ЗАХИРЕДДИН МУХАММЕД БАБУР

Рубаилер

ЗАХИРЕДДИН МУХАММЕД БАБУР

Беш убак намаз окуган башын

көтөрбөй,

Шарапка тоюп мас болуп жүрөт дубана.

Кусалык эзип дартымдын карты

сыйрылып,

Ысытма чыгып турганда денем

чыйрыгып.

Көңүл кош достум, тетири карап

өтпөгүн,

Кабагың салып, тырышып териң

жыйрылып.

Жарытпайт түндү ар жерде жанган ала

шам,

Гүл чыккан жерге тикенек өсөт жанаша.

Кечиргин достум, өзөктө дарттын

айынан,

Ырымда кетти чын сырым дагы,

тамашам.

Ачылбай көзүм жатканда илдет,

ылаңда,

Уу дагы дары өз колуң менен чыланган.

Кыйноосун дарттын туйбастан туруп

кетермин,

Сен берген даамдан соо болуп жаным

куландан.

Кут конуп башка жетишсем сенин

сыйыңа,

Кутулар көңүл зарлаткан азап айынан.

Көөнөргөн бактым жашарып турса бүр

байлап,

Жаны бир дүйнө жаралган өңдүү

туюлар.

Саргартып мени санаага салбай ээн

жайда,

Айтылган кепти какпастан четке желге

айдап.

Ичиңден аяп кыпындай кызмат

көрсөтсөң,

Көңүлүм эргип калармын бир аз бел

байлап.

Өткөргөн күндүн көбү муң, азы шаң

болду,

Азапка түшүп сызылып ичке кан толду.

Жүз ирет шүгүр, ырахат менен кайгыда,

Улантып келем тагдырга бүткөн чаң

жолду.

Какталып жаным ышкыдан жанган

өртүңө,

Тушалып такыр ажырап бүттүм

эркимен.

Шылдыңга калып көптөрдөн арсыз

аталып,

Акылдан айрым күн тайдым шертимен.

Абазым жетпей алыскы сендей

курдашка,

Сагынчым артып, кусанын жүгү тур

башта.

Арылып муңдан, шат болор чиркин

көңүлүм,

Эркимди бийлеп ээн-эркин басып

сырдашсаң.

Ийгилик жанат жүзгө азапка бышкан

чыланып,

Чымырап денем басылып майда

толкунга,

Өчпөгөн шамдай үмүттүн оту уланып.

Маңдайга жазган тагдырдын таш боор

буйругу,

Сызгырып зарга өзөккө чексиз куйду

муң.

Шек берип түшүн тынчы жок өткөн

күнүмдөн,

Чекесин, достум, сезимтал жаның

туйдубу.

Кол бутум байлап кактаган күчтүү кош

оттон,

Ырайым кылып азаттык берип

бошотсоң.

Кул болуп сага кызматың кылып өтөйүн,

Отуңду жагып, чыгарып күлүн очоктон.

Жашоонун жыргал, азабын бирдей

татканга,

Үй-жайдан безип, ааламды кезип

аттангам.

Сылык эл үчүн бел болуп кызмат

кылууга,

Түркөйлөр кыйнап азапка салып

жатканда

Тууганды, жатты болбогон жерден

каралап,

Салбагын шорго жүрөгүн тилип

жаралап.

Даам таткан жерге түкүрүп кетсең

кылчайбай,

Айыкпас дарттай наамыңа наалат

жаралат.

Катымды көрүп түшүнсөң сөздүн

түпкүрүн,

Арналган сага көңүлдүн жыпар бүт

гүлүн.

Кабарын жөнөт шумкардай ыкчам

зыргытып,

Сарсанаа кылып узакка турбай күттүрүп.

Көрүнбөйт кыйры мекеним калган

алыста,

Оюн-зоок, шаттык туулган жер менен

калышкан.

Мен өзүм каалап көгөрүп жүрүп

кеткемин,

Шылтоо да, жол жок кайрылып артка

барышка.

Сормого батып жашоонун качып

кумары,

Кусалык кыйнап турганда көзүң

тунарып.

Акылдуу пенде жанында болсо түзүк

иш,

Балчыктан акыр бошотуп алар чыгарып.

Чыйрак жан жүрөт дайыма жарык

маанайы,

Көп ичкич өзү тебелейт ырыс, таалайын.

Санаакеч болсо тынч уйку көрбөй түн

ичи

Өзгөртүп эрте буурулга боёйт

саамайын.

Ичпеймин, достум, ооз тийбейм, буга

таңданба,

Акым жок такыр чөйчөктү колго алганга

Шарапка тоюп көңүлүм куунак

жүргөндөй,

Көрүнөр көзгө кандай иш кылдым

жалганда.

Көп элди көрүп машакат тартып

ыйлаган,

Сыздады жүрөк кулундай ойноп

туйлаган,

Тилегин элдин аткарса Бабур арылар,

Азаптуу дарттан жүрөгүн эзип кыйнаган.

Көңүлдүн кушу капаска түшсө думугат,

Көп кайгы чеккен эртелеп көзү жумулат.

Жашоонун шары сүргөндө өйдөтөмөнгө,

Жеңил жан болсо жолдошуң миң бир

кубулат.

Жүрөктө күйгөн сагыныч, куса азабы,

Жалыны күчөп кыйноого салды таза бу.

Ырыскым соолуп алоолоп күйгөн бул

оттон,

Таңга да жетпей кыйрайбы кулап

казаным.

Муң-зардын учу жүрөктү төөнөп

сайылды,

Арманым түндө жылдыздай көккө

жайылды.

Ырайым кылып түшүнөр болсоң

алымды,

Ышкыңа дагы күйүүгө чындап

кайылмын.

Курдаштар менен жүралбай оозум

тыйылган.

Арзуумдун четин айталбай оозум

тыйылган.

Бир баскан менен катарын бузбай

достордун,

Ачылбай сырым коноктой жүрөм

сыйыңда.

Тар жолдо дайым эл жөлөк болот

эмеспи,

Азаптуу күндө элимден уктум кеңешти.

Ачылды көңүл а бирок калды түпкүрдө,

Айрылбай менден кусанын тагы эң

эски.

30.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.