Казат Акматов: Архат
ЭКИНЧИ КИТЕП
Таро Дамема бул суроосун даана кимге бергенин белгисиз болгондуктан кайырчылар унчукпай жата беришти. Түн ортосунан ооп, чыгыштагы жылдыздардын нуру биртике өчө баштаган.
- Эртең чыгабызбы эми, же чыкпайбызбы?! - деди ошо кезде бирөө үргүлөп бараткандардын уйкусун кайрадан бузуп
- Чыга беребиз!
- Полицайлар ар кимибизди ит сүйрөгөндөй сүйрөп салат!
- Сүйрөп эле көрсүн!
- Эмне кыла аласың сен? Полицай деген дөбөттөн жаман!
- А биз эмне, киши эмес бекенбиз?
- Киши эмеспиз. Кайырчыбыз.
- Эй, сен антпегин. Тибетте ар бир Лама адегенде кайырчы болгон. Ал түгүл ыйык Миларепа өзү дайыма кайыр сурап, анан сүкүттө отурчу.
- Туура, - деп койду караңгыда бир капталдан үнү чыккан Дей дагы ушул жерден сөзгө аралашып.
Акырында Таро Дамема өз өкүмүн кесе айтты:
- Баскыла жаагыңарды! Эртең полиция менен өзүм сүйлөшөм!
Таң эртеңде Таро Дамема башына жаңы жоолук салынды, чоң дөңгөлөктүү коляскасына эки колу менен так секирип отурду, Дейге түрттүрүп алды.
- Мен алар менен катуу салгылашам. Кокус эсим ооп жыгылсам мынабул дарыны дароо оозума салып жуткуруп жибер, - деди ал бир тоголок сары бүртүктү Дейдин алаканына салып берип.
Дей аны кайда катаарын билбейт. Чөнтөктөрүнүн бирине салса дароо эле дайынын таппай калчудай. Ошон үчүн бир алаканына дарыны жуумп алып коляс каны бир колдоп түртүп баратты. Базар полициясы турган имараттын крыльцосу кызыл менен боёлгон экен. Ошону көргөндө Таро Дамема алыстан эле коляскасынан учуп кечүдөй жулунуп, кыязы абдан катуу жаңжал салчудай.
- Дамема-апа, кокус бир нерсе болсоңуз мобул дарыны жута аласызбы?, - деди Дей жанатан бери өзүн сарсанаа кылып келаткан көйгөйүн айтып.
- Жута албайм! Сен оозумду кемээчтеп, зордоп эле жуткуруп ий. Антпесен өлүп кайра келбей калышым ыктымал. Түшүндүңбү?! Дей анча түшүнө алган жок, бирок мекемеге чукул келип калгындыктан «түшүндүм» деп жиберди шашып.
- Келе, бери! Чакыргыла башчыңарды! – деди Таро Дамема мекемеге жетээр менен кызыл крыльцону таягы менен карс эткизе бир салып. Крыльцодо эки полицай турган болчу. Бирөө дароо ары кирип кетти да, бирөө Дамемага тап берип кайрылды:
- Качан коёсуң ушундай адатынды, мастан?!
- Койбойм. Күчөтөм! Силер койбойсуңарбы? Мен да койбойм! Чакыр башчынды! Бир паста эле бою эшик төрдөй болгон капкара полицай чыга калды. Аны көргөндө Дейдин жүрөгү түшүп кетти эле, бирок эмнегедир полицай башчысы корко турган кишидей эмес экен. Тескерисинче, Таро Дамемадан ал жалтандаган сыяктуу
- Сага мен түшүндүрөйүн Дамема, - деп полицай башы эңкейгиче эле Таро Дамема чаңырып, кыйкырып айгайды салып кирди.
- Мен деген кайырчымын. Кудайдын кишисин эмне мынча кордойсуңар! Азыр ушуерде өлүп берем! Үч күн иштебейт деген эмне? Кырылып калалыбы?! Силер жашагыла, а кайырчылар кырылып калсын!
- Дамема-апа....
- Жо биз кырылып калалы, а силер чардагыла! Полицайлар, көпөстөр, байлар, паракорлор, уурулар, кесептер, шылуундар жашагыла, а биз, күнөөсүз кембагалдар, томояктар, момундар, будда жолунда таза бараткан кайырчылар ачкадан өлөлү!
- Дамема дейм! Сөздү укпайсыңбы! Далай-лама өзү келет базарга. Өтө сыйлуу делегация апкелип базарды көрсөтөт экен. Сен түшүнөсүң да.
Далай-ламанын атын укканда буркандап аткан Дамема тып басыла калды:
- Далай-лама келет бекен? - деди ал көзүн бакырайтып.
- Бирок аны сен уккан жоксун! Бир күн базарга чыкпай коё тургун, суранам. Таро Дамема ойлоно калды да мындай деди.
- Болуптур, менин кишилерим чыкпасын, өзүм жалгыз чыгайын, улуксат бер. Макулсунбу?
Полицай башчысы жооп бере албай такалып калды. Аңгычакты нарыдан бирөө аны телефонго чакырып кетти эле Таро Дамема эңкейтип алып Дейдин кулагына шыбырады:
-Көрдүңбү жалпактап атат. Болбосо бул эшектей айкырган неме. Дей тез-тез башын ийкеп жиберди, анткени полицай башчы кайра келип калган. Ал ойлонуп келген көрүнөт:
- Болуптур. Жалгыз чык. Бирок биз айткан жерде олтурасың!
-Мен Далай-лама менен жолуккудай болоюн
- Келжиребе, Дамема!
-Бир эле сөз айтам Далай-ламага. Бир эле!
- Анда эмесе таптакыр жакын жолотпойм! Алып кет! Полицай башы Дейге кыйкырды эле тигинин жүрөгү оозунан ыргып кете таштады.