Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
- Эмесе, биздин сабакка киришүүдөн мурда былтыркы ийгиликтериңизди кайра бир текшерип көрбөйлүбү. Эстутум кабинетинде толук курс өттүңүз ээ? Мен ошол эле кечээ өзүңүз иштеген картотекалардан суроо берейин.
Лама Церен бир саат бою акырын, жумшак үнү менен Мани Ясону ары калчап, бери калчап алка-шалка түшүргөн соң суроолорун токтотту да, бир топко унчукпай ойлонуп отурду.
- Эстутум көнүгүүсүн быйыл да уланта бериңиз. Анын эч убакта зыяны тийбейт. Анткени биздин сабак метафизика өтө терең эске тутууну талап кылат. Анын үстүнө сиз алдыдагы бир жылда, үч жылдык программаны басып өтүшүңүз керек.
Лама Цу мага ушундай милдет койду. Албетте сизге мынчалык тездетилген терең билим берүүдө гипнозду колдонобуз. Сиз бул жөнүндө билсеңиз керек?
Мани Ясо билчү эмес, ошон үчүн ийнин куушуруп күлүп койду. Лама Церен андан ары сөзүн улады:
- Метафизика байыркы чыгыштын көөнө философиялык илими экенине көз жуумп коюшуп, еврочулдар аны Аристотелңден башталган дешет. Ал эми он тогузунчу кылымдын материалисттери метафизиканын дүйнө таануу методдорун таптакыр эле танып, аны диалектикага карама-каршы коюп коюушту. Дүйнө таанууда материалисттердин мунусу туура эмес жол экенинин сиз экөбүз сабактан-сабакка өткөн сайын далилдеп жүрүп отурабыз. Сиз мага жардамчы болосуз ээ?
Мани Ясо кайрадан жылмайып башын ийкеди. Анын ишенгени медитация кабинетиндеги бир жыл ичинде жетишкен тажрыйбасы эле. Ал азыр өзүнүн ой-жүгүртүүсүн башкара алат. Керек эмес ой-санааларды, чаржайыт эске түшкөн окуяларды, өзгөчө өз мекени Кыргызстандагы он жылдык өмүрүнүн бардык элестерин, ата-энеси, достору жөнүндө, ал түгүл биринчи сүйүүсү болгон татынакай кыз Шоолага байланышкан жашырын жүрөк сырларын, эч баа жеткис таттуу көз ирмемдерди бүтүндөй ич-дүйнөсүнөн өчүрүп салып, азыркы окуусуна керектүү гана маалыматты дилине сиңирип алууга үйрөнгөн. Ал азыр ошого даяр. Адамдын ички дүйнөсү чексиз ааламдын өзүнө окшош эмеспи - ал дайыма көңдөйлүктү, боштукту толтурууга умтулуп турат.
***
Күндөрдүн биринде Мани Ясо жаңы ачылган компьютердик класста тибеттик балдарга компьютерден сабак берип келе жатып, кууш жолдо алдынан торой чыккан кишиден буйтай албай туруп калды.
-Саломалейкум, кыргыз бала. Мен да кыргызмын. Коркпой колуңду бере бер, – деди күүгүмдө бети чала көрүнгөн бейтааныш Мани Ясого колун сунуп. Мани Ясонун бүткөн бою дүр дей түшүп, аргасыз колун сунду. Мани Ясого кишинин колу эмес эле аттын туягын кармаган сыяктуу сезим калды. Бирок бала унчуккан жок.
- Кыргыз болгон соң сен экөөбүз тууганбыз да. Убактың болсо сүйлөшөлү. Атың ким?
- Мани Ясо.
- Жо, өз атыңчы. Кыргыз атың?
- Адилет.
- И, ошондой дебейсиңби, кичинекей тууганым! Менин атым Барлас.
- Кел, дагы кол алышып коёлу.
- Мани Ясо колун дагы берди. Аңгыча Барлас өспүрүмдү бери тартып, жерде жаткан эки чоң мүшөктүн бирине отурууну сунуш кылды.
- Мен ашканага отун ташыйм. Бул тезек, — деп койду Барлас алдындагы мүшөктү чаап. Топоздун тезеги таш көмүрдөй эле күчтүү болот экен кысталак.
Сени ашканага барганда эки жолу көрдүм. Бирок жаныңа барууга болбойт да. Нары далдаада монах - полицай турат. Силерге көрүнбөйт.
- Мен бир жолу ушул тезектерди жаккам, – деди Адилет бул жакка келгени биринчи жолу кыргызча сүйлөп. Бирок жыты өлгүдөй сасык болот экен.
- Сасык эмес, ачуу десең Күчтүү да. Мен ашканага күнүнө он беш мүшөк ташыйм. Ошол жетет. Таш көмүр деле ошончо кетмек.
- Сиз быякка качан келдиңиз?
- Эки жылча болду. Бирок мени көрдүм деп эч кимге айтпа. Элимдир жеримди сагындым. Ошон үчүн чыдабай сага жолугуп атпаймбы.
Адилет бул сырдуу кишиге эмне сөз айтаарын билбей калды. Барластын денесинен, өзү айткандай, тезектин ачуу жыты уруп турду, бирок көздөрү, өңү-башы күүгүмгө төнүп көрүнбөйт.
-Сенин атагыңды бул жердегилер бүт билишет. «Кыргыз» деп аташат сыртынан. Себеби жалгыз кыргыз сенсиң Мени болсо өзүмдүн чоңуман башка эч ким тааныбайт. Быйыл мага да монах деген наам беришти. Мен да монахмын!
Барлас баш бармагы менен көкүрөгүн түртүп койду.
- Окудуңузбу?
- Окубасаң деле берет.