Казат Акматов: Архат
Он экинчи бөлүм
- Мен сага бир жаңылык айтайымбы. Кызыңдын боюнда болуп калыптыр. Төрөйүмбү же алдырып салайымбы деп атат? Кандай дейсиң атасы? Лама Тойба бир күнү жумушунан чарчап келсе аялы ушинтип алдынан чыгып отурбайбы.
- Койчу? - деди Лама Тойба таңыркап. Менин кенедей музоочугум ошончолук чоңоюп калыптырбы? Төрөсүн албетте, - деп жооп берди Лама Тойба.
Эрке кыз болсо атасынын төрүндө көз жарганга жетише албай калды, себеби аны күйөө бала ай-күнүнө жеткен кезде өз ата-энесиникине алып кеткен болчу.
Аяктан бала аман-эсен, сопсонун эле төрөлгөн экен, бирок тибеттиктердин эски салты боюнча жаңы төрөлгөн баланы «жашоого кудурети барбы же жокпу» деп кышындагы агып аткан муздак сууга салганда өпкөсүнө суук тийип чарчап калган болчу наристе. Лама Тойба ошондо кудаларына бир жинденди:
- Минтип отурса тукум калбайт булардан. Чыгарып алам кызымды!, - деп кайгырганда аялы болбой койгон. Рас, жаштар кийин дагы бир перзенттүү болушту. Анысын да какшаган муздак сууга салышкан экен аман калыптыр. Кийинчерээк күйөө бала негедир арак иче баштады. Өзү тыржыйган арык неме, дегеле ичкенди көтөрө албайт, ошого карабай күндө мас. Ошону уккандан кийин Лама Тойба экөөнү ажыратып, кызымды үйгө алып алам деп көп аракет кылды. Бирок, адамың түшкүр баш катырган бир табышмак эмеспи кызы болбойт тырышып. Мас күйөөсүнөн өлүп ажырашпаса, тирүү ажырашкысы жок. Анын үстүнө бержактан кыздын энеси да болбойт: «Экөө бирин-бири сүйөт экен» дейт.
- Сүйсе эмне күндө арак ичет?! - деп Лама Тойба маселени нечен жолу кабыргасынан койду, бирок балдарды ажырата алган жок. Мына эми ошол күйөө бала үстүндөгү кайнатасы үлөштүрүп берген үйдү сатып туруп аялын баласы менен Чыгыш Тибеттеги Кхама деген шаарга көчүрүп кетет имиш.
Бул кабарды мурунку «соо» аблында укса Лама Тойба балким макул болот беле, азыр болсо тимеле жиндеп кете таштады.
- Ошол ийне жеген иттей кирбийген акмак менин кызымдын үйүн сата коёт бекен, ыя! - деп ал аялына бир тийди.
Ушуну ойлоп чыгарган үчүн мен ал мастын мойнун жулам! «Мен барайын, кой сен барба» деп аялы аябай чырылдады. Эри жулунганда үйүнөн чыгарбай кадимкидей алдын тороп, кармашканга чейин барды. Лама Тойба таптакыр болбоду. Көгөрүп атып такси алды да, Сэра монастырын көздөй жулунуп, жалгыз өзү жөнөдү.
Экөө тең элүү жашка чыгып, отуз жыл эрди-катын болуп жашап, дегеле Лама Тойбанын мындай кыялын үч уктаса түшүндө көрбөгөн аялы сезди, бу кетиши менен күйөөсү бир шойкомду баштаарын. Күн мурун эле буулугуп ыйлап да алды. Бир туруп күйөөсүнүн артынан жөнөгүсү келип кетти эле, бирок эмнегедир анткен жок. Өзүнчө эле жалгыз бурчка тыгылып, заманасы куурулуп, оорулуу кызынын, небереси менен күйөө баласынын амандыгын тилеп атты. Ошолордун бирин Лама Тойба майып кылып койбогой эле, жаратканай!
***
Такси келип үйдүн алдына токтогондо короодо ойноп жүргөн үч жашар бала сыртка чуркап чыкты. «Таята» деди ал машинадан чыгып өзүн көздөй чоң-чоң арыштап келе жаткан кишини сөөмөйү менен көрсөтүп.
Андан ары баланы каруусуна көтөргөн Лама Тойба дарбазаны ичинен тарс жаап үйгө кирип барды. Күйөө бала адатынча мас болуп ирегеде жаткан экен. Кызы кайдадыр көрүнбөйт. Лама Тойба үч бөлмөнү кыдырып чыккандан кийин колундагы небересин жерге койду да, күйөө баласын ойгото баштады. Ары түртсө былк этпейт, бери түртсө быш этпейт, өлүктөй сулк жатат күйөө бала. Лама Тойба ачуусу менен желке чачтан алып туруп башын полго бир урду эле ошондо анан жан кирди окшойт
- У, акмак, өлтүрүп коём! Тийбе мага! - деди башын көтөргөн бойдон булдурактап.
Лама Тойба күйөө баласынын мынабул кебетесинен ушунчалык жийиркенди. Эски кусунду жыттанып, чалажан бакадай тырбайып жаткан немени кантип гана койнуна катып чоңойткон, боор эти менен тең эрке кызы күйөө кылып алганына ушунчалык ызаланды да жанагы жасаганын кайра бир кайталады. Бирок бу сапар жини менен полго тигинин башын катуураак урду. Ошондо анан күйөө бала таш тийген жырткычтай айкырып-кыйкырып тура баштады. Мас оюнда ал аялын сабамак болсо керек, көзүн ачпай туруп эле жанындагы бирөөнү ыргай таяктай катуу согончогу менен тээп калды.