Казат Акматов: Архат
Он биринчи бөлүм
Иши кылып, эмнеси болсо да Таро Дамеманын калкасына барганым ондой берди болду. О, кандай күчтү аял ыя? Менсиз биринди да полицая камай албайт деп кыйкырып атпайбы. О, кандай күчтүү аял. Анык Таро!»
Дей жыты саңырсаган өлүкканага жетип, андан соң солго бурулуп, шаардын «мүрзөсүн» көздөй бет алды. Мүрзө деген аты эле болбосо он чакты эле томпойгон боз топурак. Анын эки-үчөө Лхасалык мусулмандардыкы, бирөө орустуку, алтоо кытайлардыкы, анан кечээ коюлган Лама Цунун топтон алысыраак, тектирде турган жалгыз мүрзөсү.
Ошого жеткенде Дей тимеле ээгинен шорголоп кеткен терин тытык тумагы менен бир аарчыды да артын карады. Караса кууган эчким жок.
А Лама Цунун мүрзөсү болсо, теңир жалгап бүтүн эле тургансыйт. Эмнеси болсо да боз топурактын үстүнө Дей өзү тизип койгон кызыл таштар аман, ордунда өндөнөт.
Дей тектирди айланып мүрзөнүн аркы бетине барды эле жүрөгү шуу дей түштү. Мүрзө соооо эмес экен! Аркы бети казылып, топурагы эңшерилип, Дей өзү жасатып, быякка көтөрүшүп келген арча табыттын чекеси чыгып калыптыр. Дей Лама Цунун дал өзүн көргөндөй болуп тизелей калды. Колдорун өйдө кылайын десе титирейт.
«Лама-ата» деди анын ички сезимдери бакырып, «Сиз табытта барсызбы же жоксузбу?» Жооп болгон жок, бирок Лама Цунун табытта, өз ордунда, кадимкидей лотос порумун жазбай отурганын Дей сезди. Акырын табыттын чекесине колун тийгизди эле арча жыгач жылуу сыяктанды, «Анда ким минтип эңшерип салган мүрзөңүздү, Лама-ата?» Лама Цудан дагы да жооп болгон жок.
Дей жылаңач колдору менен бош топуракты кайра ордуна шилеп, таптап, мүрзөнүн ачылган жерин кайра жаап, ордунан турду. Кайрадан ээгинен суу шоргологонунан аарчыса тер эмес көз жашы экен. Өзүнүн көз жашын көргөндөн кийин Дейдин ого бетер мууну бошоп, алкымдары туз куйгандай ачышып кетти. «Лама-ата...»
Кайырчы Дей шаардын мүрзөсүнөн кайтып узаган кезде аны экинчи коркунуч алдынан күтүп чыкты. Ал коркунуч Таро Дамем-апасынын акыры айткан сөзү болчу. «Көрөм сенин кандай иштээринди. Мобул складдын ичин бүгүн таптаза мизилдетип чыкпасаң, эртең сага тамак да жок, түнөк да жок» деп жумуш тапшырган болчу башчы аял. Склад көрсө кайырчылардын быйыл кышта жата турган жайы экен. Чыкыроон түшүп калган кезде ичин тезинен тазалап, астына саман төшөп, жыртык тешигин бүтөп, какжыраган эски каалгасын бүгүн эртең менен ондошту руп чыгыш жаңы кайырчы Дейдин милдети болуп калган.
О, андан бери канча убакыт өтүп кетти? Кечикти Дей. Күн түш болоюн деп калган тура!
Складка жетип алып Дей жумушун чаңызгытып катуу баштады эле өпкөсү кысылып дем ала албай калды. Канча жылдан бери ээн калган складдын ичинин чаңы тимеле кере карыш. Шыпыргыны, кол күрөктү дагы башка ымыяан-чымыйандарын Таро Дамем-апа бирөөлөрдөн убактылуу сурап алдым деп аткан. Кокус бирин-жарымын сындырып албаса эле болду. «Сындырсам төлөтөт да» деп үнүн чыгара сүйлөп койду Дей.
Ошентип күүгүм киргенче жалгыз тыртактады эле Дамема ага бир аялды жи бериптир, карап кел кайда жоголду деп:
- Түшкү тамакка эмне келбедин ой бала? - деди жерден көзүн албаган ал аял.
- Жумушум бүтпөй атат, апа.
- Апа дебе, мен сендей эле жашмын. Эмне, көзүңө картаң көрүнүп турамбы?
- Жок. Дей дагы кандай тил угуп калам деп кооптонуп жооп берди.
- Мынакей ишенбесең! Кайырчы аял үстүндөгү самтыраган чапанын ачып туруп тирсейген эмчектерин Дейге көрсөтүп койду.
Андай шумдукту Дей биринчи көрүшү. Нечен ирет аркимден уккан, ушундай укмуш болот дегенди, бирок биринчи жолу өз көзү менен көрүшү. Мойну-башы, кулагына дейре кызарып туруп калды да, бирдеме айтайын десе тили күрмөлбөйт. Оозу ачылып, тиштерин ырсайткандан башка эчнерсе кыла албады. Аздан кийин анан эсине келди окшойт, аялга мындай деди:
- Дамем-апа мени жазалайбы же антпейби?
- Сага көзү түшүп калды ал мастандын. Билип кой, ал сенин энең менен тең
- Мага андай сөздөрдү айтпаңыз! Мен кечил монахмын! - деди Дей титиреңдеп.
Антсе, тигил кайырчы ха-ха-ха деп санын чабат:
- Көрөбүз кандай кечил экенсиң! Сен деген азыр эркин адамсың Биздин коом монастыр эмес сага. Бирок билип кой, менден жашты таба албайсың Менден сулууну да таба албайсың.