ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Чынында ошондой болчу. Ал ошондо өзүнө да түшүнүксүз, демейки маани-маңызын жоготуп жиберген бул кыямат убакта ой-санаасын от кылган кайгы азабынын тамырын сезгендей болду. Аскалуу сеңирдин кылда учунда, кыйшая өскөн арчага сүйөнүп туруп, ал теребелге жөн эле көз чаптырды да, анан ал далай күндү карытып, далай мезгил бирин-бири эңсешип жүрүп, анан гана алгач ирет арзуу кызыгына жеткен, кыймыл-аракетинен кумар оту менен жаштык күчү төгүлгөн, төш кадаша моюндаша калышып эркелетүү ырахатына баткан, анан да өз жаны өзүнөн чыгып, түгөйүнө биригер абалга алып барып, эки дене бир жүрөк болор алдындагы бу дүйнөнүн жыргалынан кан тамыр кызыл от болгон кезиндей тагдырга ыраазы тейде баратышкан тээ ылдыйкы жайыктагы жаш түгөй барсты көрдү. Көрүп эле тим болгон жок, аралыктын көз учурган алыстыгынан алардын карегинен кумар оту күйүп турганын сезди.
Айласы күйгөн ал байкуш жата калды да, анан боортоктоп, өзүнөн өзү кайдадыр качып бараткандай болду. Өзүнөн өзү кайда качып кутулмак... Ошону айтсаң, жанагыл экөөнүн кумар жыргалын келкели келген бир кезде ал дагы баштан кечирген, ал турсун андай керемет абалды коңшу үйүрдөн имерип алган тал чыбыктай буралган, ак жыландай ойдолой, бутуңа ороло калгандай таасир калтырган, жибек денеси түгөл ийиген үйүгүш жолунда өнөбою алгач ирет от болуп күйгөн жаш канчыктан да сезген. Мына ошондо бул дүйнө бир гана көңүл байлашкан түгөйлөргө берген, ааламда алар жалгыз калган кезде гана баштан өтөр кумар черин чыгарчу тирүүлүк ыракатын көрүш үчүн, башкалардын көзүнө түшпөш үчүн, чагышып чалкып жыргаш үчүн далдаа жерге качып барышкан... Мына ошондо да кызыл чок болгон кырк тамыр дене бойду өрт кылып, төбөдөгү көк асман да алоолонгон от болуп, бет алдындагы күн кирпиги сайылган тоо чокулары кошо жалын чача термелген чакта алар жанжалгашуу жыргалын көздөн учуруп, көөнүндө экөө бир болуп, каректе күйгөн бул дүйнө кучагын ачып кубанып, арзуу кумарынын мастыгын бири-биринин кыл тамырына өткөрүшүп, чок капталга от каптал тийгизише жай аптабын күйгүзүп, мөңгү барстарынын тукуму келер саатты эңсеп, эки дене бир жүрөккө айланып бара жатышкан.
Ай ошондо бул экөө жанаша сыза сүзүшкөн балык сымал жарыша жүгүрүп, чок денелер керилип, куйруктар уча кубалап, бирине бири өрт чача чуркашып баратышкан. Канчык андан бир аз, тумшук озум алдыда эле. Ооба, ошондой болушу кажет болчу, анткени ургаачы барстын дал ошо канчыктык касиети, болгондо да үйүгүш күүсүнө келген касиет-керемети ушундай абалда гана дүйнөгө бийлик жүргүзүп, балкыган дене жытын чача алат да, жан жыргалы көздөн учкан дөбөтү бир өмүрдө бир болчу магдыратма бул жытка мас боло, тигинин денесинен чыккан жылуу, назик илепке ого бетер эңги-деңги түшүп, а бирок тигинин кабынан чыга жаздай туйлаган жүрөгүнүн кандай согуп жатканын да туюп, алдакандай бир белгисиз күдүк ой көкүрөккөөнүн көккө учуруп бараткандай болду. Ошол саат, ошол тамыр кагышта бир өзүнө буга чейин угулбаган, асман-жердин ортосун бириктирип, күн нурунан жаралгандай бул үн төбөсүнөн угулуп, айлана-тегерегиндеги мемиреген тоолор менен токойлордун билинбеген, жыл маалында бир болчу термелүүсүнөн чыгып жаткандай туюлду да, атаганат кем дүйнө, мунун баары ай-ааламдын өмүр-күнүнүн кайталангыс күүсү, жазмыш кошкон бул экөөнүн Жараткан буйруп жалгашар алдындагы бири-бирине жан берүү ыры, өмүрдүн түбөлүктүүлүгү жөнүндөгү сүйүү кайрыгы экенин бу кумар оту күйгүзгөн мөңгү барсы билсечи. Бирок кээде мындай да болот, ал керемет закым, кийин чындык болуп, болгондо да өлөрөлгүчө сени өксүткөн ачуу чындык болуп чыгат. Ошо закымдуу жалган элестер да өттү, күн күндү кубалап, жыл жылды алмаштырды.
