Казат Акматов: Архат

Он үчүнчү бөлүм

Казат Акматов: Архат

Түнкүсүн көзгө көрүнбөй, көлөкөдөй бозоргон бул жаналгычтын дагы бир аты Карышкыр. Бир тиш салган жерин өлүп коё бербесе тирүү коё бербей, жаактары карышып калганы үчүн карышкыр атанса керек. Ошол кан жуткан карышкырлар ар түн сайын Апакайдын сазайын колуна берчү болгон. Бирден-бирден жүрсө го кашакеңдердин жазасын Апакай көз ачып-жумганча бере салат эле го. Үйүр-тобу менен, дөбөт канчыгы, күчүгү менен баары үйүгүшүп чогуу жүрүшөт, чогуу тамак издейт, чымындай жалгыз жанын коргоп, өзөгү менен буту үзүлгөнчө, атүгүл жүрөгү жарылганча безилдеп качкан шордуу малды үйүрү менен чогуу кууп жетип, алеки саатта түгүн калтырбай жеп жутат. Мына ушундай жаралган жан, бу карышкыр деген кесеп. Ошентсе да эч кимден, эч нерседен тайманбаган көркоолордун эсесин бул аймакта жалгыз гана Апакай берчү. Ошон үчүн бөрүлөр аны ушунчалык жек көрөт - айгырдын жер чапчыган чоюн туяктары көздөрүнө көрүнгөндө ызасына, коркконуна, ачкалыгына чыдабай нары карап алып улуп-уңшуп кадимкидей көз жаштарын төгүп, төгүп жиберишчү.

Бирок, кеп чынынан бузулбасын, Апакай дайыма эле бээлерин ажалдан алып кала алчу эмес. Бир жолу мындай болду: Аппак сүттөй бээлердин кайсы бири ооруп, арыктап жүрбөй калган экен. Аны Апакай өзү байкабайт. Бир түнү эле кашакеңдер адатынча кол салды. Жылкы деген аларга теңелгидей жырткыч эмес да жандалбастап ажалдан качып беришти. Ошондо баягы сыркоо бээ артта кала бериптир. Ал байкуш канавайранды башкарып жүргөн Апакайдын бир ирмемге эле көз жаздымында кала түшкөн болот. Желдей сызып бараткан үйүрдүн арт жагын кокус кылчайып караса баягы оорулуу бээ жаналгычтардын туткунунда калыптыр. Жер жаңырта катуу азынаган айгыр дароо артын көздөй учуп, бөрүлөрдүн үйүрү менен жекеме-жеке кармаша кетет. Кармаш чай кайнамга созулду. Ошондон кийин, төрт туягы менен бирдей серпкен Апакайдын айланасында онго жакын жырткыч тырп этпей сулап, калган бөрүлөр качып жоголгондон кийин гана айлана тынчыйт, мемирейт. Эси оогон, жүрөгү лакылдаган айгыр көпкө дейре башын жерден көтөрбөй, демиккенин баскан соң мойнун созуп баягы оору бээни карайт. Караса бечара жандыктын денесинин жарымы эле калыптыр. Жарымы жок! Ошентсе да болбой Апакай анын көздөрү жалдырап ачык жаткан башын барып жыттагылайт. Жыттаган менен өлүү баш былк этеби? Былк этмек түгүл небак муздап, зылыйып калыптыр...

Жаз келгенде Апакайдын түйшүгү өзгөчө күч. Үйүрдүн тукумун улаш үчүн, бээлердин баарын бирден кууп токтотуш керек. Анткенинин себеби эмдиги жазда ар бээси бирден кулун эмизип, өзүлөрү энелик сезимдин жыргалын көрүп, ошол эле учурда жанжараткан Табийгаттын өзүн да рахатка бөлөбөйбү! Эгер анте албаса бул турмушта жашоонун кереги не?! Анте албаса Апакайдын айгыр болуп азынап, бир үйүр жылкыны имерип багып жүргөнүнөн не пайда? Бирок, жылдар өткөн сайын анын жаз мезгилиндеги түйшүгү көз көрүнөө оордоп бараткансыйт. Аны ошентип оордоткон чоң бээлер эмес, көбүнчө жыл сайын көбөйүп аткан жаш байталдар. Алар айгырдан мурда өзүлөрү куутка киргиси келип, айгырдан мурда өзүлөрү ага тийишип, анын ысык денесин күсөп, айласын кетирет. Тобу менен артынан калбай ээрчип, Апакайды күндүзү же оттотпой, же тынчыраак суу ичирбей, же үргүлөп эс алайын десе эс алдырбай туш-туштан денесин жыттагылап, ал түгүл үстүнө секирип убара кылышат. Апакай өзү деле сопсонун билет – күүгө келген жаш немелерди көп кыйнабай токтотуш керек. Жанжараткан Табийгат өзү да ошону катуу талап кылып турбайбы. Шыйрактары али ыргай талдай ипичке, боор жүнү үлпүлдөгөн бир ак боз байтал бар эле. Апакайды ошол баарынан көбүрөөк эңсеп туруп алды. Деле курбуларына кезек бере турган эмес. Кыязы денеси от-жалын болуп күйүп баратса керек. Акырында Апакайдын омуроосун кажып, умасын тиштегилеп жанын койбоду. Анда эмесе болуптур деди окшойт Апакай сүрдүү көздөрүн жалтылдата катуу окуранып, байталды бир тегерете жыттап алган соң үстүнө аяр секирди. Жаш немеге атайылап эле салмагын салган жок. Аяп секирди. Ошентсе, тигил Апакайдын ысык сүмбөсү чатына такала түшкөндө кытыгысы келген чунак, мөңкүгөн бойдон айгырды төшкө тепкилеп кача жөнөбөспү. Мындайды биринчи көрүп аткан боз байталдын чындап эле жүрөгү дүкүлдөп калса керек, көпкө дейре тигини убара кылды. Апакай денесин жыттагылап үстүнө секиргиче туруп берет деле анан кайрадан төшкө тепкилеп качып жөнөйт.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.