ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Жаныбар Жаабарстын жазмышы неге тайкы болууда? Балким, ал ошол жакты өзүн өзү жоготор жер деп эңсегенден уламдыр? Мындайдын кимге кереги бар эле? Тагдыр деген чын эле ага кандайдыр бир себеп менен ашууну аштырбай, аны дал ушул жерде, Үзөңгүлөш тоо кыркасынын этегинде жазалап жатабы? Бу тагдырдын тилин билген бар бекен?..

 

IV

Мындан бир-эки күн мурун ал бир окурмандын өктөм жарыялаган: «Жандүйнө деген эмне? Ага көрүнгөндүн бардыгын киргизе берсе болот. А адамдагы эң башкы нерсе анын эрки жана акыл-эси!» – деген пикирине каяша-жооп даярдап жаткан. Анда ал: «Бир караганда жандүйнө деген ошондой көрүнөт, а бирок кээде анда болуп жаткан өзгөрүштөрдүн маани-маңызын анчалык четке кагууга болбойт. Анткени биз ошол маанилүү нерсени эске албаганыбыз менен жандүйнөнүн каалоосу көпчүлүк учурда тарыхый окуялардын бирден бир чечүүчү күчү болуп саналат. Жандүйнө деген жакшылык менен жамандыктын жаралар жери. Жандүйнө деген акыл азыгы!» – деген ойлорун айткан. Дегинкиси ал табиятынан эле жагдай шарты келип калса философчулук кылганды жакшы көрчү.

Ал азыр кайдан анте алсын, ошол кечте компьютерин да караган жок. Анткени ал ошо мазмуну кызык макаласын мындан ары эч качан жазып бүтпөстүгүнө ушу саам ишенип турду...

Ал азыр кечиндеси ар дайыма ыракаттанып угуп турчу музыкасын да койгон жок. Анткени ал ошо ыракаттанып укчу музыкасын мындан ары канча бош убактысы болсо да эч качан уга албастыгына ушу саам ишенип турду...

Каргыш алгыр жанагы «Евразия» ресторанында болгон окуядан кийин анын жандүйнөсү куу токойдун өртүндөй жалындап күйдү. Ал өзүнө өзү токтоналбай, өзүнө өзүн башкарталбай, өзүнөн өзүн ажыраткан арман менен кайгыга жана да тарабас тажаал ачууга алдырып, жандүинөсүн талкалап жүрүп, анан гана өзүнө келе калган күндөрдү тапты. Не экенин ким билсин, өзүнүн үйүнүн жетим кыздай, жалдыраган үмүттөй жалгыз терезесине бир күндө бир нече жолу келет да, телмире тиктеп тура берчү болду. Анын үстүнө ал эми өзү жөнүндө тааныбаган үчүнчү адам катары ой жүгүртүп, өзүнө өзү бейтааныш киши сыңары мамиле кылганы таң каларлык иш эле.

Токтой калып терең үшкүрүндү да, башын чайкап, галстугун кармалап койду, бирок чечкенге чамасы жетпеди окшойт, анан ага маани бербей, айлана-тегерекке көз чаптырды, маңдайдагы көп кабаттуу, сансыз квартиралуу үйдүн жарыгы жок терезелери ага телмире да, мистейе да карап туруптур. Бул эмнеси?.. Куркулдайдын уясында жашаган кошуналарынын ушул саат, ушул түндө мунун эмне болуп жатканы менен кандай иши бар?..

Ушу азыр болгон ишке кайгырып курубекер күңк-мыңк деп ыйлактагандын кереги барбы? Кимди жемелеп, кимди коркутат? Баары бүттү. Чокусунда чогу бар такси аны мынабу беш кабат үйдүн короосуна жеткирген кезде, баятан бери алардын артынан сая түшүп келаткан чет өлкө маркасындагы машина кууп өтүп, бурула калып, көзгө сайган чаян жарыгы менен бет маңдайына аны карап токтоду. Көзүнө эч нерсе көрүнбөй калган Арсен Саманчин таксиден түшүп жатканда тиги машинадан чыккан узун бойлуу эки эркек ага шыпылдай жакын келишти. Баскан-тургандарына караганда булар соо немелер эмес, муну коркутуп, сөгүп-кордоп, атүгүл сабап салыш үчүн жиберилген айдамалар. Адегенде алар таксичини жолго салышты.

– Кана, бул жерден тез жоголгун!

Арсен Саманчинди болсо ошол эле жерден жакадан алып, тамга такашты.

– Ии, улуу урматтуу, үйүңө жеттиңби?! Жашаганы мына бул сасыган жай да, анан шляпа кийип алганын кантесиң! – Арсен Саманчин ооз ачууга үлгүрө электе эле тигилердин бири анын кычыраган шляпасын ылдый көздөй катуу булкуп, анын көзүнө чейин түшүрүп салды. – Сен тумшугуңду кайда сунуп жатканыңды билесиңби? Өз арбайыңды сок. Жайнатып жазгандарың да бекер болбой калат. Бирди көрөсүң! Сага окшогондорго ок аяган биз эмес! Түшүндүңбү, айбан. Дагы кырчаңгы макала жазып көр, дөдөй, тамга таанымак түгүл, аны көрбөй каласың. Жолбундарча ичкенин кара! Жоголгун! Кеч боло электе оозуңду жаап, көчүгүңдү кысып жүр, уктуңбу келесоо?!

Ушинтишти да, аны таштап зыр коё кетип калышты. Таш менен уруп калсачы? Антиш кайда? Кеңгирей түштү. Көз байлаган ымырттыкта үн чыгарбай кире беришти көздөй басты. Колунан жалгыз келгени шляпасын оңдоп кийгени болду.

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.