Барпы апыз: ДҮНҮЙӨ
ырлары
Аккуу, өрдөк, чүрөгү,
Анда болгон түнөгү.
Безбелдек менен ак чардак,
Кара кашка кашкалдак.
Чөкө таан, бөктөргө,
Четинен айтам көп элге.
Кызыл тумшук чар карга,
Кетишпей конот ак жарга.
Булбул куштун акыны,
Торгой жээн жакыны.
Сары жаман, күйкөсү,
Салпылдаган бакылы.
Канаттуунун жаамысы,
Күн көрүшкөн баарысы,
Булар сенсиз жашабайт,
Бали, ыракмат, аккан суу!..
Кара шибер көк майдан,
Саздуу болот аккан суу.
Аккан жери дайыма,
Эңиш болот аккан суу,
Ай чапчыган толкуну,
Эч билбеген коркууну,
Деңиз болгон аккан суу!..
– А, жаныбар, аккан суу,
Деңизиңде сойлогон,
Алышканын мойсогон,
Арыстан баштуу мурду шиш,
Канаты бар учканга,
Бул дүнүйө жалганды,
Кайраты бар жутканга.
Алтымыш кулач, беш баштуу,
Ажыдаарың дагы бар.
Жарык кылган түндөсү,
Кулагынын түбүндө,
Күйүп турган шамы бар.
Сырларың көп катылган,
Көк өгүздөй балыгың,
Көктү көздөй атылган.
Жаркыратып түн ичин,
Кайра сууга сайылган,
Балыктарың дагы бар!..
Тоодон аккан жеринен,
Жаралганда тегинен,
Тунук болгон аккан суу.
Тазалыгы жагынан,
Карап турсаң баарынан,
Улук болгон аккан суу.
Кемеринин ичине,
Алтын канат, жез куйрук,
Балык толгон аккан суу.
Керектиги Ааламга,
Анык болгон аккан суу!..
Алдына шайтан жуутпай,
Кууп турган аккан суу.
Ажал жетип өлгөнүн,
Ак кепиндеп, аруулап,
Жууп турган аккан суу!..
Арам менен адалды,
Ылгабайсың, аккан суу.
Бир адамдап жамандап,
Булгабайсың, аккан суу.
Жайы кышы барабар,
Саан алган аккан суу.
Асмандан булут кубулуп,
Жаан алган аккан суу.
Алты айчылык жол кетсе,
Арасынан үзүлбөй,
Созуласың аккан суу.
Алтымыш бөлөк баш жагың,
Аягың келип бир жерден,
Кошуласың аккан суу!
Дыйкан-чарба адамды,
Бүт тындырып мудааңды,
Жабыркатпай баккан суу.
Кызматы менен кишиге,
Мына ушундай жаккан суу!..
Челек менен көтөрсө,
Түгөнөм деп шашпаган.
Тиктеп туруп байкасак,
Калыбынан жазбаган,
Кандай молсуң, аккан суу!
Тоо боорунан оргуштап,
Булак болгон аккан суу.
Катын менен балага,
Ынак болгон аккан суу.
Жоодураган ботогөз,
Моймолжуган ширин сөз,
Күмүш үндүү күн жүздүү,
Жан эриткен бал тилдүү,
Шыбырашып сүйлөшүп,
Бирин-бири жүр дешип,
Аста күлүп шыңк этип,
Алтындан иймек сөйкөсү,
Кулагында жылт этип.
Муну көргөн жигиттин,
Эт жүрөгү зырп этип,
Эки челек көтөрүп,
Күймөнсө атыр жыттанган,
Көркүнө киши суктанган.
Кыраңда гүлдөй бөлүнгөн,
Кирпиктери төгүлгөн,
Кош-коштоп чачы өрүлгөн,
Кундуз бөрк кийген башына,
Көлдөгү куудай көрүнгөн,
Кыздар келген, аккан суу!..
Ай тамагын кылайтып,
Ак көйнөгүн булайтып,
Ак элечек кайкайтып,
Ак маралдай маңкайып,
Аста басып жөнөсө,
Асмандан түшкөн жел кайып.
Күлкүсү күмүш үндөнгөн,
Сүйлөөдөн жигит сүрдөнгөн.
Ачылган кызыл гүлдөнгөн,
Абыдан кооз түрдөнгөн.
«Секетпай» деп ыр айтып,
Секин сууга сыр айтып.
Жанаша басып кыналып,
Жадабай күндө суу алып.
Карыяны көргөндө,
Каада сактап уялып.
Өңүн суудан каранып,
Тотукуштай таранып,
Келиндер келген аккан суу!..
Булактын башын болжошуп,
Муңайып күтүп, жол тосуп.
Жашчылык менен каңгышып,
Жаныман булак аңдышып.
Чылбырдан атын кармашып,
Чын перидей сулууга,
Чын дилден сөзүн арнашып.
Чыңыртып күлүк минишип,
Чийбаркыт тандап кийишип,
Чымчылашып тийишип,
Далбас уруп жаштыкта,
(Алдастаткан адамды,
Арагы жок мастык да).
Бир көз салып калууга,
Ынактыгын билгизип,
Учуру келсе айтууга.
Жеңесин салып ортого,
Желдирип эрте кайтууга.
Жашчылык иштин айынан,
Башын да сайып тартууга.
Булактан көзү өтүшүп,
Жигиттер келген аккан суу!..
Белдемчисин байланып,
Балдарына айланып,
Бирин жонго көтөрүп,
Бирин алган ээрчитип.
Бирин жүргөн телчитип.
Секин басып чайпалып,
Отурганда «белим» деп,
Чоочуганда «эрим» деп,
Карылык мени жеди деп,
Жаңы келген жылдары,
Буралган келин кезим деп.
Кайдагыны козготкон,
Карылык сенин кезиң деп.
Кемпирлер келген аккан суу!.
Ак сакалын жайкалтып,
Аста сүйлөп, нарк айтып,
Жолдун ташын теришип,
Булак оңдоп беришип,
Жигит чагын эстешип,
Өткөн экен убак деп,
Кеткен экен курак деп,
Атаңдын көрү дүнүйө,
Өзгөрүлбөй турат деп,
Санжыра, кебин чуурутуп,
Чалдар келген аккан суу!..
Божурашып сүйлөшүп,
Бир күндө он беш суу кечип.
Суу боюна барышып,
Балтыркандан кесишип,
Суу мылтык жасап алышып,
Бирин-бири атышып,
Бир кумардан канышып,
Ит балдакты тебишип,
Мен кыйын деп жарышып,
Балдар келген аккан суу!..