта ажат ачканыңа эмес, жабышкан балээден тезирээк кутулганыңа кубанасың. Турмуштун азабын тартып, кайгысына ууккан адамбы, тагдыры тайраңдаткан немеби, сага баары бир — бетке айтканыма капа болбо. Марттыгы бу чөлкөмдө жок болсо да, сенден адамдан бирдеме суроо өтө кыйын. Баягы жаш чагымда эшиктин көзөнөгүнөн шыкаалап көргөн окуялардын бири эсимде. Босогоңо келген мусапырга кайыр бердиң; ал карып ооз ачканча болбой тезирээк кетсе экен деп колуңдагыны бүт кармата салдың. Көзүнө тике карай албагансыдың. Ошентип кайырчынын батасынан качып, калдастап коркуп кайыр беришиң эстен чыкпады. Ошол үчүн жардам сурап сага түк кайрылбадым. Ырас, бул бала сеники экенине ишенбесең да менден жардамыңы аябайт элең. Капалансам жубаткан болуп, көп-көп акча берип турмаксың. Бирок андай марттык, боорукерлик пейилиң эптеп-септеп ошол түйшүктөн эртерээк кутулуунун чыдамсыз аракети болмок. Атүгүл ушул баладан убагында кутулуп алсаңчы деп, мени көндүрүп коёт белең... Айрыкча ушундан коркком, анткени эгер сен чындап ошентсең, айтканыңды мен эки кылмак эмесмин. Бирок бул бала сенден алып калган медерим эле да, мындан башка эмнем бар! Бул бала мага сен элең жана сен эмес эле: сен болгону — экөөбүздүн каныбыздан жаралганы: сен эместиги — сендей туруксуз болбой, менимче, түбөлүк менден ажырамак эмес. Сенин ордуңа карманганым ушул уул болчу. Балага оокат берсем, сага бергендей болуп, сени өпкүм, эркелетким келгенде баламды өөп-жыттап, эркелетип кумарымды жасар элем. Мына ушул үчүн өзүмдү бактылуу сезип, баланы сенден жашырып келгем. Балам барда сен да мени менен бирге сыяктанчусуң.
Албетте, сүйгөнүм, бардык күндөрүм башта кыялымда тартылып жүргөндөй жыргалдуу болбоду. Азап тартып, кордук көрүп, адамкерчиликсизде кыйналган күндөрүм да болду. Эки кабат экенимди туугандарым билип калып, үйгө кабар беришеби деп коркуп, ай-күнүм жакын калганда дүкөнгө барбай койдум. Апамдан акча суроого оозум батпады. Жан багуунун айласынан анча-мынча кымбат буюмдарымды саттым. Төрөөрүмдөн бир апта мурун кир жууп жүргөн бир аял шкафымдагы сактап жүргөн бир аз акчамды уурдап кетиптир. Салкар жарды, бузулган мусапыр катындарды жакырчылык айдап барып, камаган төрөт үйүнө жанымда жарты тыйын жок мен да барып дуушар болдум. Сенин балаң ошол бузукулардын арасында төрөлдү. Айлана-чөйрөм бүтүндөй жат, бүтүндөй жек көрүмдүү, намыстанып өлгүм келди. Аерде жаткан баарыбыз кароосуз катындар элек, бири-бирибизге жат сезилип, бири-бирибизди жек көрчүбүз. Карыпчылык баарыбызды ошол хлороформ менен кандын жыты каңырсып, чыңырган, онтогон үндөргө толгон чоң палатага шыкаган. Көпчүлүктүн шылдыңына калган бузуку, оорулуу аялдар менен бети жок шерменделердин арасында жатып, Кудай бетин көрсөтпөсүн, жакырлыктын жан чыдагыс кордугун, адамгерчилик менен дененин маскараланганын көрдүм: «илимий» максатта демиш болуп, мыйыгынан жылмайышып, мусапыр байкуш аялдардын үстүнөн жууркандарын сыйрып жылаңачтап, абийирине чейин кармалап көрүшкөн жаш врачтардын уятсыздыгын сиделкалардын[2] жутунган ач көздүгүн көрдүм... Ал жерде ачыккан көздөр менен арам сөздөр адамдын абийирин кор кылат экен. Мен аерде аты-жөнүм жазылган алакандай гана кагаз болуп калгам: Изилдөөнүн объектиси болуп, кызыккандардын колдорунда кармаланып бир муштум эттей диртилдеп ымыркай төшөктө жатчу. Толгоосун кошо тартышып, толкундаган күйөөсүнө өз үйү, өлөң төшөгүндө жатып бала төрөп берген аял ырыстуу турбайбы! Тажрыйбага алынган айбан сыңары кароосуз карып аялдын төрөгөнү кандай тозок экенин алар билбейт. Мен азыр да кээде китептен «тозок» деген сөздү окусам, онтогон үн, күлкү, ачуу чаңырык басылбаган, адамдар жык-жыйма шыкалган, абасы дымыккан ошол палата көз алдыма тартылат. Ай, ошондогу абийир-уятыман тарткан азабымды кантейин...