Стефан Цвейг
Бейтааныш аялдын каты
Сөздүн ачыгын айткандыгым үчүн эми сен мени жек көрбөйсүңбү? Жок, жектебесиңди билем, анткени сен баарын түшүнгөн жансың, жалаң сен үчүн, сенин балаң үчүн ушинткениме түшүнөсүң. Төрөт үйүндө жатканымда жакырчылыктын тозогун өз көзүм менен көрүп, бу дүйнөнүн шордуусу, кору, азаптан арылбай турмушу өтүүчү жарды адам экенин билгем. Сенин уулуң, бешенеси жарык ушул уулуң ошондой карыпчылыкта өсөбү дегенде төбө чачым тик турган. Таза оозу балит сөздү билбесин, мусапырдын булганыч, жыртык кийим назик далысына тийбесин, эчтемеден кем болбой бул турмуштагы байлыкка, сенин жашоо деңгээлиңе жетсин деп далбас ургам.
Ушул үчүн, сүйгөнүм, жалаң ушул үчүн денемди сатып жүрдүм. Жанымды курман чалайын деген эмесмин. Абийир уят дегенди таштагам, анткени сен сүйбөдүң, денем сеники эле карабадың, эми эмне болсом мага баары бир болду. Эркектер канчалык эркелетпесин, чын дили менен канчалык элжиребесин, жүрөгүм кымындай да жылуучу эмес. Сүйбөсөм да алардын кай бирлерин чын ниетимен сыйлачумун: тагдырыма тагдыры окшош келгендерине боорум ооруп, кейир элем. Мен билген эркектердин баары боорукер эле, мени алакандарына салып, эркелетип турушчу. Айрыкча жашап эле калган, аялы өлгөн бир аристократ мага көп асылды. Сенин балаңды, никесиз төрөлгөн «баланы интернатка орноштуруу үчүн ал байкуш тим эле «Терезианумдун» эшигин жыртпадыбы. Ал мени кызындай көрүп сүйчү эле. Далай жолу сөз салды. Мен бүгүн графиня болуп, Тироладагы укмуштай сонун замоктун ээси болмокмун, кайгы-капа билбей жыргамакмын. Ал байкуш балага ардактаган сүйүктүү ата, мага боорукер, жоош, журтка кадырлуу эр болмок. Бирок канча асылса да, баш тартканым ал байкушка канчалык катуу тиерин билип турсам да, макул болгон жокмун. Балким, акылсыздык кылгандырмын. Сүйгүнчүк уулум жанымда болуп, ушу тапта бейкут, бакубат турмушта жашап жатар белем. Бирок эмнени сенден жашырайын, бош башымды байлагым келбеди, качан болбосун сага даяр турайын дедим. Кокус сен бир саатка болсо да чакырып каларсың деген бала чактагы бүлбүл үмүтүм жүрөгүмдүн тереңинде акыл-эсимдин караңгы бурчтарынын биринде дале жүрдү. Белгиң эле билинер замат жетип барууга эркин жүрөйүн деп, баарынан кечтим. Баягы балалыгым өтүп, жүрөгүмдө аял сезими жаралгандан бери өмүрүм ушинтип жалаң күтүү, сени күтүү менен өттү.
