ЗАХИРЕДДИН МУХАММЕД БАБУР

Рубаилер

ЗАХИРЕДДИН МУХАММЕД БАБУР

эркимди,

Айтайын сөздү, түшүнгүн анын

төркүнүн.

Кушубак өткөр өмүрдүн ар бир

тамчысын,

Табылбайт кайра токтобой кеткен ар

күнүң.

Жолуңду карап өзөндө жатсам

тыныгып,

Элестейт көзгө тынчымды алып

кылыгың.

Үзүлүп капыс кетемби деймин өмүрдөн,

Жөнөткөн мага угалбай жообун

чыныгы.

Акылым менен байланып бактым

атыңа,

Көзүмдүн курчун кетирдим сен деп,

татынам.

Ышкы отун кечип, көңүлдөн сууруп жок

кылып,

Карөзгөй ишке барууга кантип батынам.

Күзөтчү болуп термеген бейпил

түнүңдүн,

Чабыттап санаам, тынч албай көңүл

бөлүндү.

Жетелеп жүргөн ишенич оту жалындап,

Же такыр өчүп түгөнөр күнүм бүгүнбү.

Өчпөгөн менде үмүттөн жалгыз нур

калды,

Оңдочу келип бузула турган

кырдаалды.

Сагыныч, азап, кайгыдан алып

куткарып,

Сыздаган жанга сунуп өт бир аз

жыргалды.

Тартылып көзгө элесиң, өчпөс сүрөттөй,

Кусалык менен өзөндө жүрөм күн

өтпөй.

Жакшы жооп угар күнүмдү тилеп

кудайдан,

Түйшөлүп көңүл, тынчыбай жарым

мүнөткө.

Сыздаган жаңы ашыктык салган

жарадан,

Ырчынын доошун укканда аяр ар адам.

Тентиткен элде оорулуу бөксө көңүлүм,

Толбоду орду өтсө да мезгил арадан.

Кулагым чалып көркүңдү сулуу

багындым,

Көрө албай такыр кумарым ашып

сагындым.

Ышкынын оту кетирип каруу күчүмдү,

Азапка батып, айыкпас дартка

кабылдым.

Бөлүшөр муңду көңүлдүн жок бир

жакыны,

Бул кейиштин бары жүрөктө жүрүп

катылып,

Көөдөндөн чыккан көйгөйдү угар

сырдаш жок,

Уяң сыр акыр ырларга чыкты атылып.

Өзүңдөн башка жогунан жүрөк тапканы,

Кушубек учту рухтун кушу таптагы.

Пайдасын кечип жашоонун бардык

жагынан,

Байланды сага үмүттүн кечи, ак таңы.

Туш кылсын мейли күндөргө кандуу,

чырга бай,

Куюлса дагы көзүмдүн жашы кургабай.

Чын, кудай акы, дидарың менден

бөлүнбөйт,

Курчаган мени канбы же күнбү

ылгабай.

Уккандын көөнү калбастыр деймин

каймана,

Айтылган кепти ар бири отко кайнаган.

Куралып ырлар аралап жүрсө эл ичин,

Айланып улам шоокуму күчтүү дайрага

Зарыгуу, күтүү акыры төгүп жемишин,

Жакшы жооп берсең, кубантып анын

келиши.

Оозумдан чыккан талаптын баарын

аткарып,

Чөгөлөп аалам баш ийген менен тең

ушу.

Саналуу көңүл камалып торго турганда,

Кабагын салып, түсүңдү буруп

сурданбай.

Маанайың жарык, жайдары тосуп

алышың,

Кыйраган шаарды жаңыртып кайра

тургандай.

Саяпкер таптап чаалыгып бүткөн

атымды,

Азаттык алар көңүлдүн куну жакынбы.

Абалым кандай, перизат, көрүп

билерсиң,

Кабыл ал бүгүн үмүттүү жазган

катымды.

Жүзүңдү чайса Ай менен Күндүн

жарыгы,

Алардан чындап кызгандым, сулуу,

тарыдым,

Жылаажын үнүң жаңыртып тынбай

айлана,

Тымызын ырдап тургандай сен деп

баары бу.

Көңүлдүн издеп түбөлүк түнөр уясын,

Кат жазсам болду көзүмдүн курчу

сыясы.

Саргайтып санаа, кусага толгон

көөдөнү,

Азаптуу жандын түйшүгүн качан

туясың?

Артыңда сактап бул жердин эчен

алкагын,

Кадырың ашып, элиңдин болдуң

калканы.

Мартабаң бийик шахтардан аалам

сыйлаган,

Алдыңа баатыр бара албай жүрөт

жалтанып.

Абалың сурап жөнөткөн мобул

барагым,

Көмүскө сырга жык толгон бардык

тарабы.

Жүз түрлүү белги ишеним жүгүн

артынган,

Бирине бири окшобойт, байкап

карагын.

Түйшүккө салып элестей берип

кылыгың,

Келтирди күүгө жүрөктө назик кылымы.

Алагды болуп мазмунсуз ишке

байланып,

Маанисин билбей өткөздүм ай-күн,

жылымы.

Ышкы оту мени шаттыктан бөлүп

айрыды,

Көрсөтчү бир жол, зээниңде болсо

кайрымың.

Эркибиз бирге ээ болуп азат күнүнө,

Арылтсын баштан сары оору кылган

кайгыны.

Көңүлдөн кетсин кайгы-муң, азапзарыгуу,

Катыңда жөнөт жакшылык кабар

жарыгын.

Акылга көнүп кубаныч кушу түбөлүк,

Аруулук менен шилтесин алга арымым.

Билсин деп зарлап, муңайып жүргөн

чагымды,

Тизмектеп баарын, жөнөтүү үчүн

камындым.

Катымды көрүп, түшүнүп менин

алымды,

Гүлдөтсөң боло саргая түшкөн

багымды.

Ордунан чыкса оюмда жүргөн тилегим,

Жакуттан кымбат мойнуңа белек

илемин.

Жайдары карап жалындап турса

илебиң,

Үйүмдө толо кызыл дан бар деп

билемин.

Көз артып көптөр тургансып сендей

кызга бу,

Жалыны күчөп куйкалап барат

кызгануу.

Бейтааныш менин сагынчым билбей

жүрүшүн,

Ойлосо жаным азапка батып сыздады.

30.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.