ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Айдана ага макул болбоско айласы да жок эле, башын ийкеп, анан мындай деди:
Сен, Арсен, айтканыңан кайтпаган романтик экенсиң. Сага ишенем, ушу азыр да бир чети ишенип, бир чети таңданып турам. Ошентсе да, жерге түшүп туруп кыялданыш керек да. Кызкайыптын ариясын ырдайын, а бирок ноталар менен партитура кана, музыкачы, оркестр, сценография, костюмдар кайда, жүздөгөн үн бир чыккан хбр кана?.. Сен болсо дарыя да ырдайт деп жатасың, ага сахналык технология керек, анысы кана, композитор менен режиссёр кайда? А каражатчы, каражат?.. Опера театры азыр бизде эле эмес, бардык жерде күлкүсү чыккан чапан кийип, кайыр сурап отурат. А мамлекет болсо опера түгүл кумурскага артканга жүк табалбай жүрөт.
Арсен Саманчин буга макул эледей болгону менен ал өз оюнан кайткан жок:
– Билем, билем, опера театры азыр кароосуз калган храмдай, аны көйрөң эстрада, маскарапоздор, дагы башка шайкелеңдиктер ээлеп алган. А мыкты ырчылар болсо көзүнөн жылан көрүнгөн базардын чытырман чычырканак токоюна сайраганы кирип кетишкен. Баары ошондой, композиторлордун бири да опера үчүн музыка жазбай калышкан. Классикалык искусство өлбөйт деп жанагы ызы-чууну унчукпай карап отура беребизби?
– А сен эмне кылайын дейсиң?
– Айа, эгер сен азыр Кызкайыпты ырдаганга чын дилиңден макул болсоң, анда мен жолду жөн эле бульдозёрдой тазалайм. Аягына чыгамын. Бул боюнча композитор Аблаев менен макулдашуу болгонун билесиң. Ал ишти күтүп отурат. Либреттону өзүм жазамын. Ал биз менен жолугат, барганда сүйлөшөбүз.
– Макул. Көрөлү, адегенде либреттону бүтүрчү, менин либретто жазгычым! Кеттик...
Хайдельбергдин эски сейилбагын түн ортосу кучактап уктап жаткан кез. Арсен Саманчин Айдана Самарованы колтуктап алып мейманкананы көздөй келе жатат, а бирок дагы эле жанагылар жөнүндөгү сөзү бүтө элек. Жадагалса ал жомок жатканда да бүткөн жок, ал экөөнүн шыбышы уктаган түндү түрткүлөп турду. Күн турмушу башталса Москвага, андан өз жерине учушмак.
Ошондогудай жолугушуу андан кийин эч бир жерде болгон жок. Кудайдын бир бергени экен, ошол Хайдельбергдеги тагдыр тартуулаган эстен чыккыс күндөр менен кайрылгыс болгон түндөр ал экөөнүн сүйүүсүнүн кыл чокусу болуптур, а Арсен Саманчин муну о кийин гана түшүндү. Деги эмнеси болсо да күнү күлүп, түнү сүйгөн ал мезгил ага олуттуу ой жүгүртүүлөрдү тартуулады, аны өзү да ошондой кабыл алчу, анткени алардын махабаты Хайдельбергге, дал немис романтизминин борборуна жетти, жашоо-турмуштун өз нугунан улам кайра жаңырып, улам кайра ишеним арттырып, бу дүйнөнүн кайсыл бир керемет бурчунда сүйүү кумарынан жаралган дене-бой эрип бараткан кездеги бирин бири эңсеп каалашынан улам бир дене жана бир жүрөк болгон, жандары ажырашпас абалга жетип, анан бири-бирине куюлушуп биригип кеткен учурлары үчүн жана да «Кызкайып» идея ачылышынын өзү үчүн алар мурдагыдан ого бетер жакын, мурдагыдан ого бетер ажырабас, түбөлүк өлбөстөй болуп кетишкен. Балким, ушул эки жан бир сүйүүгө биротоло айланган жагымдуу күндөрдөн уламдыр, күнүмдүк убайым-санаа дегендер таптакыр унутулуп, ал тургай алмадай баштан алганы менен ажырашкан учуру, соттон-сотко барып чырдашкан кездер, башына май кайнаган мезгилдер, айтор, кайырчынын тагдырындай кыйын кезеңдер көңүлдөн учуп кеткендей болду. Ал анткени ушунун баары анын да, Айдананын да өткөн тагдыр-турмушуна таандык болчу. Ошону айтсаң, Айдана да жайсыз жарга туш болуп, жазылганы ушу экен, артисттердин арасында эрен-төрөн көрүнбөгөндөй, тез эле ажырашып кеткен. Мына эми, ал экөөнү жүз жылдан мурун салынган бу Хайдельберг шаарынын сейил багына алып келген тагдырдын таттуу тартуусунан улам өткөндөр убактысынча унут калып, алар энеден башка өбө элек, энеден башканын колу тие элек таптаза периштелер болуп калышты да, ал Кудай, тигиниси болсо аял Кудай, а анан бул экөөнө жер көтөргүс тагдыры бар Кызкайып келди...
Хайдельбергдин сейилбагында ушундай унутулгус иш болгон.
Кыялдан кызык, оттон ысык ал күндөрдөн кийин баары башкача болуп кетти...
Тагдыр деген тагдыр да, ал буйруган эмес экен. Адегенде сүйүү бейишин сүйлөшүп жүрүштү, кийин куру кыял болуп калган «Кызкайыптын» көйгөйлөрүн кээде талкуулап жүрүштү, телефон чалышып турушчу. Анан эле бүт бардыгы сел алгандай жок болду, тигиниси теледен түшпөй тескери басып, «Лимузин» менен кете берди. Ошол «Лимузиндин» акчасы канча болду экен?.. А бирок аны ошол үчүн айыптоого болобу?.. Ким эле азыр акчадан качып жатыптыр, мындай атагын айга жеткирген шоу-бизнести тебелеп кеткенди кесир урбайбы. Ал тигил Эрташ Курчал деген менен контракт түзгөн болуу керек? Анткенге укугу бар, укугу бар! Эми сен, чириген байларга каршы күрөшөр багы жок байкуш, эмне дейсиң? Жазымыш эткенден башка эмнең бар? Аны чыгарса чыгат, болбосо жок, басма сөзүң да байлардын колунда. Ушундай кастыкка түшүп, ичи тардыкка жеткени үчүн Арсен Саманчин өзүн өзү жеп ийчүдөй жек көрүп ийди. Эми эмне кылат? Басар жолу, барар жери калбады. Ушул жерге казык кагып, өзүн байлап салса болмок. Антер түрү жок, кимдир бирөө күч атасын тааныбайт деп койгон да. Мына, массалык маданият аны, кыялкеч идеалистти ташка бастырып салды... Ал эми Эрташ Курчал болсо күч атасын тааныткан кубаттуу Кудай болду да калды. Анын ресторандары, эстрадалары, стадиондору канча, рекламалары менен телеканалдарын айтпа, айтор, анда не кааласаң баары бар, баарына мыйзамдуу кожоюн, жанагы жаналгычтын жанын сууруган массалык маданият дегендин аска уратар толкунун ошол күйдүргү баштаган, ошол үчүн ал Арсен Саманчинди «Кызкайыбы» менен кошо ышпалдасын чыгарып, ишке ашпаган ойлордун артына тыгып таштаган.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.