Стефан Цвейг

Бейтааныш аялдын каты

Стефан Цвейг

Бул айткандарыма капа болбо, жаным, кечир. Бул менин эң биринчи жана эң акыркы сөзүм го! Он бир жыл бою үн катпай келдим, бир пастан кийин түбөлүккө үнүм чыкпайт. Бирок азыр бир жолу унчугуп, бактым-таалайым мобу өлүп жаткан баламды кантип тапканымды, жыргал-кууралын айтып калайын да!..

Кийин баламдын үнүн угуп, күлкүсүн көргөнүмдө мурдагы тарткан кыйноолорум бүт эстен чыгып кетти. Бирок азыр балам өлүп жатканда эски жарам ырбап кыйноого кайра түштүм. Эми жок дегенде өмүрүмдө бир жолу арманымды айтып, ичтеги бугумду чыгарайын. Жок, сени күнөөлөбөйм, сүйгөнүм, жанымды максатсыз кыйноого салган Кудайды гана күнөөлөйм. Ишенип кой, өмүрүмдө эч качан сага күнөө койгон эмесмин. Азыр түгүл толгоого чыдабай курт сыяктуу жыйрылып, балам жүрөгүмдү кошо сууруп келатканда да сени Кудай алдында күнөөкөр дебегем: сени сүйүп калганыма эч качан наалыбагам, экөөбүз өткөргөн түндөрүмө эч качан өкүнбөгөм, кайра сени дайым ысык, дайым тунук сүйдүм, сага биринчи жолуккан күнгө ыраазымын. Эгер тагдырым мени ошол толготуу тозогунан дагы бир жолу өт десе, алдыдагы азапты көрүп-билип турсам да, тартынбастан кайра өтөр элем. Ооба, жаным, бир эмес, миң жолу кайра өтөр элем!

Кечээ экөөбүздүн балабыз өлдү. Балаң бар экенин сен билген эмессиң. Каныңдан жаралган, гүлдөй жайнаган жаш балаңды бир жолу да, жок дегенде сыртынан көрүп калбадың. Баланы төрөгөн соң көпкө чейин сага көрүнбөй жүрдүм. Тагдырым муну мага белек эткенден кийин сага куса болуп, санааркатчу азабым жеңилдегендей болду, атүгүл сени баштагыдай сүйбөй калгансыдым. Кыскасы, өз сүйүүмүн кыйноосун баштагыдай тартпай калдым.

Экөөңөрдүн ортоңордо өзүмдү экиге бөлгүм келбеди. Ошол үчүн өзүмдү өмүр жолумда бирге жүрбөй буйтап өткөн сага эмес, бирибиз жок бирибиз жашай албаган, багарым-көрөрүм, куса болсом кучактаарым, өбөрүм ушул балага арнадым. Ошентип, сен деп зилдеген зарыман, жазмыштын азабынан кутулгандай болдум. Ал азаптан мени карматпай качкан сен эмес, чындап мендик болгон сенин уулуң куткарды. Эми чанда бир ойгонгон сезимдин түрткүсү менен гана кээде үйүңдүн түбүнө барчу болдум. Баягы биринчи түндүн эртеси эртең менен сен карматкан розалардай ак розалардын букетин жыл сайын туулган күнүңдө белек деп үзбөй жиберип турчу болдум. Бу гүлдөрдү ким жиберип жүрөт деп, өткөн он-он бир жыл ичинде өзүңдөн бир сурадың бекен? Өзүң бир кезде ушундай ак розаларды берген кызды эстегендирсиң, балким? Мен аны билбейм жана билбестен көзүм жумулуп баратат. Ал гүлдөрдү мен сага караңгы ор түбүнөн сунчумун да, сенден гүл алган чагым эске түшчү. Ошого эле каниет кылар элем.

Ушинтип, балабызды көзү тирүүсүндө көрбөй калдың, бу дүйнөдө ал бар-жогун билбедиң. Балаңы көрсөтпөгөнүмө эми өзүмдү өзүм жемелейм, өкүнөм. Көргөн болсоң боор тартмакчы. Бирок шордуу балабызды көрбөй калдың: оолжуй кабак ачып, так эле сеникиндей жоодураган кара көзүн бадырайтып, мени, бул дүйнөнү, кубанычтуу жаркын нурга бөлөп сүйкүм жылмайганын көрбөдүң, атаганат. Оюнкараак мүнөзүчү, жүрөктү элжиреткен сүйкүмүчү! Сенин мүнөзүңдүн жеңилдиги балалык кейипте кайталанып, жалындуу кыялы чыгып келаткан. Кээде бирдемеге кызып алса, тагдыр менен талбай ойногон сен сыяктанып ал да биротоло берилип, көпкө ойноор эле. Анан аяптоор салабаттанып, кашын кере китеп окуп калар эле. Улам эс тарткан сайын сага окшошо берди. Мен андан сенин оюнпоздук жана салабаттуулук эки жактуу шыгын байкап баштадым. Улам сага окшошураак тарткан сайын мен да ого бетер элжиречү болдум.

Уулуң мыкты окучу, французча суудай сүйлөчү; классташтарынын ичинде дептерлерин андай тыкан кармаган бир бала жок эле. Анан калса, кара баркыт костюмун, же матроскасын кийип алгандачы, кайда жүрбөсүн көргөндөрдүн назарын буруп, эң эле сүйгүнчүк, татынакай болуп калар эле. Кээде бойтоңдотуп ээрчитип алып Градодо[3] деңиз кылаалап басып калганымда сейилдеп жүргөн аялдар атайы токтой калып, ак саргыл чачынан сылап эркелетишер эле. Же Земмерингде[4]2 чана тээп жүрсө, тегеректегилер артынан узата карап шыпшынышып турушчу. Уулуң өтө сүйгүнчүк, өтө назик, өтө жароокер болуп чоңоюп келаткан. Былтыр «Терезианум»[5] интернатына киргенде куду он сегизинчи кылымдагы паж кейиптенип, жарашыктуу мундирин кийип, шпагасын байлана жүрдү. Мына азыр үстүндө кепин көйнөгүнөн башка эчтеме жок, эриндери кубарып, эки колу көкүрөгүнө кайчыланып түбөлүк ойгонбос уйкуда жатат. Балким, мен кантип баланы эчтемеден кем кылбай бакканымды, кантип ага ак сөөктөрдүн балдары сыяктуу көңүлдүү, жакшынакай шарт түзө алганымды сураарсың. Сүйгөнүм, мен караңгы көрдөн сүйлөп жатам, арамдыгымды ачык айткандан уялбайм, бирок сен чочуба: мен денемди сатып оокат кылдым. Көчө катыны, шерменде дегендер болот, мен андай болгон жокмун, бирок денемди сатып жүргөнүм чын. Бай досторум, бай ойношторум бар болчу. Оболу мен аларды издедим, анан алар мени издечү болушту. Абдан сулуу экенимди деги бир жолу байкадың бекен? Кимге гана бой сунбайын, мага ашык болуп калат: баары мага ыраазы, баары мага арзып, баары мени сүйүшчү. Бирок сен гана сүйбөдүң мени, сен гана сүйбөдүң мени, сен гана сүйбөдүң, сүйгөнүм!

15.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.