Асан Кайгы
Журтка кайыры тийбесе, Байлыгыңдан не пайда?
Алдына келип калган соң,
Кол куушуруп барган соң,
Аша кеч да коё бер,
Мурдагыны куушпа.
Акын болсо бирөөдө,
Айыбын тап да ала бер,
Эрегишип урушпа.
Сеники жөн болсо да,
Атың чыкпас дуруска.
Мүнөзү жаман адамга,
Кайрылып барып жугушпа.
Жакшы көргөн кишиңден,
Жалган айтып суутпа.
Өлө турган тай үчүн,
Көчө турган сай үчүн,
Желке териң курушуп,
Ар ким менен урушпа.
Ачуу-душман, артынан
Түшүп кетсең кантесин,
Түбү терең куушка.
Бакыт конгон эрлердин
Ар бир иши оң болор.
Барбай жүрөт жакындап,
Жакыны мунун өзгөчө,
Жаман күндү көрбөсө,
Атасы мунун өлбөсө,
Арманды жүзү көрбөсө.
Базармандуу жаш башы,
Баланы кийин бакпаспы.
Үлпүлдөшүп жасанат,
Үйүнө отун албаспы.
Байлар кантет бакжандап,
Басалышпайт талтандап,
Бабырашып сүйлөшсө,
Баштары турат калтандап.
Ачуусу чындап келгенде
Абийири кетет чакчандап.
Каадалуу киши кептенип,
Карысы сүйлөйт какчандап.
Пайда десе жүгүрүп,
Баса калат саксандап.
Айылга барса шаңданып,
Аксакал билбейт алчаңдап.
Жакшылар мунун билбейби,
Жакыны боктоп тилдеди.
Арын сактап жүрсө - деп,
Ачынып ичим зилдеди.
Багып жүрөр ага жок,
Бапестеген ата жок.
Жетим баатыр канткендир,
Карап алар эри жок,
Кайрылып коёр деми жок,
Жесир баатыр канткендир.
Тандайынан сөз чыккан,
Чечен баатыр канткендир.
Отурган жерде жылалбай,
Бечел баатыр канткендир.
Күнү-түнү онтолоп,
Кесел баатыр канткендир.
«Ак» - деп элден ала албай,
Эшен баатыр канткендир.
Мурун ээк кемпийген,
Кемпир баатыр канткендир,
Кайненеси бек залим,
Келин баатыр канткендир.
Нанын чайнап жей албай,
Абышка баатыр канткендир.
Чапаны жок жылаңач,
Кедей баатыр канткендир.
Оокат таап кылалбай,
Жалкоо баатыр канткендир.
Бөрк ал десе баш алган,
Шаңкоо баатыр канткендир.
Айткан сөздү элебес,
Аңкоо баатыр канткендир.
Үйдөн жүрүп чыгалбай,
Кыркы кургур канткендир.
БАК-ДАРАК, ӨСҮМДҮКТӨР ЖӨНҮНДӨ
Чынар бактын улуусу,
Чырпыгында туушу.
Жалбырагы күбүлбөй,
Жайы-кышы турушу.
Адамзаттар таңданып,
Ангеме кылат ушуну.
Как элеси башкача,
Карагай бекен сулуусу.
Бир нече кылым өткөндө,
Өзөгү чирип бузулду.
Жапырмагы куурайды,
Жарды карай сулады.
Отунчулар машады,
Ордунда доому калбады.
Мына мындай өзгөрүү,
Мага салды арманды.
Кече күнкү баатырлар,
Канаке, тирүү калганы.
Ак терек дарак бийиги,
Алманын шагы ийилди.
Анжырлар өсүп айлымда,
Асылдыгы билинди.
Акыры өчүп кеткенде,
Жүрөгүм көктөй тилинди.
Кулап жаткан даракты,
Коктудан көрсөм чиринди.
Бир заманда тал эле,
Көргөнүм жемиш чийимди.
Өзүмдөгү азиздик,
Өлгөндөр кайдан тирилди.
Дөөлөтү күндө артылып,
Не кылса да жөн болор.
Тайгандар түлкү алып,
Карчыгасы каз илип,
Сөз сүйлөсө эм болор.
Не десе да жарашар.
Байсың деген ат коюп,
Эли оозун карашар.
***
Аргымакка миндим деп,
Арткы топтон адашпа.
Күнүндө өзүм болдум - деп,
Менменсинип адашпа.
Артык үчүн айтышып,
Досторун менен санашпа.
Илимим журттан ашты деп,
Кеңешсиз сөз баштаба.
Кезектүү ишти таштаба,
Жеңемин деп бирөөнү,
Жалган менен коштобо.
***
Хан чакырса барайын,
Каадалуу сөзүм салайын.
Акыл кимде, жол кимде,
Аягын сындап багайын.
Нечен кыр сөз болот,
Кээде душман өз болот.
Адамзаттын ичинде,
Ийриси болот, түз болот.
Жер асмандын үстүндө,
Колот болот, зоо болот.
Тура бербейт бул чондук,
Зордун түбү кор болот.
Айтышып келчү доо болот,
Атышып чыгар жоо болот.
Күчтөн тайбас кеп болот,
Кылыч кеспес тил болот.
Арыганча жүктү көтөргөн,
Айбандын чону пил болот.
Адамдын куну акылда,
Акылы барга жакында.
Эстүү болсо башчыңар,
Кары да болсо жашсыңар.
Акылсыз болсо башчыңар,
Муздап турган ташсыңар.
Атадан туулуп уул калат,
Энеден туулуп кыз калат.
Абалтадан өмүрдө,
Толбой акыл баратат.
***
Жаман катын, жаш бала
Экөөлөсө кантесин.
Жардычылык куу тагдыр,
Төртөөлөсө кантесин.
Жарма тапсаң туз таппай,
Жабыктырса кантесин?
Эт тапсаң, ун таппай,
Эзилтсе жигит кантесин?
Нанды тапсаң чайы жок,
Какап калсан кантесиң?
Катуу ичип ашынды,
Чакап калсан кантесин?
Бала тапсан чапан жок,
Басып алат жокчулук.