ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
– Эмне экен, чыкса чыгабыз. Сен бизди энчиден кур калтыргың келет.
– Дагы эле баягы.
– Жок, Арсен, сен өзүңчө, мен өзүмчө ойлоно берейин, убакыт бар, үч күн, үч түн. – Алар кыйладан соң коштошту. Таштанафган дале болсо аны коё берчүдөй эмес, желке чачын кашып калды: – Сени билип турам, бирок азыр биз кыйкырып-өкүрүп, эл уккудай сөгүшсөк, балким, ачууң тарап калар. А бирок сен мен жөнүндө да ойлонгун, сууга чөгүп кеткиң келет, өмүрдү кыя албайт экенсиң, жашаш керек, болгондо да бардар жашаш керек. Жанагыл жан алгычтардын бизди мазактаганы жетишет. Бут кийими жогунан балдар мектепке баралбай калды, аны бир нерсе кылыш керек да. Силер селсаяк деп атаган шаардагы адамдарча мал менен мал болуп, мал артында жүрөбүз. Биздин ким экенибизди жанагы силер көчүгүн жалап мактаган олигархтар билсин үчүн, билгенде да кошоматчы жакырлар экенибизди өз көздөрү менен көрсүн үчүн байлардын кекиртегин үзөбүз. А сен болсо байкоочу болуп тургуң бар.
– Шапкеңди кийсең эле баары болот, аларды кекиртектен алабыз деп ойлойсуңбу? Чыр-чатактан башка пайда чыкпайт.
– Урдум мен ошол чатакты. Шапкени кием дедим киемин.
– Кийбей туруп ойлонгун.
– Сен ойлон. Мен ойлонуп бүткөм. Көрүшкөнчө.
Ошентип алар ого бетер убайым тартып, туз ургандай туталанып, бир пикирге келишпей ажырашып кетишти. Анткен менен ал экөө бул кооганын арты эмне болорун, барымтага алына турган ханзадаларды туткундоонун арамзалыгы Теңир-Тоонун түпкүрүндө, кар жаткан капчыгайларында жашаган барстардын тагдыры менен байланышып каларын, анан ошонун айынан өздөрүнүн да кырсыкка учурашы мүмкүн экенин ички туюму менен туюп да, туйбай, ал жөнүндө ойлонуп да, ойлонбой, жалгыз гана ишеним кумарына азгырылып турушту. А бирок ичтеринен үнсүз тазалыктын кыйкырыгы чыкты: жадегенде жырткычтар ушуну билип, ушуну сезип койсочу! Эртең эмне болорун, кимди ким кайда соёрун жырткычтардын паашасы, кабыландын тукуму, туулбай туна чөгүп кал, тагдыр каргышына калган кайран Жаабарс, кайран Жаабарс билсечи! Ошону айтсаң, эгер булар болбогондо бейиш төрүнө кыямат жасоо бир да жандын башына келмек эмес.
Ошол күндүн ошол саатында булар жөнүндө Арсен Саманчин да ойлогон жок. Ал жүрөгүнүн канча бир кагуусуна дейре арамзалык менен кара ниеттикке чыдап, дагы да жалгыз калып, дагы да жалгыздыктын деңизине чөгүп баратып бир көз ирмемге бир адам үчүн чыга калып, анан ошондон улам аман калганына адам катары сүйүндү, мындан бир аз эле мурун, Кудайы атайы берген бактысы үчүн, ооба, бактысын жаратар сүйүүсү үчүн жашоо кумарынан дем алып, ошондон улам өзүн бирөөгө керек санап, анан өзү үчүн эле эмес, ошол үчүн, ошонун бактысы үчүн өмүр жыргалы, өмүр кубанычы эмне экенин айкын сезди. Негедир шашылды. Эмнеге мынча шашылды? Сүйүү деген ушундай болобу, сүйүү деген ушундай шашылыш жаралабы? Неге? Күнү бүтүп, суусу түгөнүп баратканы үчүн сүйүү деген шашылыш, жүрөктүн бир кагымында, тиктешүүнүн бир жалынында пайда болобу? Өлүм менен өмүрдөн турган ар бир күн ал үчүн акыркы күн болуп калары кашына келип турабы? Аны ал билбейт, ал турмак Жараткандын өзү да билбейт. А бирок ушул күндүн ушул саатында ал эмне болуп жатканын бирөө билип, бирөө көрүп, ал тургай бирөө келет деп күтүп отурган.
Элес аны терезеден өзү чакырды:
– Арсен, мен мындамын.
Ал ушуну эңсеп, ушуну каалап бараткан. Жан адам туйгус дил сырын алар көздөрүнөн көрүштү, ал экөөнө көздөрү сүйлөп, көздөрү сайрап, каректери каректерине биригип жатты. Элес азыр эжесинин үйүнө барып камынып чыгарын, а Арсен болсо алардын короосунун жанына «Нивасын» айдап келерин, анан алар алыска, тазалык жашаган жерге барышарын, жолдон май куюп алышарын, айтор, сүйлөшпөй билип, сурашпай макул болуп турушту. Ооба, бу дүйнөдө сүйүү менен бакыт гана эч качан, эч убакта кечикпейт. Ушул кырдаал ушундай. Арсен машинесин айдап келгенде Элес даяр туруптур, аркасына жол баштыгын асынып, колунда гитара, ийнине жумшак одеяло жамынып, жылмайып чыга келди.
Уя салган көгүчкөндөй жанаша жакын отурушту да, жөнөп кетишти, жалооруган, бирин бири жоготуп албаймбы деген аёолуу тиктешүү менен экөө тең өмүрүндө жетпей келген, өмүр бою эңсеп, өмүр бою издеп келген бактысына кез келип кетип баратышты. Ооба, бакыт бакытты, сүйүү сүйүүнү табат, ошол үчүн бул жашоодо сүйүү менен бакыт гана эч убакта, эч качан кечикпейт!
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.