Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
Оюн кара күүгүмгө дейре созулду. Бейкүнөө бирөөнү кургуйга түшүрүп ийип качып келгенден кийин Мани Ясо курбусу экөө футболчуларга кошулуп кетишкен. Эми аларды атайылап издеп келген киши да таба албас.
***
Окуунун экинчи жылында Мани Ясо Тибеттеги атактуу метафизик, окульттук билимдердин чоң устаты Лама Церендин карамагына которулду. Ансыз деле мурдагы мугалими Тилактын классында эки эле бала калган болчу. Төртөө сабактарына жетише албай чыгып кетишкен. Алты баланын атаманы Жавва Лама Цунун буйругу боюнча катарлаш класска которулуп, Мани Ясону болсо эки класс жогору аттатып, өзүнөн төрт жаш улуу балдарга кошуп салды.
- Сизди мактап жибергенден алысмын, уулум. Бирок биринчи өмүр деген адамга узакка берилбейт. Ошон үчүн көп несеге үлгүрүшүбүз керек. Алдыдагы бир жылда Лама Церендин классын ийгиликтүү өтсөңүз, траппа даражасына ээ болгондон кийин андан аркы билимди сиз экөөбүз чогуу аркалайбыз. Буга кандай дейсиз? Лама Цунун жадыраган мандайы Мани Ясону дайыма өзүнө тартып турар эле.
Анын үстүнө Таштан байкеси кеткенден кийин бул көп миң киши кыжылдаган храмда ал үчүн жакынсыган, боор эти тарткан жападан-жалгыз бир гана адам ушул Лама Цу болчу. Бир жылдагы камкордугу менен ал Мани Ясого атадай эле сезилип калган.
Андан кийин анын жардамчысы Дей. Өтө тирикарак Дей кожоюну Лама Цу сыяктуу эле кыргыз балага негедир ичи-койну жылуу, колунан келсе дайыма жакшылык кылат. Таштан агасынын ордун бул жерде Дей баскансыйт. Андан сырткары, балким Мани Ясонун эң негизги булжасыдыр, баланын байыркы Миларепанын реинкарнациясы деп табылышы болду. Тибет тарыхындагы эң жарык жылдыздардын бири болуп төрөлүш албетте жакшы, бирок Миларепанын ордун басыш өзүнөн-өзү боло койчу нерсе эмес экенин бардыгы билишчү, түшүнүшчү. Эгерде Мани Ясонун ордунда бир тибет баласы болгондо иш башка эле, ал эми капкайдагы бир кыргыз бала тибеттиктерге али ишеним туудура элек, туудураарын да кудай билет.
Ошондуктан Лама Цу жеке Мани Ясонун маселеси боюнча Потала ак сарайына, Далай-ламанын милдетин аткаруучуга чакырылган. Лама Цу Миларепа менен Адилет Нарбаевдин астрокартасын көтөрүп барып Далай-лама менен бир саатча аңгемелешип кайта келген. Бул барышты Мани Ясо, албетте билген жок, аны билип да кереги жок эле, себеби бул иш жеке тибеттиктердин көйгөйү болчу.
- Лама Цу, сиздин табылгаңыз, албетте баардыгыбыз үчүн чоң маселе. Ошондой болгондон кийин Мани Ясону окутуу, тарбиялоо иши жеке өзүңүзгө жүктөлөт.
Эгерде баланын үчүнчү көзүн ачкандан кийин ийгиликтери жакшы болсо мага сөзсүз кабар кылыңыз. Ошондо мен ал баланы кабыл алам. Эгер үчүнчү көз натыйжа бербесе, анда Миларепа жөнүндөгү сиздин табылга бүткүл лама илимине салакасын тийгизет.
Лама Цу Далай-ламанын катуу киши экенин жакшы билчү, эгер Мани Ясодон майнап чыкпаса, ал үчүн Цу өзүн өзү сөзсүз жазалаш керек...
Ошол каардуу келечекти алдын ала тастыктагансып эртеси күнү эле «Мани Ясону окутуу жана тарбиялоо милдети Лама Цуга жүктөлсүн» деген Далай-ламанын кагаз жүзүндө буйругу чыгып, Цунун айнек столунда жатып калган. Ошондой болсо да бул жылы Мани Ясо Лама Церендин классын басып өтүүгө милдеттүү эле.
***
Лама Церен өзү сөөгү таза, өңү кубакай, денеси арык, көп күлбөгөн, бирок ак ниети көзүнөн жанып турган киши экен. Биринчи эле сабакта ал Мани Ясону өзүнө тартып алды.
- Мен Кыргызстанда болгом. Силердин борбор шаарыңар Ташкент эмеспи, - деди ал балага үңүлүп.
- Жок. Биздин борбор Бишкек.
- Бишкек? Теңир урсун, мен Бишкек деген шаарды биринчи угушум. Демек силердин географияны билбейт экем да. Бирок силердин ала топучан, сайма чапанчан меймандос элди мен абдан жакшы эстеп калгам, досум.
-Алар өзбектер, – деди Мани Ясо күлүп. -Биз кыргыздар ак калпак кийебиз.
Экинчи жолу жаңылган Лама Церен кызарып кетти.
- Менин байыркы бабаларым да ак калпак кийген экен. Балким биз бир тууган чыгарбыз, – деп Лама Церен баланы ийнинен кучактап койду.
Мани Ясо Лама Церендин «теңир урсун», «ак калпак» деген сөздөрүнө маани бере алган жок. Ошон үчүн унчукпай күлүп турду. Дал ушул жерде байкеси Таштандын диссертациялык изденүүсүнө удул келип турганын да, албетте билген жок.