ЗАХИРЕДДИН МУХАММЕД БАБУР
Рубаилер
Үмүтүм өчпөйт пейили кенен жан
болсо,
Билер деп акыр эртеби-кечпи баркымы.
Жаңырган айым саратан ысык жайдагы,
Көңүлүн бөлөт, көк ташпы бооруң
сайдагы.
Арадан канча күн өттү, кат жообу жок,
Кемитип санаа, түгөтүп барат айламы.
Тырмагын малып жүрөктү кайгы
тытканын,
Сезбедиң, шахым, сыздаган үнүм
укпадың,
Сары оору болуп жүргөндө тосуп
алдыман,
Жаңырган айдай жайдары басып
чыкпадың.
Руксат кылсаң айтайын көңүл арызын,
Көөдөндү керген төгөйүн сырдын
баарысын.
Эч кимден дабаа табылбай жүргөн
дартыма,
Сен болор, балким, табармын сенден
дарысын.
Көңүлү жумшак жан болсоң кылып
ырайым,
Жылмая карап, жүзүңдү бери бур айым.
Көзүңдөн жанган жагымдуу оттун
табына,
Ырахат алып денемди кактап турайын.
Өзгөчө бүгүн достукка муктаж абалым,
Көңүлүм бөксө, турганда түтөп амалым.
Жөлөгүм болуп, кемтикти кылча
туйдурбай,
Жанымда жүрчү жашырбай жарык
жамалың.
Кызыгууң болсо эгерде, достум, илимге,
Талабы күчтүү эрк тутуу керек дилинде.
Талапкер жанга кийиктей илим зоодогу,
Көз курчун алып кароолго араң
илинген.
Жазганын күн-түн ойлонуп башты
катырып,
Татыктуу болсо чыгарат сенин атыңы.
Жүзүңдөн азсаң семиртет элдин
алкоосу,
Жемиштүү ишин тепсетип салбайт
акыры.
Көрүнбөйт бакыт, көз жеткис алыс
жайда бу,
Азаптуу жандан издебе, достум
пайданы.
Кайгы-муң, балким, чырмалар кат-кат
адамга,
Жыргаткан жанды кош жоолот күтмөк
кайдагы.
Көңүлүң жумшак, таш эмес болсо
бооруң бу,
Жанымда жүрүп, сакайтсаң жүрөк
оорумду.
Бел болор сен жок абалым начар
туюлуп,
Сезбеймин даамын өзүңсүз сүргөн
доорумдун.
Кусалык кыйнап каңырык түтөп
ырдасам,
Жат адам мейли, кайдыгер көңүл
бурбаса.
Ырымын кантип күйүттүн сезсин
өзгөлөр,
Мендеги кайгы аларды чырмап
турбаса.
Ой-кырга сүйрөп жашоонун өктөм
агымы,
Калтырды менден үйүмү, мал-жай,
багымы.
Таажылуу башым кириптер болуп ар
ишке,
Өксүтүп кайгы сындырды далай
шагымы.
Сурмалуу көзүң жылдыздай жанып
жайнаган,
Жарашып ага каштарың жарым айлана.
Санаамды тушап чыгалгыс кылып
имерип,
Чачыңдын ар бир талына бекем
байлаган.
Саргайып санаа сары оору болуп
бүтөйүн,
Ышкыңа какта дагы да быкшып түтөйүн.
Эртеби-кечпи чын болсо мээрим
төгөөрүң,
Туруштук берип баарына чыдап
күтөйүн.
Машакат менен жетишип турмуш
сыйына,
Туш болдум нечен тагдырдын азапыйына
Түгөнгүс түмөн түйшүктү берип
жараткан,
Оңойлук менен жыргалын бербей
кыйылат.
Түптөлгөн дүйнө түйшүктөн жана
жыргалдан,
Андыктан жаның туш болот түрдүү
кырдаалга.
Жакшылык ишке ыроолойт Бабур
кылганың,
Толсо деп аалам гүлдөргө назик
ыргалган.
Капылет жерден туш келсең жолго
тарыган,
Бал тилге салса душманың тийип арыңа
Алданбай ага досуңдун уккун айтканын,
Чын достун ачуу сөзү да шоола
жарыган.
Өткөрдүм баштан азаптын, муңдун
далайын,
Өксүтпөй эми маңдайга келип жан
айым.
Жакшылык иштен билдирсең бир аз
жышаана,
Аянбай барып жанымды курман
чалайын.
Какшытып санаа өзөктөн түтүн булатты,
Кайнатып шорду, көзүмдүн жашын
кулатты.
Калгандай чөлдө суусадым жайдын
күнүндө,
Дидарың башка суусундук болор
булакпы.
Түпөйүл кылып кыйноого салган рухтун,
Чаңкоосу канбас көксөөсү сенсиң
туруктуу.
Алсырап жаным аптапка күйүп
жатканда,
Саматкан артык саясы болдуң булуттун.
Ооматың келип алтын баш жетсе
дөөлөткө,
Уу тырмак болуп элиңди салба
мээнетке.
Беш күндүк өмүр, кыйшаяр баштан
ооматың,
Эчен жан өткөн күч менен элди
жөөлөткөн.
Абазын уксам чакырган менин атымды,
Зарыгып жүрүп алсам же сырдуу
катыңды.
Сыздаган жүрөк кетпесе кокус
жарылып,
Эсимден танып, жыярмын араң
акылды.
Ичинде жүрсөң, кайнаган түмөн элдин
бу,
Тымызын гана көрсөтүп шарттуу
белгиңди.
Көңүлүң бир аз кушубак кылсаң
болбойбу,
Үй-жайдан безген мусапыр мендей
келгиндин.
Санаага баткан катымдын сабын
улаймын,
Кат менен кошо ыймандай сырды
сунайын.
Жел менен кетпей айтылган кептин
баарысы,
Жүрөккө таамай жетсе деп тилейм
ылайым.
Өлбөстүн даамын таттырар эрдиң
дарыбы,
Самадым жетпей ал-күчтөн тайып
арыдым.
Кайратым качып, сабырым түгөп
баратат,
Кабарың жөнөт кууратпай мени,