ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Көңүл бурсаң, Айа, Кызкайыптын көзгө көрүнбөс образында, дегеле ушул эпос-аңызда ажырашуунун түбөлүк түгөнбөгөн арманы, адам дүйнөсүндөгү кастык көрүнүштөрдүн курмандыгы бар. Бу жалганда жамандыктын азабын жакшылык гана тартат деген эч ким жокко чыгаргыс чындык мына ушундан жаралган. Ошондон улам Кызкайып карасанатайлык менен көралбастык өртүнөн коркпой, сүйгөн адамын түбөлүк азап зынданынан куткарып, жашоо чындыгына, турмуштун өзүнө кайрып келүүгө чечекейи чеч боло аракет кылат. Ушундан улам ал, тилсиз жоо сактап калган кыз, убакыт менен мейкинге баш ийбеген, бүт мезгилге Кызкайыптын ыйык образына айланды. Ал азыр биздин жаныбызда, анткени экөөбүз ал жөнүндө сүйлөшүп жатпайбызбы, ушундай болот, аны эстесең да, ал жөнүндө ойлонсоң да сенин жаныңа келет, ал муну сезет. Кандай, Айа, оозеки чыгармачылыкка жасалган саякаттан ааламдын сүйүүгө болгон кусалык обонун сезе алдыңбы?

– Айта көрбө! Сен өзүнчө эле бир лекция окуп жибербедиңби? Сенин ушунчалык ой жүгүрткөнүңө таң калам, – деди Айдана ага жылмая карап, ийиндерин кысып. Эсиңдеби, бир журналист кыз сени «ай-ааламдык жалпылаштыргыч»* деп атаганы эсиңдеби? Сага бул жагабы?

– Мейли, мен ошо Кемчонтой эле болоюн, а сенин алдыңда башка маселе, – опера сахнасында Кызкайыптын өзүнө айланып, өзүңдүн ааламда жок керемет үнүң менен көккө, космостун дал өзүнө жетиш милдети турат.

– Ой, уялтпачы, алтыным! Ушул сейилбактагы орундуктан түз эле космостун өзүнөбү? Ырчы-космонавт боломбу? Эң сонун экен, мага аябай жакты. Чынында сени менен жүргөн адам эч убакта зерикпейт.

– Кечирип кой, булбулум, мен чын эле айтып жатам. Мен айтып жаткан Кызкайып биздин жаныбызда, тиги дарактын ары жагында, күйгөн шамдын жанында экенин сезген жоксуңбу? Кызык, ал эмне деп жатканын да билбейсиңби?

– Эмне дейт? Айтып берчи?

– Тыңшачы! Бириңерди бириңер жаныңардай сүйгөн силерге, мени эстесе деп, эстесе ыраазылык билдирейин деп ушул күндү, ушул түндү канча бир сансыз күн бою, кылымга кылым алмашып күттүм эле. Күлкү бербей күндөр өттү, кыйноого салган кылымдар кетти, а мен болсо сүйгөнүнүн кайындалган кыз колуктусу бойдон калдым да, ошондон улам билгендердин эсинде Кызкайып аталып келем. Ошол үчүн адамдар мени келип калсын деп тоолорго барышат, кусалык менен күйүттөн күл болгон мен байкушту алар от жанына келишимди, ошол жерден мен аларга кездешүүмдү каалашат да, бакшылары арбактарды чакырып, алардан бу айыпсыз Кызкайып тагдырын берген мергенин муңкана издеп, тоо арасын сыздата кайдасың кара көзүм деп, жан биргем жалгыз өзүң деп, бой боздогон кошогун бооруңду тилип кошо берет дегенди сурап-билиш үчүн тоолорго барып алоо жалын от жагат. Арбактардын айтары мындай кезде дайым даяр, дайым бар, жакшылап уксаң, бул экөөбүзгө да тиешелүү, алар: Кызкайып адамдарга келип ыр-кошогун бүт дүйнө уга тургандай ырдашын, ошондой эле булар таштүйүн тагдырын, арман-күйүтүн айтып беришин суранып жатышат дешет да, жер жүзүндөгү бойго жеткен бардык кыздарга кайрылып, ушул ырымды сүйлөшкөн жигитиңерге ак сүйүү менен жан биргеликтин тартуусу иретинде ырдап бергиле дегин деп жатат дешет. Мында да бир концепция деген бар. Ошондуктан, Айа, ырдайлы, бизди да арбактар билсин. Кызкайыптын кошогун көрүүчүлөрдүн алдында ырдаганыңдай уксун. Анан алар сени жогорку жактагылардын касиеттүү күчү менен кубулуп келген Кызкайып жиберген адам деп айтышат. Ушуну менен иш бүтөт, асмандагы Кудай менен арбактар сага ыраазы болот, а адамдарды билесиң да, алар сени чын эле ошондой ойлошот, ырыңа таңданышып таазим кылышат, анткени үнүң буларга космостон гана төгүлүп тургандай таасир калтырат.

– Ой, ой, ой! Дагы эмне дегиң бар? Мени тим эле космостон түшүрбөй салдың да? Акылыңа келчи!

– Ой, сен шашпай тур, Айа. – Арсен айтканынан кайтпады. Акылга анан келебиз, ал кайда качмак эле. Азыр мени гана угуп тур. Тетигил дарактын астын, күйүп турган шамдын жанын карасаң, Кызкайыптын көлөкөсүн көрдүңбү? Карасаң, ал бизге ыраазы болуп, чын дилинен жүгүнүп жатат. Түбөлүк жапжаш бойдон, андан да түбөлүк сулуу кыз бойдон... үлбүрөгөн жука жибек көйнөкчөн, ийинине арта салмасы канат сыяктуу, ах, кандай гана сулуу да, кандай гана сын-келбет!

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.