ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Аларды бакыт жаш кылып, аларды сүйүү мас кылды. Жака-белге жаш балача суктанышып, ошо суктануу менен, ошо бакыт менен, ошо сүйүү менен кайра жаралып, бири жыйырма бештен, экинчиси отуздан ашса да, экөө тең жакшылык менен жамандыкты көрүп, экөө тең үйлөнүү үлпөтүн баштан кечирип, анан экөө тең үй-бүлөлүк чыр-чатактын, арман менен азапка чыдап, ажырашуунун муңуна чыдап, жашаган өмүрдүн өчү бардай өксүгүнөн биротоло бошонуп, кайра бир жолу, биринчи жана акыркы сүйүү кумарына кабылышып, дүйнө жалгыз, дүйнөдө сүйүү жалгыз, сүйүүдө экөө жалгыз болгон бир өмүрдө бир жолу болчу, болгондо да бактысы бакыт, сүйүүсү сүйүү тапкан учурду баштарынан кечирип баратышты. Тагдыр деген бир өмүрдө бир жолу бакыт менен сүйүүгө багынат экен, ушул саат, ушул мүнөттө ошондой болду, ошондой болгону үчүн ушул күн, ушул кездешүү бу дүйнөнү кайра жаратып, күндү күлүмсүрөтүп, тоолор менен талааны жайда келген жаз кылып, айтор, бүт баары, айыл да, айылдаштары да улуулук менен сулуулуктун жаратуучулары болуп турушту. Мунун баары Элес анын жанында, ал Элестин жанында болгону үчүн, тигинин ар бир кирпик ирмеши аны дарылап, аны эркелетип, аны кайра жаратып жаткандай кабыл алынды. Эки жалгыз адамды жалгыз сүйүү бир кылып, жанына жанын кошуп, канына канын куюп койгондо тагдыр менен адилеттик алар үчүн иштейт экен. Ошол гана аларга бакыт, ошол гана аларга жашоо болот экен. Жашоонун өзү сүйүү экен, жашоонун өзү бакыт экен. Ушинтип ойлоп жатып, ал өзүн өзү токтотту.

Ошол саат, ошол мүнөттө анын жандүйнөсү жанда жок ыр болуп төгүлүп турган эле.

 Көрдүңбү, Арсен, мынабу тоолор, мынабу талаалар менин сүйүүмдү күтүп жүрүшкөн, ошондуктан мен бул жерге тез-тез келип турчумун. Күнү-түн күткөм, бирок ушундай болот деп ишенген эмесмин. Билесиңби, биздин ушул жерде биздин Кызкайып эжебиз бакыт издеп, сүйүүсүнө жетем деп аалам кезип жүрөт деген сөз бар.

– Аны мага айта көрбөгүн, Элес. Ыйлап жиберем.

– Ошондойбу? Ал үчүн мен да кейий берем.

Бир сүйүүнү бир киши болуп жараткандар башкаларга бир бакыт болуп көрүнсө, анда алардын ага чейинки тагдыр тозогу, өмүр муңу да ошол бакытка, ошол бакыттын кубанычына айланат. Өткөн өткөн күн менен кетет, а жашоо кайрадан жаңы башталат. Бүгүн мен, мен эле эмес, Элес экөөбүз кайра баштан жаралып, кайра баштан жашарып жатабыз, бизге көз тийбесе экен деп ойлоду Арсен.

Ойлогон менен ошол саат, ошол мүнөттө мен гана, мен гана жеттим деген өзүмчүлүк ой-пикирге биротоло бериле калып магдырап, телегейи текши боло калганда каргаша менен жамандык бакыт менен сүйүүнү көз ирмебей карап турат деп ойлоп ийди. Бакыт болбосо сүйүү жок, сүйүү болбосо бакыт жок, ошол үчүн алар жалгыз келбейт, жалгыз болгон кезде ал алсыз, чектелүү болот деди. Анан: «Араб ханзадалары эмне болот? Таштанафгандын барымтасына түшүп калышабы? Аны айнытыш керек, а эгер ал кежирленип тил албасачы? Анда эмне кылабыз? Бектур агасы ага да автомат берем дебедиби, ошо автомат менен коргонууга чыгып, таштанчылардын баарын атып салып, анан өзүн да жок кылуу керекпи? Кедей тургандар көп, алар мени башкача түшүнөт, араб миллиардерлери үчүн баарын, анан өзүн атты дешет. Анткени алар байларды жек көрүшөт. А чындыгы андай эмес, алар деле бай болгонду басса-турса самашат. Деги эмне кылуу керек? Бардыгыбыз кыл арканга байландык. Ташафгандар болсо карактоодон башканы ойлобой калды, ошону жасашат, алардын жогото турган эч нерсеси жок. Акча үчүн баарын жасашат. Жырткычтын олжосу бутунда болсо, каракчылардын олжосу жанкечтилик кылмышта. Таштанафган да ошону айтып жатпайбы, энчиңди күч менен, карамдык менен тартып кал, болбосо башкалар жулуп кетет деп. Эх, оңбогон классташ, Оогандын канжар азуу карышкыры, кимди болбосун жара тартууга даяр. Эмне болот? – Заматта ушинтип ойлоду да, анан: «Эмне болмок, эч нерсе кыла албайт, жаңы турмуш башталды», – деди.

Бүт бардыгын экөө тең дилинен туйгандай болду, машинага май куйчу жерге барышты, андан соң жолун улашты. Эмнегедир Арсен Саманчин тоолордон шаарга кеткен чоң жолго бурулду да, анан ал машинасын токтотту. Саамга унчукпай туруп калды.

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.