Күткөн учур да келди. Бирок ал сенин эсиңде жок, жаным. Башта эч качан тааныбай келаткандай бул жолу да тааныбадың. Мурда сени театр, концерттерден, Пратерден, көчөдөн көп көрчүмүн. Көргөн сайын жүрөгүм кабынан ыргып кетчүдөй болор эле, бирок сен мени байкачу эмессиң. Бир кезде кичинекей жалтак кыз элем, эми сырткы кейпим таптакыр өзгөрүп, эл айткандай, сулуу аял болупмун. Жасана кийинем, арзыгандар ар дайым тегерегимде. Анан кантип баягы өзүңдүн күүгүмдөгөн бөлмөңдө уяң кызды ушул аял демексиң. Кээде жанымда бараткан эркек сага салам айтса, алик аласың да дароо мени карайсың, бул карашың сылык болгону менен жат көрүнөт. Мени жүргөн бир аял катары көрүп, тааныбайсың. Ооба, жаным, жат адамча, таптакыр жат адамча карайсың. Ушул тааныбаган жаттыгың бир жолу мени катуу кыйнаганы эсимде. Көңүлү жакын кишим экөөбүз опера театрынын ложасында отурганбыз. Катарымдагы ложада сен олтурупсуң. Жарык өчүп, увертюра башталып, жүзүң мага караңгыда көрүнбөй калды. Бирок баягы түндөгүдөй демиң угулуп турду. Ортобузду бөлгөн барьердин баркытталган кырына колуң артылуу. Сенин колуң, ничке, назик колуң. Бир кезде мени имере тартып кучактаган ушул бөтөн, ушул сүйүктүү колду эңкейип өпкүм келди. Делебем козголуп, өзүмдү өзүм кармай албай кеттим. Бир зор күч мени эңкейтип, эриндеримди колуңа тартып баратты, чымырканып жатып башымды араң чулгуп жогору көтөрдүм. Биринчи антрактта эле жанымдагыга кетебиз, алып кет мени дедим. Анткени караңгыда сага жакын катар отуруп, ушунчалык жат сезилгениңе чыдай албадым, жаным.
Анткен менен күткөн күн — таптакыр түңүлгөн акыркы күн келди. Бул былтыр туулган күнүңдүн эртеси болучу. Сенин туулган күнүң мен үчүн майрам эле да, ошол үчүн мурунку күнү сен такыр оюмдан чыкпай койдуң. Эртең менен барып, ак роза гүлдөрүн сатып келдим. Бир кездеги жыргалдуу мүнөттөрдү эскерип, ал мүнөттөр сенин эсиңен таптакыр чыгып калган, жыл сайын ак розалардын букетин сага жиберип турчумун. Түштөн кийин балам экөөбүз Демельдин кондитер дүкөнүнө бардык, кечинде баламды театрга киргиздим. Купуя сырын ачык билбесе да, балам жаштайынан ушул күндү майрам катары көрүп калсын деп ойлочумун. Анын эртеси кечке чейин ошол кезде жүргөн жигитим менен болдум. Ал Брюнндук бай фабрикант эле, жакындашканыма эки жылга аяк баскан. Ал мени аябай ардактачу, алаканына салып бөпөлөчү, башкалар сыяктанып үйлөнүүгө дилгир. Бүжүңдөп багынып сүйгөнү бук кылып, жанымды кейитип жиберсе да, өзү жылдыздуу неме болчу. Балам экөөбүздү белектерге бөлөп таштачу. Андан баш тартар себебим жок болсо да макул болбодум. Ал экөөбүз ошол күнү концертке бардык. Аерден сайрандап жүргөн топко кошулуп Ринг-Штрасседеги[6] ресторанга кирдик. Шатыра-шатман отурганда мен «Табарэндеги» бий залына баралы деп сунуш киргиздим. Адатта мас болуп, акыл- эстен ажырагыча шаттанууну жаман көрчүмүн, дайым каршы болор элем. Бирок бул жолу кандайдыр түшүнүксүз сезим ушундай сунуш киргизүүгө түрттү. Сунушум отургандарды ээлендирип жиберди. Мага жагынып көнүп алган курдаштарым жапырт тура калышты. «Табарэнге» бардык, шампан ичтик. Бирөө дүүлүктүрүп кеткенсип, мен укмуштуудай шайыр отурдум. Бокалдын артынан бокалды бошотуп, беркилер менен кошула уятсыз жаман-жуман шансонеткаларды ырдадым. Мени бир күч бийлетип, шаттантып жаткансыды. Аңгыча коңшу столдо досторуң менен отурган сени көрө коюп жүрөгүмө муз же чок басылгандай селт эттим. Кадимкидей адамдын ичин аңтарып жибергенсип, мага көзүң өтүп, сугуң түшүп отурган экенсиң. Сага гана мүнөздүү, бирок өзүң билбеген менен кумарланып, он жылдан бери эми тиктеп отурганың эле. Мен калтырап кеттим. Көтөрүп турган бокалым колумдан түшүп кете жаздады. Кудай жалгап карбаластап калганымды эч ким байкабай, музыка, күлкүнүн шоокуму менен билинбеди.