ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Ал эми мындай азыгын аңдып, кырдаалга кыттай биригип, көздөгөнүн көзүнө байлап, бүт дитин ага арнап, ташуюл болуп турган учурда мындай энтигүү, өзүнүн дем алуусу өзүнө ачык угулуп турган абалы болбошу керек. Ал бул балакетке мурда-кийин туш болгон эмес. Бүгүн анын жүрөгү да баштагыдан бир башкача катуураак согуп, тамырынын кагышы кулагына жетип турду. Ооба, тагдыр деген акыры өз өкүмүн салат тура, соңку учурда бу Жаабарстын турмушунда көп нерселер өзгөрдү. Анткени ал өткөн кыштан бери үйүрүнөн кубаланып, жалгыздык жанына батып, азап жеп келет. Сурабай келген карылыктын жазасы ушу экен. А бирок –  бул тирүү жандын бардыгы барар тагдыр го. Ийе, анын жан шериги болуп жүргөн ургаачы барсына качантан бери көзү катып, көңүлү түшүп жүргөнүн ким билсин, айтор, бир жаш барс жалооруй тиктеп, дил төшөп, жанынан чыкпай калды. Ошол ошол болду, ошондон кийин бу Жаабарстын эч кимге кереги жок калды. Эмне кылмак, эр намысы кыйнаган кезде кармашка чыкты. Айыгышкан кармаштын акырына жете албай, арман-муң төгүп жеңилди. Андан кийин да намыс талашкан өлүм таймашына чыкты, а бирок ал өзөгүнө өч салган атаандашын кайрылгыс кылып кубалап жиберүүгө күч-кубаты жетпеди. Ошо чунак кулак жаш барс өлөрүн билбес өжөр да, чаалыгууну көрбөгөн өтө каардуу кажыбаган неме экен, кыязы ушу көктүгү тиги кулагынын түбүнө жеткен өңдөнөт, айтор, ал ургаачы барстын жанына жанды жолотпой, жанынан карыш жылдырбай, акырек-моюнунан жалап эркелетип, эркелетип гана тим болбой көз оту менен каар чача сес көрсөтө баштады. Ушунун баары Кудай уруп карт Жаабарстын көзүнчө болуп жатты. Ооба, Жаабарстын алгачкы түгөйү улуу тоолор ураган жер титирөөдө мерт болгон, андан кийин тагдыр ага ушу ургаачы барсты туш кылган. Аны менен көп жылы көңүл байлашып чогуу жүрдү, эки ирет күчүктүү да болушкан, анан анысы минтип чунак кулак жаш барс менен үйүгүш кумарына батып кете берди. Көз күйгүзгөн куйругун бир туруп оңго, бир туруп солго шыйпаңдатып, бирде анысын чатына кыса кыңшылап, кайра чамгарактата жогору көтөрө калып түпкүчтөй түйүп жиберет да, жантүгөйүнө эреркей барып капталы менен, акырек-мойну менен сүйкөнүп, жагалдана эркелеп жүрүп көз көрүнө кетти. Көңүл үчүн көз кырын салып да койгон жок. Ошондо Жаабарс чыдабай алардын артынан жойчудай түштү. Алар коктуну өрдөй жайбаракат желип-жорто баратышкан экен, аткан октой кууп жетти. А бирок бул жолу да эч кандай майнап чыккан жок. Аёону билбей айыгышкан кармашта ургаачы барс каары катуу жаш барсына болуша аны азапка сала талады, экөөлөп баса калышып, өнөбоюна тиш матырып ийишти. Бул кордук анын дилин ыйлатып, жүлүнүн үзө сыздатып, жүрөгүнө муң күйүтүн салды, үйүрүндөгү ордун сактап калууга, табигат берген барс дөбөттүн касиет-милдети менен өз тукумун дагы да калтырууга жасаган намыс-аракетине баш көтөргүс мүшкүл сокку болуп, кабыргасын кайра түтөтүп салды. Эмне кылмак, ошондон кийин ал акыл-күчүн колго алып, кошуна үйүргө жаалын чача барып, үйүгүш жолуна жаңы эле кирген жаш канчыктардын бирин имерип, диларманынан арылмак болду эле, бу жолу да аны капияга кабылтты. Үч дөбөт барсы капталына от жагып, катыгын бере кайрылгыс кылып талашып, жүрөгүнө айкар кастык катышты. Жан кумары ынак кылган бул үйүр көңүл байлашкан бойдон коктуну көздөй жөнөштү, а тигил тагдыры сынган жалгыз барс Жараткан берген озуйпа отунан ажырап, эркек дүйнөсүнүн кызыгы берген өкүнүч менен өрттөнүп кала берди да, тукум улаш күрөшүнүн кызыгында бу табигат дегениң ар дайыма жаш күчтөрдүн тарабында болорун дагы бир жолу тааныды.

Жаназап түшкөн Жаабарс бул жерден кетейин деген, бирок ал негедир бир туруп каруусун кага жүгүрүп баратып ок жегендей тык токтоп, бирде жанталаша жата калып, кайра жин тийгендей тура калып айланага акыр заман чакыра долулана айкырып жүрдү. Азабоюн арман от басып, карышкыр болуп улууну көксөп муңканды. Жанына жалын чок баскан жалгыздыктан улам өзөктүн өртүн өчүрөр жер таппай эстен адашып, аңчылык ышкыдан биротоло ажырап, ушу азыр карылыктын карыбы боло элек болсо да, кара жанды кайра бир жолу кашайтып, бир үйүр тоо эчкилери анын жанынан беймарал өтүп кетишти. Бүткөн экен...

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.