Барпы апыз: ДҮНҮЙӨ
ырлары
Бирок сен андай эмессиң,
Чалкып жаткан кененсиң.
Керектеген жандуунун,
Кызматына беленсиң.
Байыртадан бер жакка,
Керектелип келгенсиң,
Бали, ыракмат, аккан суу!
Толкуп, ташып ага бер.
Тегеренип Жер жүзүн,
Турмуш отун жага бер!..
Мөңгү болуп ашууда,
Үнөмдөлгөн аккан суу.
Жети күн, бир түн айтсам да,
Түгөнбөгөн аккан суу.
Аккан, аккан, аккан суу,
Аманат жанга жаккан суу!..
ГҮЛАЙИМ
Беш колума cap келген,
Бармагымсың Гүлайим.
Мээнет менен көбөйткөн,
Чарбагымсың, Гүлайим.
Атыңдан айтсам, эл билет
Ашыгым десем, ким билет?
От боюнда бөз күйөт,
Көңүлүм кетип, көз күйөт,
Жалт карасаң ич күйөт…
Оббо сулуу, Гүлайим
Ич күйгөнду билбейсиң,
Көбүн көзгө илбейсиң,
Күлүмсүрөп сүйлөйсүң.
Жашыл жибек чаласың,
Жайдар көз Гүлай баласың.
Жашчылыктан ырдасам,
Жалжылдап тиктеп каласың.
Кызыл жибек чаласың,
Кыйгыр көз Гүлай баласың.
Кызыглыктан ырдасам,
Кылгырып тиктеп каласың.
Ак кыйгырдай жем жейсиң,
Адамды көрүп дегдейсиң.
Айнектей сулуу, Гүлайим,
Айтышкан жерге келбейсиң.
Боз кыйгырдай жем жейсиң,
Бозойду көрүп дегдейсиң.
Бойго жеткен Гүлайим,
Болжошкон жерге келбейсиң.
Айтып ырдап жүргөнүм,
Гүлайим, сенсиң, сүйгөнүм.
Сени ойлоп дайым жүрсөм да,
Канаке, дардим билгениң?
Көпшөгөндөй боюң бар,
Кош алма бүткөн койунуң…
Армандуу ырдап болдум зар,
Ай чырайлуу Гүлайим.
Акыры болсоң сүйгөн жар,
Жашылды кийген боюңдан,
Жай кетпейсиң оюмдан.
Жайдары бала Гүлайим,
Күтөм сенин жолундан.
Кызылды кийген боюңдан,
Кыш кетпейсиң оюмдан.
Кымбат баа Гүлайим,
Кармагым келет колуңдан.
Суу көтөрген мүрүңдөн,
Батма-Зуура пириңден.
«Койчу!» – деген тилиңден.
Уксам дейм азем үнүңдөн.
Агын дайра улуу суу,
Кечелиби, Гүлайим?
Макул болсоң биригип,
Кетелиби, Гүлайим?
Ай тоодон чыгат кылайып,
Айда ырдадым муңайып.
Айда ырдасам билбедиң.
Оббо сулуу Гүлайим,
Айтканыма кирбедиң.
Күн тоодон чыгат кылайып,
Күндө ырдадым муңайып.
Күндө ырдасам билбедиң,
Оббо сулуу Гүлайим,
Бир кылчайып күлбөдүң.
Ай төбөдөн кыядан,
Алтындан сенин пиалаң
Айда айлыңа барууга,
Оббо сулуу Гүлайим,
Сенин алганыңдан уялам.
Күн төбөдөн кыядан,
Күмүштөн сенин пиялаң,
Күндө айлыңа барууга
Оббо сулуу Гүлайим,
Сенин күйөөңдөн уялам.
Айлындын үстү Ташмойнок,
Айылдаш болсок бирге ойноп.
Үйүңдүн үстү Ташмойнок,
Үйүбүз жакын бир болсок…