Түйүнүн чечпес тагдырга айла барбы, эзелтен ошондой болуп келген, аны өзгөртө турган күч да, сот да жок. Ошондо, жазмышы ага жарыгын чачпай, жек көрүндү болгон күнү, андагылардын көзүнчө эркек намыс талаш кармашында жеңилип, ал аз келгенсип жанынын жарымындай болгон түгөйү кан жуткурган, жанагыл чунак кулак канкор менен жан кашайтып кынала басып кеткен кезде ыза-кордукка чыдабаган Жаабарс кайгысын кайда катарын билбей башы оогон жакка басып кетти. Тагдырдын берген күйүтүн, азыр эле өткөн иштин жалынын кантип өчүрөрүн биле албай, кыжыры кайнагандан улам ары-бери сандалып, жадагалса аң уулаш жайын унутуп, каргаша канын ойнотуп жүрө берди. Мына ошондо ؘ– ушундай ырайымсыздыктар да болот экен да – бу тоолордун адамдын изин көрөлек жайык коктусунан ал өзүнүн жанагыл жан шериги менен көңүлгө өчпөс кек салган чунак кулак барстын денекумар бир болуп, дүйнө унутуп чагышып, ал экөөнү эч качан тагдырын да ажырата албай турган абалда калганын көрдү да, чечекей агып, карегим катып калсачы деп жиберди. Ал учурда тиги экөө жан жалгашуу жыргалынын жетер жерине жетип, акактап чарчап тил сунуп, көчүктөрү желимделип калгансып ажыраша албай, кыймыл-күчтөн ажырап, бири-бирине жаны чыгып бараткандай аёолуу карап, каректи өрттөп турган экен. Алар Жаабарсты дал ошондой абалда турган чакта көрүштү да, үрөйлөрү үч көчүп, демдери катып таш болуп өлүп калышты. Ушунун баары каш кагым гана убакытта болду. Каары келип, күңгүрөнө ыркыраган Жаабарс башын жерге сала, көзүнөн жалын чыгарып, бир жалтанбай кол салууга, камындырбай баса калып жулмалап, ай дегиче алкымына канжар азуусун салып шарт булкуп, эки чайнап, бир жутуп жиберчүдөй жаалданып, өксүткөн өчүн экөөнү катар өлтүрүп эми алмакка келатты. Көздөгөнүн көзү менен көрүүгө акыркы гана кадам калган эле. Ошол чечүүчү кадам таштаарда, жининен аша жек көргөн, жанагыл эки дене биригип, эки жүрөк бир тамырдын кагышына айланган түгөйлөрдөн чоктой күйгөн көздөрүн албай баратып, капылет жерден дал болуп катты да калды. Анткени аны кандайдыр бир сыйкыр күч, кандайдыр бир касиеттүү добуш, кандайдыр бир эрк токтотуп калгандай болду. Барс тукумун улантуу үчүн көңүл макулу менен жалгашкан түгөйлөргө кол салба, өмүргө зыян келтирбе, тарт артыңа деген кимдир бирөөнүн өзүнүн дилинен угулган касиеттүү буйрук-үнүнөн улам касташына канжар болуп сайылар жолунан башка чапкандай бурула берип мүдүрүлдү да, беткелди жүрүп берди, а бирок эмнегедир ызырына күркүрөп, жаны чыгардай онтоо менен ый угулган ыркыроодон, өзөктөгү өчпөс өксүүдөн өзүнөн өзү өрттөнүп баратты...
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.