Казат Акматов: Архат
Он үчүнчү бөлүм
Күүгө кирип алган айгыр болсо эми өзүн кармай алабы?! Боз байталдын артынан түштү да калды. Акыры, күнү кечке качып убара кылган байтал асманга жылдыз текши толгон кезде энтигип, солуктап туруп берди. Анын үстүнө дал ушуну жан жараткан улуу Табийгат өзү катуу талап кылып атпайбы. Туруп бергин деп атпайбы! Апакай боз байталдын үстүнө бу жолу секиргенде асмандагы Ай, жылдыздардын баардыгы да бир добуштан: «Тим туруп бер!», «Шүк туруп бер!» деп чуулдап жибергендей болду. Ошону бүт тулкусу менен сезген боз байтал саамга кытыгысын сезбей, бүткөн бою балкып, мээнип, көздөрү тунарып, акырында саамга эсин жоготуп, тыптынч туруп берди...
Таңды таңатканча үйүрүн айланып жүргөн Апакай эртең менен жанына келсе боз байталдын бая кечте бүкүрөйө түшкөн бели али жакшы түзөлө элек экен. Таңатканча бир тал чөп искей албаптыр. Оозунан дагы эле кара суу агып турат. Бирок, ага карабай эле айгыр аны тумшугу менен жамбашка нукуду да айдап жөнөдү. Анткени ак үйүр алыстап, төш таяна, отко чыгып бараткан болчу. Баягы кашакеңдерден кийин Апакайдын үйүрүнүн кашында бир күндөрү кайдан-жайдандыр эки аяктуу жандар пайда болду. Кудайына кине кылып коюп, асмандагы жыргап турган бейишинен куулуп түшкөнүн андан кийин топон суудан аман алып калган атасы Яйсувдунун ишенимин актай албаган эки аяктар эч кимге лам деп ооз ачпады, алардан болсо муну такмазалап сураган жан да болгон жок. Жер үстүндөгү айбандардын бардыгы төрт аяктуу болгон соң бул соройгон эки аяктуулар, сөздүн чыны керек, жылкыларга аябай эле түрү суук көрүндү. Бирок, буларда карды ачканда шак-шак-шак этип кагышып турган бөрү тиш деген эң залалдуу нерсе жок сыяктуу. Тумшугу жалпак, ооздору жапкак, тиштери таруу сымал майда, буттары узун, колдору кыска, көздөрү анча жырткыч эмес немелер экен. Биртоп күн Апакайдын ак үйүрүн тимеле тегеректеп, беймарал карап жүрүштү. Кол сала тургандай деле эмес. Андай болгон соң деп Апакай менен анын бээлери кыйла тынчып калышты. Эки аяктуулардан анча деле үркүп качыштын кереги жок сыяктанды. Ошентип жүрүп күндөрдүн бир күнүндө дал Апакай өзү мурда чуркап жүргөн эле түптүз жерде кандайдыр пайда болуп калган үстү жабык жашыл чөп менен жабылган аңга кулап түшүп, очорулуп тура албай, онтоп калбаспы! Аңгычакты жерден чыга калгансыган баягы эки аяктуулар жабыла чуркап, мойнуна кыл аркан сала коюшуп, айгырды байлап, матап алышты. Апакай байлатпай да, мататпай да жакшы эле кармашты тигилер менен. Аркан-жибин нечен ирет бачырата тээп, ордунан серпилип турууга аракет кылды, бирок тигилер ага боло турган эмес. Көптөп атышты. Өтө эле амалы ашынган, айлакер, куу немелер экен. Бир арканы үзүлсө экинчисин сууруп чыгышып....
Бээлер, кулун-тайлар, кунан-быштылар болсо бардыгы текши баштарын бийик көтөрө, болуп аткан окуяны таңгала карап турушту, бирок эч нерсе түшүнүшкөн жок. «Бул эмне деген шумдук? Апакай силерге эмне жамандык кылды эле? Эки аяктуулардын бул кылганын кандай түшүнсө болот? Ушу да калыстыкпы?!». Жылкыларга жооп берген эч ким болгон жок. Ошол кеч бешимде анан эки аяктуулар Апакайды кайдадыр бир жака зордоп сүйрөп кетишти. Жарыктык жылкынын көздөрүнөн аккан жашы он салаа! Айгырсыз калган үйүргө болсо ошол эле түнү аңдып жаткан карышкырлар кол салды. Апакайдын бүгүн кайтып үйүрүнө келбесин кыйдылар түшүнүшкөн окшойт.
Жашыл тулаңда баягы эле, көнүмүш болгон канавайран башталды. Бирок, бир гана жери – бүгүн Апакайсыз башталды. Түнкү жашыл талаада ак кебездей караандар демейдегидей эле желдей учуп, ажалдан качып баратышты. Эгер мурда бул караандардын катары толук уча турган болсо, бу сапар улам бири кемип, улам азайып учуп баратты. Улам бири томолонуп, көмөлөнүп, жабыла баскан жырткычтарга туруштук бералбай үнсүз тыбырчылап, акырында кырча тиштелген кокосу менен коркурата аба тартып, андан кийин жан берип атышты. Эки аптага жетпей эле кашакеңдер баягы жумурткадай аппак үйүрдөн калган эң акыркы боз кулундун ууздай тумсак денесин тытып жеп, али катый элек чемирчек сөөктөрүн качырата чайнап, акыр аягында коргошун чөйчөккө окшогон кичинекей төрт туягын гана ээн талаага таштап кетишти. Кечээ эле өздөрүнүн сазайын колуна карматып турган Апакайды эстеген бирөө болгон жок.