Барпы апыз: ДҮНҮЙӨ
ырлары
ДҮНҮЙӨ
Бир адамды ыйлатып,
Буркураттың, дүнүйө
Жокко – бардан жалынтып,
Пул сураттың, дүнүйө.
Бирдин малын талатып,
Чыркыраттың, дүнүйө.
Бирдин малын бирөөгө
Ширин кылдың, дүнүйө.
Бирди бирге өлтүрүп,
Кыйын кылдың, дүнүйө.
Бир адамды кан соргон
Залим кылдың, дүнүйө.
Бир адамды бирөөгө
Кагым кылдың, дүнүйө.
Бир адамдын таманын
Чорго айланттың, дүнүйө.
Бактысы жок маңдайын
Шорго айланттың, дүнүйө.
Бирдин акын бирөөгө
Талаштырдың, дүнүйө.
Сени ээрчиген неченди
Адаштырдың, дүнүйө.
Бир адамга залалды
Анык кылдың, дүнүйө.
Бир неченди мээнеттүү
Карып кылдың, дүнүйө.
Жокчулуктан неченди,
Зарыктырдың, дүнүйө.
Кээ бирөөнүн малын көп,
Бардам кылдың, дүнүйө.
Барган сайын көбөйүп
Жардам кылдың, дүнүйө.
Кээ бирөөнүн малы жок,
Шалдаң кылдың, дүнүйө.
Малай болсо баасын
Арзан кылдың, дүнүйө.
Калтыратып, кедейди
Карып кылдың, дүнүйө.
Бутундагы кийгенин
Чарык кылдың, дүнүйө
ТЕҢДИК БИР КҮН ЖАРК ЭТЭЭР
«Актагын, – дейт – тузумду»,
Тынбай иштеп жатсам да,
Байымдын түрү бузулду.
Ажал албайт турбайбы
Буга окшогон кузгунду.
Камчысын кармай чапканда,
Каптаган кайгы кошулду.
Мындай кийин мен барсам,
Төрт нан берди, жеп койдум,
«Төбөңдөн урсун» деп койдум.
«Бери кел» деп чакырып,
Бир нан берди, жеп койдум,
«Пир урсун байым» деп койдум.
Жанына жакын жолотпой,
Жарты нан берди, жеп койдум,
«Жалчыба байым» деп койдум
Ниетиң бузук, оңбо, бай,
Этек жеңиң, курган бай.
Чыдап тура албайсың,
Кишинин акын уурдабай
Бай камчысын көрсөтөт,
Жетилген жетим, коркпогун.
Өзүңдөй карып көрүнсө,
Айланаңа топтогун
Аргымак атты арык деп,
Жолго таштап кетпеңер,
Азамат эрди карып деп,
Торго таштап кетпеңер.
Аргымак атка жал бүтөөр,
Азамат эрге мал бүтөөр
Азаптуу оор күн кетээр,
Азаттык бир күн жарк этээр
Тобурчак атты арык деп,
Жолго таштап кетпеңер.
Томаяк эрди карып деп,
Торго таштап кетпеңер,
Тобурчак атка жал бүтөөр,
Томаяк эрге мал бүтөөр.
Тозоктуу оор күн кетээр,
Теңдик бир күн жарк этээр.
БОЛБОСО
Аккан суу түз кете албайт сай болбосо
Караңгы жарык болбойт ай болбосо
Чыракта билик күйбөйт май болбосо
Талаанын көркү кайда гүл болбосо.
Гүл ачып кубат албайт күн болбосо
Акындар ырдай албайт тил болбосо
Душманың жазганабы эй сүр болбосо
Ала-тоо көрккө келбейт эл болбосо.
Комуздан аваз чыкпайт кыл болбосо
Сүйүүнү эл каалабайт ыр болбосо
Аялдын көркү кайда чач болбосо
Тоолордун салмагы аз таш болбосо.
Узакка кабар жетпейт кат болбосо
Жигиттин наамы чыкпайт март болбосо
Ак жүздүү кызыл болбойт нур болбосо
Сооданын иши жүрбөйт пул болбосо.
Кишинин сыны кайда бой болбосо
Учкан куш колго түшпөйт тор болбосо
Ар киши адашасын жол болбосо
Төөлөргө жүк жүктөлбөйт кол болбосо.
Будана ташыркабайт тоң болбосо
Курут май кайдан болот сүт болбосо
Эмгекчил токтонолбойт иш болбосо
Тамакка даам кирбейт туз болбосо.
Нан чайнап жуталбайсын тиш болбосо
Балбандын аты чыкпайт күч болбосо
Көздөгөн максатыңа жете албайсың
Колуңда баардык жарак бүт болбосо.
Чарбанын көркү кайда мал болбосо
Сулуунун көркү болбос кал болбосо
Өрдөк каз кайда конот көл болбосо.
Арчанын саясы жок шак болбосо
Булбул куз кайда конот бак болбосо
Дарыялар толкуп ташпайт сел болбосо
Аргымак ат арыбайт бел болбосо.
Дыйканга түшүм кайда жер болбосо
Ала тоо көрккө келбейт эл болбосо
Ала тоо көрккө келбейт эл болбосо.
АККАН СУУ
Жер титиреп бүткөндө,
Көктөн иман толкуп түшкөндө.
Жылдыз көккө толгондо,
Дүнүйө пинаа болгондо.
Ай асмандан букканда,
Күн кызарьш чыкканда,
Адам-Ата, Обо-эне,
Оозунан чыккан лапеси,
Кудайга дайын болгондо,
Суу атасы Сулайман,
Жардам сурап кудайдан
Суу бергин деп муңайган.
Кудурети кудайдын,
Кубат берип түбөлүк,
Орун берди бу жайдан.
Ошондо он сегиз Ааламдан,
Коркуп чыккан аккан суу.
Жер жүзүнө чайпалып,
Толкуп чыккан аккан суу!..
Жети кабат Жер астын,
Жарып чыккан аккан суу.
Жер, Ааламдын баарысын,
Багып чыккан аккан суу.
Алты кабат Жер астын,
Атып чыккан аккан суу.
Адам-Ата, Обону,
Багып чыккан аккан суу.
Ала-Тоонун боорунан,
Жарып чыккан аккан суу.
Алтын канат жез куйрук,
Балык чыккан аккан суу.
Кара-Тоонун боорунан,
Жарып чыккан аккан суу.
Күмүш канат, жез куйрук,
Балык чыккан аккан суу.
Кара жердин астынан,
Жылып чыккан аккан суу.
Жаамы күнөө кылганды,
Билип жаткан аккан суу.