ЗАХИРЕДДИН МУХАММЕД БАБУР

Рубаилер

ЗАХИРЕДДИН МУХАММЕД БАБУР

жарыгым.

Эрибей турган мөңгүдөй калың

жайдагы,

Санаалуу көңүл айыкпас дартты

байлады.

Айыбым барбы, айтпайсың неге

ачыгын,

Сырыңды катып түгөтүп менин айламы.

Көздөрүм самап жалындуу сенин

көзүңдү,

Көрсөм деп күсөп сагынып турам

өзүңдү.

Саргартып мынча муң-зарга салып

сыздаттың,

Айткың жок мага жарым ооз жылуу

сөзүңдү.

Гүл болсоң эгер мен булбул, гүлгө

жарчымын,

Сен шоола болсоң күн тийген тоонун

артымын.

Алдыңа тике баралбай жүргөн

ийменип,

Көпчүлүк элге шах болсом, сага

жалчымын.

Сулууга кантип кандай жан назар

салбасын,

Жалжылдап күйүп кареги кимдин

талбасын.

Табият берген көркүңө калдым

байланып,

Бүт элим менен кул кылып мени ал

бачым.

Көрө албай сени өзөктө күйүп

арманым,

Кемирип санаа кемитип барат

дарманым.

Кол булгап мени чакырсаң боло өзүңө,

Ачууга чылап түгөтпөй такыр аргамы.

Кыстаса кайгы унутуп кайрат кааданы,

Шарапка кирген адамдын чыккан

нааданы.

Мастыкка салып акаарат айткан

достукка,

Кул менен тете сатылган арзан баадагы.

Аңкытса жытын жаздагы гүлдүн

кызылы,

Аралап жүрсөң көзүңүн канар кызыгы.

Ырахат алып сейилдеп бассаң гүл

бакты,

Келгенсийт шаттык акырын агып

сызылып.

Кыйнасаң элди укурук шилтеп

чамынып,

Акыры камчың өзүңө тиет жаңылып.

Пейили кенен туш болбойт эч бир

кордукка,

Айыптуу жандар жазага барат таңылып.

Көңүлүм туйлап секирген ойноок

улактай,

Карегим тунду жамалың издеп

булактай.

Күкүктөй мени муңкантпай үндөп

алсаңчы,

Көзүмдүн курчун кетирип, жашым

кулатпай.

Колуңда барын ыргытсаң берип

бөлөгүн,

Каалаган жакка бурулуп тагдыр конобу.

Жок, антпейт достум, керексиз жерде

той кылып,

Зарыккан күндө сындырат тагдыр

жөлөгүн.

Көөдөндү тепкен чыгарып кез-кез

кайгымы,

Назданбай өл деп күнөөгө жыктым кай

күнү.

Осолсуп кайра сыйындым өзүң тарапка,

Олдоксон айтсам кечиргин кеткен

айбымы.

Окуган сайын жүрөктүн учу зырп эткен,

Ырыңдын сабы султандай экен шыр

кеткен.

Мазмуну терең акылды көргөн

салмактап,

Көп саптын сырын ачууга күчүм тур

жетпей.

Эшиткен сайын ырыңдан шоола

чачырап,

Түпөйүл кылган санааны алыс качырат.

Бабурдун көзүн жайнатып жарык шам

кылып,

Ырыңдын сабы аруулук жолго чакырат.

Көөдөнгө чыкса ишенич гүлү кылайып,

Сый-урмат көргөн көңүлгө келет

ылайык.

Өзүнөн өйдө иш кылбай кетсе шакирти,

Ашыкча баалап устаттан кеткен бул

айып.

Көп татпай даамын оюн-зоок, тойдунмайрамдын,

Кечирди далай азапты башым кайран

бу.

Тутунуп диндин парызын аалам

кыдырып,

Кандай иш кылдым, табалбай бүгүн

айранмын.

Санаага салып, муңайтып отко

кактабай,

Шоолаңды чачсаң жадырап айдай

батпаган.

Жыргалын татсын жашоонун жаным

өзгөчө,

Саргара жортуп бул күнгө чейин

таппаган.

Ышкыңар жанар кулагы чалган ар адам,

Уламыш болуп ааламга көркүң тараган.

Мактоодон улам эшитип токтоо

мүнөзүң,

Сыздады жүрөк кусадан бүткөн

жарадан.

Шуудурап назик жел ыргап турган

эрмендей,

Наздана карап жарым ай кашын

кергенде.

Мөлтүрөк көзүң карекке турса чагылып,

Чүмкөнүп булут жарык күн болот

шерменде.

Бүтүрөм деген ар ишти өз-өз маалында,

Түйшүк бар ар бир акылдуу жандын

баарында.

Кол байлап иштер алдына барсам

кечирип,

Кабыл ал мени жүзүңдү буруп

таарынбай.

Саргарып сага жете албай жүргөн

кезимде,

Санаага батып, муң-зардан боорум

эзилген,

Кыйноого салып кактабай жанды

кайгыга

Көңүлүң болсо орун бер аруу сезимге.

Жол балчык бүгүн, өзгөчө түнү караңгы,

Көрсөтпөй турган бир карыш жерден

караанды.

Быкшыган оттун түтүнү жашты куюлтуп,

Ачууга салып козгоду жүрөк жарамды.

Ызалык мыжып жүрөгүм нечен

кайгырар,

Кыяндай каптап көөдөндү куса сай

кылар.

Өксүккө толуп издеген бейиш гүлүм

сен,

Шаттыкка бөлөп көңүлдүн кушун жай

кылар.

Алымды сурап келсе да көп эл

жыйылып,

Жооп бербей элге, ышкына турам

сыйынып.

Чымындай жаным кириптер 6олсо

өлүмгө,

Жашоодон, сенден кетермин араң

кыйылып.

Түр-түргө салып чебер кол сайган

саймаңан,

Үңүлүп терең мүнөзүң окуйм жай гана.

Өзүңдү самап жүргөндө келип туш

болсоң,

Сен кылган ишке караймын кантип

каймана.

Орозо келди напсисин көптүн сынаган,

Азайды жолдо кечээки кербен чубаган.

30.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.