Асан Кайгы
Журтка кайыры тийбесе, Байлыгыңдан не пайда?
Асан Кайгы - көчмөндөрдүн философ акыны
Асан кайгы мурдагы (XIII-XIV кылымдар дагы) Алтын Ордого караштуу бир катар элдерге (кыргыз, казак, каракалпак, ногойлорго) өзүнүн өлбөс өчпөс чыгармаларын калтырып кеткен.
Ал - философ, ойчул, даанышман. Ошондуктан ал төкмө акындардай комуз же домбуранын коштоосунда шар төгүп ырдабастан, көбүнчө күңгүрөнүп жалгыз олтуруп, жан жаныбар, жаратылыш-табият, жер-суу, ай-аалам, адамзат, адамгерчилик, адам парзы, адам жана эл журт тагдыры, бийлик менен социалдык коомдук түзүлүш ж.б. жөнүндө кенен акыл менен коштолгон философиялык ой толгоолорун тактап, аны эл алдына келгенде макал лакап таризде жай салмакта акыл насаат катары жорго сөзгө жакын айткан түру бар.
Ар кыл турмуштук көрүнүштөрду сюжетсиз тизмектеп философиялык ой жүгүртүп, ой толгоп, жай олтуруп акыл насаат айткан дидактикалык чыгарма катары берет.
Формасы жагынан төкмө ырлардан айырмаланып, интонация, ыргагы боюнча макал-лакапка жакындашып, кадимки речитатив түрүндө айтылганы байкалат.
Асан кайгы, атап айтканда, гуманист-философ акын. Анын кайсыл чыгармасын албайлы, гуманисттик ой толгоолордун философиялык жыйынтыгы. Чыгармаларында акын жер жүзүндөгү тиричилик эткен жандуу жансыздардын чоң кичинесине, адам турмушуна пайдасы бардыгына же жоктугуна карабай, табият, тагдыр алдына койгон чабал жактарын эсепке алып, бардыгын тегиз аяп, боорукерлик менен муңга баткан. Ошол ак жайдын күнү калың мөндүр түшүп, жаан көнөктөп куюп, борошого айланып, каз-өрдөк каркылдап уча албай, мал жер тээп оттой албай, жер бетин муз каптап, суу тонуп жут болгондо кээ бир макулуктардын өлүмгө туш болуп кырылышына боору ооруп, жаны ачып сүрөттөшү жөнөкөй кишинин да зээнин кейитет.
Жадесе көзгө илешпеген майда макулуктар көгөн, чымын, кар түшкөндө уясын басып, шордогон тырнактай чымчыктан беркинин көргөн күнүн ойлоп муңга баткандыктан, эл анын атына «кайгы» деген сөздү кошуп айтышкан.
Албетте, жөнөкөй адамдарга жогоркудай жандыктардын көргөн күнү ойлондурбай, кайдыгер калтырышы турган иш. Ошондуктан болор-болбос ишке да капалана бергенди «Асан кайгычыл адам» дешип, анын атын лакапка да айландырып жиберишкен.
Чындыгында, өзүн эмес атын укканда адамдын дене бою «дүр» дей түшкөн жыланга да аёо менен караган Асан кайгы не деген керемет боорукер болгон. Асан кайгы жалаң жандууну гана эмес, жансыз жаратылышка да аёо менен карап убайым тарткан.
Асан кайгы өсүмдүктөрдү жансыз эмес, жандуу, кадимки адам таризде элестетип, өсүп өнгөнүнө кубанып, акыры өлгөнүнө (куураганына) кадимкидей жаны кейийт. Мисалы, «Как элеси башкача, карагай сулуу» адамча жаралат (туулат). «Жал бырагы күбүлбөй, жайы кышы туруп бой жетет, анан «бир нече кылым өткөндө, өзөгү чирип бузулуп, жалбырагы куурап жарга кулайт, отунчу жарып, ордуна доому калбайт», Бул Асан кайгыга курман болгон кечээги баатырлар таризде таасир калтырып: «Мына мындай өзгөрүү мага салды арманды», - дейт. Же болбосо дарак бийиги ак терек, шагы ийилген алма, асылдыгы билинген ан жылар: «Акыры өчүп кеткенде жүрөгү көктөй тилинет».
Ошентип, Асан кайгынын ой жүгүртүүсүндө адам жана табияттын жалпы гармониясын түзүү менен жаманчылыкты четке кагууга болот. Б.а., адам бардык жандуу жансыз нерсеге этият мамиле жа сап, ага жардам кылуу, аны сыйлоо менен аны менен бирдиктеги жалпы гармонияны түзө алат. Кыскартып айтканда, Асан кайгынын моралдык көз карашынын негизин адам гана эмес, жалпы эле жаратылыштагы жандуу жансыз нерсеге боорукерлик кылуу менен адам менен табияттын эки ажырымы эмес, бирдиги түзүлөт. Асан кайгынын бул асыл идеясы бүгүнкү күндө дүйнө жүзүн кара тумандай каптап келе жаткан экология проблемасын чечүүгө да үндөшүп турушу менен актуалдуулугун жоготпостон, кайра жаңы бийиктикке көтөрүлүп чыгууда.
Албетте, Асан кайгынын чыгармаларынын башкы темасынын бири - адам. Ал бул жагынан демократ акын катары көрүнөт. Биринчи иретте, турмуштан жабыр тарткан бей-бечаралардын тагдырын ойлоп, азаптанат. Тагдыр кыйынчылыкка туш кылган калктын ар бир катмарына өз өзүнчө көңүл бөлүп сары санаа тартат. Ошондой эле Асан кайгы өз журтунун кайгы касиретин, муктаждыгын терең түшүнүп, мунун муңдап, зарын зарлап, анын көрөр күнүн ойлоп кайгы тартат. Ал бейбит жайлуу, молчулук өмүрдү эңсейт.