Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
- Кантип эле?
- Бере берет. Иши кылып ушул храмда бир жыл иштеп, жашасаң болду.
Адилет бейтаанышка ишенбегенсип туруп кеткиси келди.
-Шашылба, Адилет. Сенин жөнүн башка. Сен деген булардын чоңу болосун буюрса. Булардын эң чоңун Далай-лама деп коёт.
-Боло албайм, – деди Адилет ашыкча сөзгө бою тырчып.
- Эмнеге боло албайт экенсиң?! Мен го тил билбейм. Тибетке келип топозчу болуп алгам. Бирок чыдабай кеттим. Тоодо суук кышында элүү градуска жетет, ишенесиңби? Суукта өлө турган болгондо итти кучактап жатчумун. Ит мени аман алып калчу. Акыры бутумдун үч манжасы үшүп, чирип түшүп калды. Кулагым чала угат. Тиштерим бүт күбүлүп түшкөн.
-А эмне Кыргызстанга кетпейсиз?
- Туугандарым менен араздашып калгам. Алардан көрөкчө быякта өлгөнүм жакшы,
- Канча жаштасыз?
- Быйыл жыйырма тогуздун кырындамын.
- Тамакты ким берет сизге?
- Ашканадан берет. Бирок эт аз быякта. Ошого эмдигиче көнө албай жүрөм. Булар малды атайылап союшпайт. Өлгөн, житкен малдын гана этин жешет. Сен билесиңби ушуну?
- Билбейм. Бирок бизге да этти аз берет. Мен сагындым эт жегенди.
- Кантип сагынбай коёсуң! Кыргыз дегенди бычак берип этке кой деген. Атаң эле? Этти көп апкелчү беле?
- Атам...
Адилет саамга такала түшүп анан мындай деди:
- Атам да, апам да мал баккан фермерлер. Ал түгүл чочкобуз да бар.
- Жейсиңерби аны?!
- Жок, сатканга.
- Тфу, инендурайын! Кыргыздар эмне болуп кеткен, ыя?!
- Жебейбиз, байке!
Адилеттин оозуна биринчи ирет «байке» деген сөз келди.
- Болуптур эми. Бирок, и, дечи. Сен экөбүз эт жебесек өлүп калабыз, ошон үчүн мен бир эт табайын, бышырайын, ошондо сени конокко чакырам, келесиңби?
- Келем, -деди Адилет дароо.
- Анда эмесе эртең ушул жерден, ушул маалда жолугушалы.
- Эртең болбойт. Бүрсүгүнү.
- Эмне үчүн эртең болбойт?
-Эртең компьютердик сабагым жок...
***
Бир күн өткөндөн кийин эки кыргыз кайрадан жолугушту. Бу сапар асман ачык, күн жарык эле. Барласты бир карап алып, Адилеттин эси чыгып кетти. Тигинин беттери тамтыгы жок тырык экен, болгондо да бычактын издери дапдаана жатат. Бир көзүнүн ордунда оңурайган тешик!
- Коркпо, коркпо, Адилет, – деди Барлас алдын алып.
- Мен айтып берем бул тырыктардын баянын.
- Менин убактым аз, байке, — деди Мани Ясо Барластын жүзүнө тике карай албай. Ошентсе да бала бул чоочун кишинин мээр нурун байкады да, көңүлү тынчый түшкөнсүдү. Мээр нуру ачык, ак саргыл көрүндү көзүнө. Бирок картаң кишидей экен.
- Эт бышып, даяр турат, — деди аңгыча тигил киши.
Адилет Барласты ээрчип, ачылганда эле сорпо буркураган кичинекей кепеге кирди. Ичи өте ысык, бирок таза экен. Ортодогу темир мештин капталдары кызарып кетиптир. Үстүндөгү калай мискиде муштумдай эт кайнап атат.
- Бу топоздун эти. Өткөн базарда алгам. Отурсаң азыр сага сорпо куюп берем.
Экөө отуруп сорпо ичишти. Адилет көз кыйыгы менен үй ичин тегерете карап, болгону жүктүн алдынан бир сарала теринин бучкагы чыгып жатканын көрдү:
- Карышкырдын терисиби? - деп койду бала жөнсалды.
Барлас эңкейип терини бери тартып чыгарды:
- Илбирс. Бечара илбирс. Барлас ошентип коюп, ойлоно калды да, сөзүн улады.
-Адилет, иним. Мен сага шашканым мындай. Кайра элиме бара албайм. Эгер уксаң, мен башыман өткөн баянымды айтып берейин. Сенден башка айтар эч кимим жок. Быякка кыргыздан окумак түгүл турист да келбейт. Мындан үч жыл мурун Таштан деген бирөө келген экен, жолуга албай калдым.
- Ал менин агам болчу.
- Койчу?
- Чын эле. Ошол агам мени бул жакка окууга алып келген.
- Кайра келген жокпу?
-Жок.
- Каап, келсе балким жолугат белек. Кыскасы сенден башка бирөөнү эми жолуктурбайм го. Себеби аз күндө өлөм. Түшүмө үч жолу аян берди. Бир монахка айтсам, ачык эле «өлөсүң» деди. А булар өлүмдөн коркушпайт да, ачык эле айта беришет. Өздөрүнүн качан өлөөрүн да ачык айтышат. Ошон үчүн мен да сага ачыгын айтып атам. Сен эттен кесип жей бер, мен сүйлөп калайын,
«Мин тогуз жүз токсон бешинчи жылдын жазында мен Румынияга, Будапештке кикбоксинг боюнча Европанын чемпионатына бардым. Анда Кыргызстандын чемпиону болуп Борбор Азия кубогун эки жолу жеңип алган кезим. Будапеште кыргыздар тимеле кутуруп кеттик. Мен Европанын чемпиону болуп, дагы эки бала үчүнчү, бешинчи орунду алып, тимеле «кыргызское чудо» болуп жатып калдык. Мени менен финалга чыккан италиялык Умберто деген жигит эле. Ичи аябай ачышып калса керек, чемпионат бүткөндөн кийин Сан-Марино деген шаарга «эрежесиз мушташка» чакырып калды. Байгеси бир миллион доллар экен деп угуп алып, үчөөбүз тең тренерибизди алдап, бир жумага эс алып келебиз деген бойдон Италияга бардык.