ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Ошол чак түштө жан бирге канчыгы экөө Үзөңгүлөштүн жалпак тоосунда күн нуру менен тоолордун кереметине демдене салып-уруп, бирине бири ыраазы боло кубанып баратканда жанагыл эстен кеткис иш болгон.

Алар бул жерге жакында эле келген. Жол бою түнкү бороонго калбайлы деп күн уясына отурганча бири-бирине дем берген жүрүшүнөн жазышкан эмес. Иш оңунан чыгып, мерчеген жерине мезгилинде жетишкен. Анткен менен эмне деген жол калды, эмне деген күч кетти... Табигат да ал күнү кучагын ачып жол берип колдоду десе болот. Жатар жай издей баштаганда да иш ошондой болду, ашуу аркылуу суу таппай чаңкап келишкен го, он чакты тоо элиги бейкапар жайнап чыкса болобу. Отко тоюп, суусун кандырмак болгон көнгөн жеринде аларды капилеттен кырсык күтүп, ал эми барстарга болсо олжо табылып турганы да табигат-тагдырдын айтканы окшойт. Ашуу ашып, жол басып чаалыгып келген эликтердин бирин түгөй барстар бурчамга келтирбей эле басып калышты. Кызыл каны булоолонгон жаш эликтин жаңы эти алардын кубатына кубат кошуп, көңүлдөрүн шай кылды. Көктөн жанган жылдыздар да алардын максат-оюна кошулгансып, келер күнүнө келкел тилеп, жакындарындай жадырап жанып турушту.

Эртең менен күн чыккан кезде аркайган аскалуу тоо кырлары менен көк челген бийик чокулар көздүн курчун сындырып, өзүнүн табигат берген улуулугун жарык дүйнөнүн күчү жана ыйыгы катары көрсөтүп турду.

Жаабарс менен жанын кошкон түгөйү таң эрте турушкан, тоонун керемет ыракатына батып, жандуунун буту тийбеген бадалдарды аралап, шиберди басып, жер кыдырып жүрүштү да көңүл тоюп, сезим куунак болгондо, күн төбөгө келген кезде, адегенде секирип-ыргып, андан соң далайга чейин тыным албай салып-уруп сызышты. Ушу тоо кабыландарына бу жарыктын Кудайы болгон күн дагы алардын экөө туруп бир болуучу өмүр жыргалына жетиши үчүн буга дейре бул ааламда боло элек ашып-ташкан кумар-күч берип, экөөнү бирдей шыктандыра эргитип, демейде болбогон ченемсиз кубатка бөлөп турду. Бул табигат менен барстардын чанда бир болчу бир дүйнөгө айланышы эле...

Бул ааламда мына бул улуу тоолор менен көктөгү күндөн башка эч нерсени билбеген ал экөө жанаша, бири-бирине дем бере чуркап бара жатышты. Аларга азыр эч нерсенин кереги жок эле, жазып-тайып жолунан кайберен чыгып калса да кубана карачудай түрлөрү жок. Анткени алар ушу саам күнгө тоюп, күндү жеп, чабытын жазбай баратып күн жарыгын шимирип, күн жылуулугуна киринип, ошондон улам ого бетер күч алып, чаалыгууну унутуп, ушу азыр бир жаралган жашоонун бир гана болчу жыргалынын жеткен жери чабыт кызыгында деп күчөгөндөн-күчөп бара жатышты. Ооба, ушундай болгон...

Жер шары кең ааламдын кенедей селкинчегине айланып, бу жашоодогу бардык жан-жаныбар аттуулар түбөлүктүүлүктүн көз байкабас айлампасында калып, а тиги экөө болсо чаңкайган тоо кыркалары менен мелмилдеген өрөөндөрдү аралай сызып бара жатышты. Ал эми айкөл күн деген өзү жараткан чак түштөгү бийиктиктен жарк эте өзүнө чакырып, чекиттей араң көрүнгөн көктөгү куштарга теңелүүгө сүрөп, ушу саат, ушул учурда жырткычтар тукумунун периштелерине айланган жан биргелердин бүт денесин аяр сылай эркелетип турду. Ооба, ушундай болгон...

Билинбей жатып ал жайдын жагымдуу күндөрү өтүп кетти, бул жерде жашоонун мезгили соңуна чыгып, көк тиреген чокулардын боорунан күтүүсүз жерден ызырына жинденген бороон-чапкын жан чыдагыс ызгаары менен жан чыгарган бурганак-куясын айдай келет да, асманды кара туман жеп, айлана алай-дүлөй болот, андай кезде кай жашоо, ал экөө Үзөңгүлөштүн кыяматынан качып, жолуна түшкөн. Асманы жакын жерге баргандардын бир далайы тоо силкинте көчкөн кардын алдында калышкан, ал эми таш жарган сууктан чечекейи аккан куштар асмандан муштум муз болуп аскага тийген. Ооба, ушундай болгон...

Мына эми, ошо керемет-сыйкыр күн тийген жакка дагы бир ирет, болгондо да кайып болуп жоголор өзүнүн акыркы күнү үчүн, жүрөгүнүн эң акыркы кагышын ошол жерге бериш үчүн бүт баарына кайыл болуп, бүт баарынан ажырап бул жолу жападан жалгыз баратат, а бирок анын сапары тозокко тогоп таштады.

Салгар жолдун изи жок. Ал жерге барчу жол өңүтүн Жаабарстын жанын сууруп алчу бул ашуу тосуп турат. Аргасын ашуу түгөттү, демигүүсүн бир аз басып, анан ошо замат муңкана кыркырап, күркүрөөгө күчү жетпей уңшуп-уңшуп, ач кене болуп жармашкан тик аскадан жылмышып ылдый түштү да, титиреп жаткан буттарын токтото албай талкаланып кетчүдөй калчылдап турду...

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.