Асан Кайгы
Журтка кайыры тийбесе, Байлыгыңдан не пайда?
Кенен болсо тамагын,
Кесирди салат токчулук.
Жетпеген жүрөт жүгүрүп,
Жеткени жүрөт сүйүнүп.
Карыпчылык чырмаса,
Канкыят жигит бүгүлүп.
Акылсыз жүрөт алаңдап,
Акмак жүрөт табандап.
Ала көөдөн нечендер
Айылда жүрөт шадандап.
Баркы түгөл түгөнсө,
Кантип жашаар жан сактап,
Калпычы сүйлөп канкылдап,
Ушакчы жүрөт талпылдап,
Аланказар ашыгып,
Айылга сыйбайт чанкылдап,
Аш андыган байкуштар,
Ар кайда бар салпылдап,
Бала кезден эмгекке,
Кулкуну кургак тамызда,
Сөксөөл өсөт такырга.
Бетинде тырык чаары,
Берекелүү арманы.
Карагай бербей тоолорду,
Какшыган сайда калганбы.
Айылыбызда айтылган,
Аңыз сөздөр жалганбы.
Кол көтөргүс ойлосом,
Коргошундай шактары.
Кызарып чогу муштумдай,
Кыйын экен таптары.
Жайытында суу көрбөй,
Жай тамызда какталды,
Каткандай каны бозоруп,
Өлүмдү турат тапканы.
Жапырмагы бозорот,
Жашоодо кайсы максаты.
Жылкы болуп жылыбыз
Көбөйүп калды чырыбыз.
Кургакчылык айынан,
Кетип турат ыркыбыз,
Койдум көчөт сөгөттү,
Кандай болор көктөшү.
Шамал улуп уулдап,
Бак-дарактар шуулдап,
Суук-аяз закымдап,
Чилде келди жакындап,
Тогуз торко тон кийген,
Шилби баатыр кантти экен.
Жалаңкат көк чапандуу
Ыргай баатыр кантти экен.
Карыш узун тамыр жок,
Камгак баатыр кантти экен.
Али дагы бышпаган,
Жаңгак баатыр кантти экен.
Кеспей жылда бир шагын,
Шабдоол баатыр кантти экен.
Чечектеп түштү боз туман,
Өрүк житип кантти экен.
Жүзүмдөрдү көмбөдүк,
Талдары тонуп кантти экен.
Аяз жалап кызыл гүл,
Өңү өчпөй кантти экен.
Ташка өсөт таш жарбай,
Сөлү качып кантти экен.
Таруу эктим жайыкка,
Таранчы учуп бардыбы.
Данын күбүп салдыбы,
Кызыл мыя шортондо,
Тамырын доңуз каздыбы,
Түбүн койбой алдыбы.
Мындан кийин түбөлүк,
Көктөбөс болуп калдыбы.
Дүмбүл болду коноктор,
Мегежиндер бардыбы.
Торошону кутуруп,
Марегин чайнап салдыбы.
Мончоктой буудай дандарын,
Шатырап жамгыр жаадыбы.
Бузулуп даны калдыбы?
ААЛАМ, ЖЕР ЖӨНҮНДӨ
Мөндүр сабап бадырап,
Күбүлүп жерде калдыбы?!
Көтөргөн мени жер экен,
Төшү жайы кең экен.
Ичи жалын от экен,
Мындай баатыр жок экен.
Шекилине карасам,
Жумалак бир топ экен.
Эки учун кар баскан,
Алты айга чейин таң аткан.
Таппайсың жерим чатылуу,
Кутпага күчү тартылуу.
Ысырайыл жылдызга,
Бир жак каруу артылуу.
Асманымдын чеги жок,
Барган адам деги жок.
Күн жылдыздын сулуусу,
Сулуу эмес улуусу.
Күн болбосо жарык жок,
Күндө жашоо туушу,
Жарыктыгы болбосо,
Бүткүл аалам түн ушу.
Керебе чачып койгондой,
Асманда жылдыз мончоктой.
Көктө турат каалгып,
Бир калыбында козголбой.
Аз эмес бул жөнүндө,
Атаман калган жомоктор.
Такаган түркүк болбосо,
Бирөө кармап койбосо
Тоо көтөрмөк оңойбу.
Көтөргөн далай тоолорду,
Жашап турган жериңдей
Баатырлар мындай болгонбу.
Бир кезекте бул аалам,
Чакыйган мундай тоңорбу,
Же болбосо от болуп,
Жашылдыгы оңорбу.
Же болбосо согулуп,
Топондой болуп тозорбу.
Мына ушинтип дүйнөдөн,
Адамзатты жоёрбу.
Акыры мен да карыдым,
Ойлоп далай ойлорду.
Булак: «Залкар акындар» сериясы китебинен