Барпы апыз: ДҮНҮЙӨ
ырлары
Ай туяктан арнашып,
Ак боз бээ союшуп,
Ак кымызга тоюшуп.
Көпкө арча чыдайт деп,
Каржыгачка коюшуп.
Карагай кесип кынашып,
Карылар менен сынашып.
Чеңгек менен бекитип,
Чечилип сырга келишип.
Суу кечпей малы өтсүн деп,
Семирип тез кетсин деп.
Эл катташып оңсун деп,
Эбин таап жасаарга,
Эпчил уста болсун деп.
Эптеп салып көпүрө,
Элдер келген аккан суу!..
– А, жаныбар, аккан суу,
Таң кашкайып сүргөндө,
Булутту шамал түргөндө,
Катуулап суу киргенде,
Тараза жылдыз бөлүнүп,
Тоо, таштын баары көрүнүп.
Сүрүлүп жылдыз качканда,
Сары Чолпон жылдыз батканда,
Өзөндөн ак шамал жүрүп ыркырап,
Суудан, кара буу чыгып буркурап,
Асмандын, жылдызы качып дыркырап.
Токойдо гүлдөр гүлбурап,
Бутакта булбул ыр курап,
Шыбакта торгой чулдурап.
Жылгадан алты миң булак шылдырап,
Жарашкансың, аккан суу!..
Күн жайылып келгенде:
Күңгүрөнүп күч алып,
Күмүш комуз күү чалып.
Аркыраган күч алып,
Алтын комуз күү чалып.
Күн келбетин бетине,
Жаркыратып түшүрүп.
Чаңкап келген мал, жанга,
Тартынбастан ичирип.
Күмүштөй болуп жалтылдап,
Берекесин арттырып,
Ийип берген балкылдап!..
Бири консо, бири учуп,
Бири кетсе, бири келип.
Эки жагын карашып,
Канаттарын тарашып.
Мукам-мукам сайрашып,
Бутагында жарашып.
Уядагы күтүшкөн,
Балапанга суу берип.
Кужурашып отуруп,
Коркунуч болсо дуу кетип,
Куштар келген аккан суу!..
Куйрук жалы бир карыш,
Кулан келген аккан суу.
Аягы жок, колу жок,
Жылан келген аккан суу!
Чымын менен чиркейи,
Буда келген аккан суу.
Бөгөнөгү, бүргөсү,
Жуда келген аккан суу.
Ийнелиги, көгөөнү,
Ал да келген аккан суу.
Жөргөмүшү, сайгагы,
Бул да келген аккан суу.
Сары тампыз, саратан,
Санап айтып баратам,
Буда келген аккан суу.
Кумурскадан пилге че,
Жуда келген аккан суу!
– А жаныбар, аккан суу,
Түш мезгили маалында,
Күкүктөнүп күүлөнгөн,
Күкүк болуп сүйлөнгөн.
Шамал чыгып өзүнөн,
Шапатасы жыргаткан.
Шайырланып шар агып,
Шаңшыттырып ырдаткан.
Жандап барган мал ичип,
Суусап барган жан ичип,
Боору менен сойлогон,
Буту менен баскан да,
Асман менен учкан да,
Баары өзүңө келишкен,
Асилденсиң, аккан суу!..
Бешим убак болгондо,
Бир аз калган тартылып,
Тандырбаган адамды,
Тамашасы артылып.
Башбалдак атса өрдөгү,
Байкалат балык көлдөгү.
Койкоюп сүзсө каздары,
Калбай ээрчип балдары.
Ылаачын, көк куш келе албай,
Ыкыс берип тебе албай,
Ичинде калат арманы,
А жаныбар, аккан суу,
Көпкө тийген жардамы!..
Кечке маал болгондо,
Керимсел жүрүп ойногон.
Кара суучул, чулдук куш,
Кыялай учуп тойлогон.
Кыбыланын кызыл шамалы,
Кыдырып дүйнө жойлогон.
Кылкылдап күн батарда,
Кыялды жайга койбогон.
Күндүн нурун сүртүнүп,
Күлүңдөп көркүн жойбогон.
Караган менен канчалык,
Көркүнө көзүң тойбогон!..
Түн ичинде карасаң:
Өзөндүн ичи шуулдап,
Көктөн жайнап жылдызы,
Өз өңүн карап жымыңдап.
Көк жылдызын батырып,
Табактай Айды калкытып,
Аттай ак боор балыгын,
Асманды көздөй атылтып.
Күкүмдөлгөн тамчысын,
Күргүштөп жээкке чачылтьш.
Чарадагы кымыздай,
Чачыратып сапыртып,
Кереметиң бир сонун,
Көргөндүн оозун ачылтып!..
Агыласың жулунуп,
Алда кайдан сайраган,
Күкүк менен Зейнептин,
Сайраганы угулуп.
Жалбыздын жыты буркурап,
Көңүлүңдү сергитип.
Ырдагыңды келтирет,
Ылаачындай эргитип!
Жаз келгенде токтобой,
Өрдөн чыккан аккан суу.
Кайык сүзүп өтө албас,
Кара тоонун боорунан,
Көлдөн чыккан аккан суу!
Жер үстүндө мелмилдеп,
Дарыя болгон аккан суу.
Жеңижок төккөн ыр менен,
Жарыя болгон аккан суу.
Желип өткөн жерине,
Жемиш өсүп, бак болгон
Келип кеткен жерине,
Шаар орноп эл толгон
Пейли кенен, тар эмес,
Бир калыпта бузулбай,
Агып жаткан аккан суу.
Дүнүйөнүн баарына,
Балдан таттуу шипширин,
Жагып жаткан аккан суу!..
– А жаныбар, аккан суу,
Ылдыйды карап жүргөн суу,
Ылайланып кирген суу.
Эңишти карап жүргөн суу,
Эрки менен кирген суу.
Шамалдай үнүң шуулдап,
Тирилигин өтөгөн,
Топ паренде чуулдап.
Жээгиңде сайраган,
Күкүк менен булбул бар.
Көлүндө киши көрбөгөн,
Кара Кашка дулдул бар.
Жүнү сеңсел, ак куйрук,
Кундузу бар аккан суу.
Көзгө жылуу көрүнгөн,
Жылдызы бар аккан суу.
Жүнү түркүн кубулган,
Суусары бар аккан суу.
Дүйнөдө түркүн сонунду,
Мына ушинтип баккан суу.
Кимге болсо баары бир,
Мумуядай жаккан суу!..
Суусуз чөлдө жашап көр,
Өтөр суунун азабы.
Айта берсем түгөнбөйт,
Аккан суунун казалы.