Асан Кайгы

Журтка кайыры тийбесе, Байлыгыңдан не пайда?

Асан Кайгы

Зар кадырын өлгөн билер,

Муң кадырын күйгөн билер,

Бар кадырын жок билер,

Дүйнө кадырын тапкан билер,

Тууган кадырын бөлүнгөн билер.

Мал кадырын баккан билер,

Күлүк кадырын саяпкер билер,

Күмүш кадырын зергер билер,

Куш кадырын мүнүшкөр билер.

Эл кадырын азган билер,

Эр кадырын эл билер.

Жер кадырын көчкөн билер,

Булак кадырын ичкен билер,

Өмүр кадырын өчкөн билер,

Хан кадырын калк билер,

Агайын кадырын жат билер.

Өлүү кадырын тирүү билер,

Тоо кадырын сүрүлгөн билер.

Жоо кадырын чабылган билер,

Заман кадырын тарыган билер,

Башынан өтүп көрбөгөн,

Жаман, жакшыны кайдан билер.

 

***

Ат кадырын биле албайт,

Алыска сапар жүрбөгөн,

Калк кадырын биле албайт,

Адилетсиз сүйлөгөн

Чом кадырын биле албайт,

Жабуулап атын минбеген.

Жер кадырын биле албайт,

Көчүп-конуп жүрбөгөн

Суу кадырын биле албайт,

Чанкап келип конбогон

Журт кадырын биле албайт,

Акыл айтса көнбөгөн,

Сөздүн жайын биле албайт,

Жыйылган топко барбаган

Нар кадырын биле албайт,

Катарлап төө тизбеген

Жетелеп жүрүп байге албайт,

Жетеси буудан чаппаган

Куштун табын биле албайт,

Ак шумкар таптап салбаган,

Өмүрүндө оңолбойт.

Өз эшигин аттаган

Кадим-каада биле албайт,

Жакшыдан нуска тийбеген.

 

**

Бул дүйнөдө не карып,

Ак калалуу боз карып,

Айтылбаган сөз карып,

Замандашы болбосо,

Карыя болор тез карып.

Кадырын жеңе билбесе,

Бойго жеткен кыз карып,

Эл жакалай конбосо,

Бетегелүү бел карып,

Каз-өрдөгү болбосо,

Айдың чалкар көл карып.

Мурадын таап албаса,

Кемел да болсо уул карып.

Улук адил болбосо,

Убара болот эл карып.

Жакшыларга айтпасаң,

Алтын каухар сөз карып.

Айтып жүрөм ар кимге

Аңгеме кылып мен карып.

Эмилдин (Эдилдин) башы кыр болот,

Эрикпей айтсам ыр болот.

Жалтандын башы зоо болот,

Жаман менен дос болсон,

Акыры бир күн доо болот.

 

***

Аргымакты жаман - деп,

Бууданды кайдан табасың?

Туйгунунду жаман - деп,

Шумкарды кайдан табасың?

Агайынды жаман - деп,

Тууганды кайдан табасың.

Ак саманды жаман - деп,

Чөптү кайдан табасың?

Аз оокатты жаман - деп,

Көптү кайдан табасың?

Көлдүн суусун жаман деп,

Эдилди кайдан табасың?

Акиминди жаман - деп,

Адилди кайдан табасың?

Ак тонунду жаман - деп,

Кээжимди кайдан табасың?

Алганынды жаман - деп,

Асылды кайдан табасың?

Акылманды жаман деп,

Сөздү кайдан табасың?

Көже жарма жаман - деп,

Этти кайдан табасың?

Уулуңду жаман - деп,

Урматты кайдан табасың?

Карыяңды жаман - деп,

Кадырды кайдан табасың?

Ата Журтуң жаман - деп,

Как талаада каласың.

Адам өлсө өлүк, жан өлбөйт.

Жакшынын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт.

Сабырдын түбү - сары алтын,

Саргарган жетээр муратка,

Сабырсыз калат уятка.

Акыл оошот, ырыс жугушат.

Жар башында жапалак,

Жапалак көрсөн атып өт,

Жакшыга ызаат боюн сатып өт.

Бай мактанса бир жуттук,

Баатыр мактанса бир октук.

Ай, кан, мен айтпасам билбейсиң,

Айтканыма көнбөйсүң,

Чабылып жаткан калкың бар,

Аймагың көздөп көрбөйсүң.

Кымыз ичип кызарып,

Мастанып, кызыл тердейсиң,

Өзүндөн башка кан жоктой,

Өрөпкүп неге сүйлөйсүң?

Коргон салдың мээнет кылып,

Кызматчың жатат ичип-жеп,

Аны неге билбейсиң?

Катын алдың карадан,

Айрылдың кандык каададан,

Элге эге уул таппас,

Айрылар ата мураадан

Муну неге билбейсиң?

Кулаалы куштун кулу эле,

Чычкан жеп жүнү түлөдү.

Ак куу куштун төрөсү

Көлдө эркин жүрчү эле.

Аңдып жүргөн көп душман,

Элиңи жоолап кирбейби.

Кулаалы кууну өлтүрсө

Өз башыңа келбейби.

Кулуң көп сени өлтүрөр,

Ушуну Асан билбейби.

Муну неге билбейсиң?

Ай, Жаныбек, ойлосон,

Кыйды заман болбойбу,

Сууда жүргөн ак ортон,

Карагай башын чалбайбы,

Муну неге билбейсиң?

Кош, аман бол, Жаныбек

Эми мени көрбөйсүң.

 

***

Көлдө жүргөн коңур каз,

Кыр кадырын не билсин!

Кырда жүргөн тоодактар

Суу кадырын не билсин!

Айылдагы жамандар

Эл кадырын не билсин!

Көчүп-конуп көрбөгөн,

Жер кадырын не билсин!

Көчсө, коно билбеген,

Консо, көчө билбеген,

Акылына көнбөгөн

Журт кадырын не билсин!

***

Эдил бол да, Жайык бол,

Эч ким менен урушпа.

Жолдошуңа жоо тийсе,

Жаныңды аяп тырышпа.

Эрдин куну болсо да,

08.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.