Казат Акматов: Архат

Он үчүнчү бөлүм

Казат Акматов: Архат

Дал ошол түнү каргашадай болуп асманды кара булут каптады эле, алысалыстагы Ай-жылдыздар, кең аалам өзү дагы Жер бетинде болуп өткөн кандуу окуяны көрбөй калышты....

А бирок, карышкырлар эстебегени менен эки аяктуулар Апакайды көз ирмемге да унутушпай тегеректеп, улам жакындашып, көкүлүнөн, жалынан сылагылашып, жоошута башташты. А күндөрдүн бир күнүндө болсо Апакайдын оозуна темир ооздук салышты да, Улуу падышанын мураскер уулу деген бир кырдач мурун жээрде чач жигит байкоостон эле айгырдын үстүнө мышыктай секирип мине калды. Апакай адегенде эмне болуп кеткенин түшүнгөн жок. Атүгүл саамга селейип туруп калды эле, жонундагы сербейген бир нерсе көзүнө чалдыга түштү. А далысынын кытыгысын айтпа! Ошондо ал катуу кошкурук аткан бойдон эки алдыңкы колу менен асманды чапчыды да, үстүндөгү жүктү силкип ыргытмак болду. Жүк ыргыбайт. Апакай нечен жолу баягысын кайталады эле жүк ыргыбайт. Андай болсо деп айгыр эми эки арткы бутун асманга серпе мөңкүй баштады. Жүк ооп барып-барып кайрадан ыргыбай калат. Апакайдын кыжыры ушунчалык келгенден көп жолу кайра-кайра мөңкүй берди эле акыры үстүндөгү тырмышкан неме жерге учуп түштү окшойт. Ошол замат айгыр үйүрүн эстеди да жашыл талааны көздөй бой урду. Бой урган менен аркан деген каргаша аны бу сапар да коё берчүдөй эмес. Акыры жүрүп баягы көккөз, кырдач мурун, жээрде чач неме айгырдын үстүнөн таптакыр түшпөй турган болуп алды. Анткени топурап жөө согушкандардан эки эсе бийик, көп эсе күчтүү, андан да көп эсе күлүк болуп алды да. Ошондон дагы биртоп убакыт өткөн соң Апакай эки аяктуулардын өз ара чабышкан чатагына биринчи жолу катышты.

Жараткан анын бетин нары кылсын, тимеле кызыл кыргын, кара сүргүн. Апакайдын омуроосуна калың жазы кайыштан көмөлдүрүк тагып туруп анын үстүнө томуктай болгон коло темирден үч урчук бекитишкен. Ал урчуктардын эмнеге керек экенин Апакай элес алган деле жок. Үстүндөгү эки аяк тизгинди бирде оңго, бирде солго тартып, капталын оорута теминип, а кээде соорусун ачыштыра камчы салып да жиберет. Апакай эң алдыда. Артында болсо аны ээрчип найза сунган эки аяктар топурайт.

Ур эле ур, сок эле сок деп кыйкырган ызы-чуу. Аңгычакты ошондой эле найза сунган эки аяктар Апакайдын дал бетмандайынан чыга түшүп качырышты. Ошондо артка кеталбаган Апакай шашып калды да тикемандай келгендердин үстүнөн секирип өтмөк болду. Секирсе алдындагы туяк тийген эки аяктар көмөлөнүп бакырып, кээлери омуроодогу темирлерге урунуп ыргып, айтору айласы кеткен Апакай кайрадан кайра секирип отуруп четке чыккыча душмандардын кыйласын тебелеп-тепсеп, канжаян кылып салды. Четке чыгаары менен ал өзүн бирпаска эркин сезе калды эле дароо аппак үйүрү эсине түшүп, дароо жашыл талааны көздөй учуп жөнөдү. Бирок, баягы эле каргаша тизгин аны кайра бурду, кайрадан эки аяктууларга апкелип кептеди. Апакай кайрадан алардын үстүнөн секирип өтүүгө аргасыз. Ошентип анын дайыма тулаң чөп баскан эч айыпсыз туяктары тизесине дейре кайра-кайра кызыл кан кечип жүрдү....

 «Мен!», «Мен!», «Мен!» деп тамагы айрылганча, кызылөңгөчү үзүлгөнчө кыйкырып жатты, айкашта жеңген соң Апакайдын үстүндөгү сербейген экиаяк. «Мен эми бүткүл Жер жүзүн өзүмө каратам! Алдымда мынабул Боз айгырым турганда алыс-жакынды бүтүндөй чаап, өзүмө окшогон эки аяктууларды кырып жоюп, деңизден деңизге, океандан океанга дейре түгөл баарын алдыма чөгөлөтөм! Чөгөлөтөм!»

Эки аяктын ээликкен жырткыч көздөрү кыпкызыл болуп каканактап, оозунан көбүк буртулдап, канга боёлгон кылычы менен колго түшкөн туткундардын денебоюн бырчалай чаап, токтолбой атты.

- Балам, - деди ошол кезде купкуу сакал атасы жанына басып келип калчылдап - оң колуң менен кан төктүн эми сол колуңа кезек бер! Сол колуң алдагы жылкынын денесиндеги канды аарчып кетирсин! Жарыктык малда эмне айып?

- Аарчыбайм! - деп бакырды баласы атасына.

Ошондо атасы байкуш тигиге катуурак акыл айта коём деп бөөдө жерден опат болуп калды бейм. Кандын жытына уугуп, жеңиштен улам көзү тунарып, көкө теңирин тааныбай дөгүрсүп турган эки аяк кылычын жаный шилтеп жиберди эле муну көрүп тургандардын бардыгы айбан сыяктуу чуулдашып, кудум алиги карышкырларча улуп-уңшуп жиберишти. Бул болсо тигил кылыч шилтеген эки аяктын баатырдыгын, жеңиш үчүн өз атасын да аябай турган тайманбас эрдигин даназалаган өкүрүк-бакырык эле.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.